Ислам дини » Аалымдардын сукбаттары » Алар силердин досуңар боло албайт




Алар силердин досуңар боло албайт


               - Чыныгы ыйманга ээ болуу үчүн пардарды адеп менен кылуу, адал тамак жеш, арамдан сактануу жана буларды өлгөнгө чейин улантуу керек.

               - Көптөгөн жамандыктын ачкычы – ачуулануу.

               - Жумшактык – сүр жана оор басырыктуулук. Ачуулануу болсо оройлукка, катуулукка жол ачат.

               - Башка бирөөнө жүк болгон адам адамдардын көзүндө төмөндөйт, кадыры калбай.

               - Аткарылбаган жана орундалбаган сөздө жакшылык жок.

               - Даанышмандык он бөлүк. Мунун тогусу - унчупоо.

               - Намаз окуу, Куран окуу, дин илимдерин үйрөтүү жана үйрөнүү – зикир. Ар бир жакшы иш – зикир.

               - Момунда ыклас жана өкүнүү бар болсо Аллаху таала анын бардык күнөөлөрүн кечирет.

               - Душмандарыңар менен отуруп-турган адам силердин досуңар боло албайт.

               - Төрт нерсе ибадаттан: Дааратсыз жүрбөө, көп сажда кылуу, көңүлү мечитте болуу жана Курани карим көп окуу.

               - Өзүнө парз болгон илимди үйрөнүү бүткүл табыштардан жакшы. Бардык адамдар үчүн илим үйрөнүүдөн да жакшы нерсе жок.

               - Дини бүтүн жана оор басырыктуу болгула. Себеби, мындай болгон адам жаман, акылга сыйбаган нерселерден алыс турат.

               - Оозуңа даам салган адам менен желкеңе камчы салган адамдын арасында ажырым көрсөң ыйманың кемелге жете элек экенин билдирет.

               - Эң жакшы насаат – сени Аллаху таалага умтулканы.

               - Шүгүр – бүткүл жакшылыктардын Аллаху тааладан келгендигин түшүнүү.

               - Ибрахим алейхиссаламдын атагы Хак тааланын душмандарынан алыс болгондугун үчүн бийик болгон.

               - Аллах сүйүүсү – бардык жакшылык жана үстөмдүктүн негизи.

               - Ким Жаннатты сүйсө Жаханнамдан качат.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш