Ислам дини » Халал-Харам » Бисмиллах сөзү




Бисмиллах сөзү


Суроо: Бисмиллах сөзүн айтуунун өкүмү кандай?

Жооп

Айтылган ордуна карай бисмиллахтын өкүмү өзгөрөт. Мисалы:

Фарз болгон жерлер: Малды мууздап жатканда бисмиллахты айтуу фарз. Бисмиллах айтылбай мууздалган малдын этин жеш харам.

Важиб болгон жерлер: Намаздын сыртында Фатиха окууну баштардын алдында бисмиллахты айтуу важиб. Шафии мазхабында болсо ар дайым Фатиха окууну баштардын алдында бисмиллахты айтуу фарз болуп саналат.

Сүннөт болгон жерлер: Намазда ар бир рекетте Фатихадан мурда, гусул алуудан мурда жана даараттын алдында, жеп-ичүүнүн алдында, кат жазып жатканда жана бардык пайдалуу иштердин башында бисмиллахты айтуу сүннөт. Намаздын сыртында Фатихадан башка сүрө окуп жатканда дагы бисмиллахты айтуу сүннөт болуп саналат.

Мустахаб болгон жерлер: Намазда, Фатиха менен замм-ы сүрөнүн арасында бисмиллахты айтуу жаиз жана мустахаб болот.

Мубах болгон жерлер: Басуунун, отуруунун, туруунун алдында жана ар мубах ишти баштап жатканда бисмиллахты айтуу мубах.

Макрух болгон жерлер: Аврат жерин ачып жатканда, нажасат бар болгон жерге кирип жатканда, "Бэраэ” сүрөсүн мурдагы сүрөгө кошуп окуп жатканда, тамеки тартуу жана ушул сыяктуу жаман жыттуу болгон мисалы, пияз, сарымсак сыяктуу нерселерди жештин алдында жана сакал алып жатканда бисмиллахты айтуу макрух.

Харам болгон жерлер: Харам иш кылып жатканда бисмиллахты айтуу харам болуп саналат. Харам экенин билип туруп кылса харам болот, харамга маани бербей же халал деп эсептеп кылса куфур болот.

Куфур болгон жерлер: Өзү харам болгон, мисалы, арак ичүү, зина кылуу, чочконун этин жеш сыяктуу харам болгон нерселерди баштап жатканда бисмиллахты айтуу куфур болот. Бул жерде харамды халал деп эсептегени үчүн же харамга көңүл бурбаганы үчүн куфур болууда.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш