Ислам дини » Аалымдардын маектери » Көңүл ооруларынын эң кооптуусу – бузук ишеним




Көңүл ооруларынын эң кооптуусу – бузук ишеним


Бузук ишеним (итикад, акыйда), тактап айтканда, бидат көңүл ооруларынын эң кооптуусу. Өзгөчө заманыбызда мусулмандардын көбү бул жаман ооруга чалдыгышкан. Сезүү органдары менен билинбеген, эсеп менен жетүүгө мүмкүн болбогон нерселерде акыл жүгүртүү адам баласын ушул ооруга жетелейт...

Акыл жетпеген жана жаңылган нерселерде акылга баш ийүү менен кыймылдоо жахилдик болот. Мындайларды ээрчүү, аларды таклид кылуу акыретте өтө чоң азаптарга себеп болот...

Албетте, адам өз акылы менен бул өтө назик билимдерди табуусу мүмкүн эмес. Ар ким өз акылы менен бул билимдерди табууга аракет кылса, жер бетиндеги адам саны канча болсо ошончолук бузук ой-пикир, ишеним пайда болот. Ар кимдин ой-пикири, түшүнүгү бирдей эмес. Атүгүл дүнүйөлүк маселелерде дагы адамдар башка-башка ой жүгүртүшүүдө. Дүнүйө иштеринде ушундай болуп турса анда акыл жетпеген акырет билимдеринде туураны табуу мүмкүн боло алабы?

Андай болсо, ишенген ар бир мусулмандын кылуусу керек болгон нерсе өз акылын ортого салбастан чыныгы Ислам аалымдарынын билдиргендерине таби болуу (моюн сунуу). Алар ыймандын кандай болуусу керек экендигин билдиришкен. Туурасы дагы мына ушу.

Пайгамбарыбыз (алейхиссалам) жана Асхабынын ишенимдерин (итикаддарын) туура аныктап бизге билдирген бир гана Ахли сүннөт аалымдары болгон. Ансыз да мен «Ахли сүннөт ишениминдемин»дегендик «Алар кандай ишенишкен болсо мен дагы ошолордой ишендим» дегендик болуп саналат. Туура ишеним өтө маанилүү. Себеби, кылынган бүткүл ибадаттар ушуга көз каранды. Ишеними бузук болгон адамдын кылган бардык ибадаттары өтүмсүз, кабыл кылынбайт. Кылган ибадаттары аны жаханнам отунан куткара албайт.

Демек, алгач туура ишенимге ээ болуу керек болот. Жетимиш үч фырканын бир гана кутулганы – Ахли сүннөт ишенимине ээ болгондор. Калган жетимиш экиси адашкан фырка. Жетимиш үч «алтын»дын ичинде «чыныгы» болгону мына ушул. Калгандары жасалма!..

Аллаху таала мусулмандардан Пайгамбарыбыз алейхиссаламдын жана Асхабынын ишенгендигиндей ыйман келтирүүлөрүн каалоодо.

Сүйүктүү Пайгамбарыбыз (алейхиссалам) кайтыш болгондо адамдар диндерин Асхабы кирамдан (алейхимуррыдван) үйрөнүштү. Бардыгы бирдей ыйманды, Ахли сүннөт ишенимин өздөрүнөн эч бир нерсе кошпостон, аралаштырбастан Расулуллах алейхиссаламдан кандай үйрөнгөн болушса дал ошондой накыл кылышты.

Мазхаб имамдарыбыз, Силсилеи алиййа устаздарыбыз жана калган улуу аалымдарыбыз бул таза жана туура ыйманды китеп кылып жазып, бизге өткөрүштү. Бул улууларыбызга канча дуба кылсак аздык кылат. Аларга тийиштүү болгон китептерди көп окуубуз жана алар көрсөткөн жолдо жүрүүгө аракет кылуубуз керек.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш