Ислам дини » Аалымдардын сукбаттары » Момундун бир гана максаты бар




Момундун бир гана максаты бар


*Момундун бир гана максаты бар, ал – акыркы демде ыйман менен өлүү. Бул максатта алпуруштан башка нерселерди алпуруш кылып тандап лган адамдарды Аллаху таала эч бир заман алпуруштан куткарбайт. Жамгыр сыяктуу үстүнө жаайт.

*Кыяматта ар ким ыйлайт, бирок, Аллах коркуусунан ыйлаган адам кыяматта ыйлабайт.

*Имам Газали хазреттери өтө жаш кезде көз жумган, өмүрүнүн ар бир күнүнө жазган эмгегинен 18 бет туура келет. Кайтыш болордо соңку насаатын сурашканда: «Ихлас, ихлас, ихлас...», - деген эле.

*Сууну көрүп турасыңар, сууну жактырбаган жан жок. Баары колдонот жана сүйөт, мусулман да, мусулман эмес да, жаныбарлар да. Мусулман дагы суу сыяктуу болуусу керек, ар ким тарабынан изделген жана сүйүлгөн.

*Эч ким эч кимдин ырыскысын жей албайт, өз ырыскысын жеп бүтүрбөстөн эч ким өлбөйт. Ушундай акыйкат чындык бар болуп туруп ырыскыдан шек саноо, тынчсыздануу бекерге.

*Дүнүйөдө көгүчкөн уясынчалык мечит жасатканга акыретте сарайлар берилет.

*Адам баласы каерде болсо болсун дем аз-аздан өтүүдө. Бул өмүрдө токтото албайсыңар. Бул агып жаткан өмүрдүн акыретке пайдасы болсуу керек. Эгер бир адамдын ниети дүнүйөлүк болсун, акыреттик болсун кайсы иште болсо болсун Аллахтын ыраазылыгы болсо, бул адамдын дүнүйөсү да акырет, акырети да акырет. Эгер ниети Аллаху тааланын ыраазылыгы эмес болсо, өлгөндөн кийинкиси эмес болсо, дүнүйөсү да дүнүйө, акырети да дүнүйө. Башкача айтканда, канчалык ибадат кылса кылсын эгер анын ниети Аллаху тааланын ыраазылыгы эмес болсо өлгөндө баары бул жерде калат, тиги тарапка эч нерсе барбайт.

*Жолунан адашкан бир мусулманды туура жолго буруу он капырдын ыйманга келүүсүнөн да сооп.

*Мушриктердин ыйман келтирбөөлөрүнүн эки себеби бар, текебердик жана өжөрлүк.

*Текебердик адамды күфүргө чейин жетелеген бир жол. Текебердик ар түрдүү жакшылыкка кедерги.

*Бардык нерсенин бир белгиси бар. Туулуу – өлүүнүн белгиси. Убакыт өтө баалуу.

*Бир ууру уулуна өзү жасаган уурулуктарын айтып жатып мындай деген экен: «Кара, мобул аттын үстүндө отурган адамдын атын 40 жолу уурдадым, бирок, мен дагы эле төмөндөмүн, ал болсо дагы эле аттын үстүндө.»

*Мусулмандын ар сүйлөгөнү туура болуусу керек, бирок, ар туура болгонду сүйлөбөөсү керек. Себеби, тууралар аманат, аманат аны сактаганга берилет.

*Бир гана оң маанайда сүйлөгүлө, эч качан терс маанайда сүйлөбөгүлө, жыгыласың дебегиле, иншаллах жакшы болосуң дегиле, ооруйсуң дебегиле.

*Бир улуу заттан сурашат: «Кээ бир мусулмандар ушунчалык жаман жашап, ошончолук жакшы өлүшөт, эмнеликтен?» Жообунда: «Башкалар аларды ошончолук гыйбат кылып, күнөөлөрдү жүктөнүшөт, алар болсо күнөөсүз абалга келишүүдө», - дейт.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш