Ислам дини » Халал-Харам » Сүрөтү бар нерселерди колдонуу




Сүрөтү бар нерселерди колдонуу


Суроо: Атабыздын же устазыбыздын сүрөттөрүн дубалга илүү ылайыктуубу?

Жооп: Ылайыктуу эмес. Үч зыяны бар:

Биринчиси, адамдын же жаныбардын сүрөтүн белден жогору илүү харам. Өсүмдүк же жансыз нерселердин сүрөтүн илүүнүн зыяны жок.

Экинчиси, жандуулардын сүрөтү бар бөлмөгө ырайым периштелери кирбейт. Сүрөтү бар гезит болсо дагы кирбейт. Гезитти окуп бүткөн соң жабык бир жерге коюу керек! Ар түрдүү сүрөттөрдү альбомдо сактоо керек. Сүрөттөр жабык жерде болсо ырайым периштелери кирет.

Үчүнчүсү, дубалда сүрөт болгон бөлмөдө намаз окуу макрух болот.

Суроо: Аркадан тартылган сүрөттү дубалга илүү жаизби?

Жооп: Жаиз, намазга зыяны болбойт.

Суроо: Намазды макрух кылбаган сүрөтү бар бөлмөгө ырайым периштелери киреби?

Жооп: Ооба, кирет. Анткени, сүрөт өкүмүнө жатпайт.

Суроо: Өсүмдүктөрдүн сүрөтүн эмес адам жана жаныбарлардын сүрөттөрүн дубалга илүү арам деп айтылууда. Дубалга илбестен столдун үстүнө койсо ылайыктуу болобу?

Жооп: Белден жогору болсо дагы арам болот. Белден төмөн бир жерде турса арам болбойт, бирок, ачык жерде болгондугу үчүн ал үйгө ырайым периштелери кирбейт. Жабык жерде, мисалы, альбомдо болууга тийиш. 

Бейт бөлмө дегендик

Суроо: Бир хадисте сүрөт бар болгон үйгө ырайым периштелеринин кирбей тургандыгы билдирилүүдө. Үйдүн бир бөлмөсүндө сүрөт бар болсо башка бөлмөлөргө ырайым периштелери кирбейби?

Жооп: Бул жерде бейт үй эмес, бөлмө дегенди билдирет. Ошондуктан, башка бөлмөлөргө кирет. Бейт жалпысынан бөлмө деген мааниде колдонулат. Бир нече мисал келтирели:

1 – Бейтуллах: Аллахтын үйү, башкача айтканда, Кааба. Бир бөлмө түрүндө.

2 – Бейт-и макдис (мукаддас)Акса Мечити.

3 – Бейт-и атик: Кааба-и муаззама.

4 – Бейтулмал: Казына бөлмөсү.

5 – Бейт-ул анкабут: Жөргөмүчтүн үйү, уясы, жөргөмүчтүн желеси.

6 – Бейт-уз-зифаф: Жаңы үйлөнгөндөрдүн бөлмөсү (көшөгөсү). Муну жаңы үйлөнгөндөрдүн үйү деп которуу жаңылыш болот. Көшөгөгө бир бөлмөдө кирилет. Үйдүн бардык бөлмөлөрүнө жаңы үйлөнгөндөрдүн бөлмөсү деп айтылбайт.   

7 – Бейт-ул аруз: Келинчектин бөлмөсү.

8 – Бейт-ул адеп: Муктаждыкты кетирүүчү бөлмө, ажаткана. Бейт-ул-рахати деп дагы аталат. Үй эмес, бөлмө. Илгери даараткана деп аталчу, даарат үйү деген маанини билдирчү. Кана, башкача айтканда, үй деп аталса да бир бөлмөлүү кичинекей бир жер.

9 – Бейт-ул хала: Үйдөгү бош жер, башкача айтканда, туалет.

10 – Сөздүктөрдө даар сөзү жай, орун, жер деп билдирилет. Факих аалымдар болсо даар сөзүн ичинде бир канча бейти (бөлмөсү) жана короосу бар болгон жер деп билдиришет.

Ошондуктан, "Сүрөт бар болгон бейтке ырайым периштелери кирбейт” хадиси шарифиндеги бейт сөзүн үй эмес бөлмө деп тушүнүү керек. Эгер жаңылыштык менен үй делсе, үй беш бөлмөлүү да болсо ал жерге ырайым периштелери кирбейт. Жада калса, көп кабаттуу турак жайлардагы башка үйлөргө да кирбейт. Бөлмөлөр өзүнчө болгондуктан үйлөр да өзүнчө. Андай болсо, бир бөлмөдө сүрөт бар боло турган болсо көп кабаттуу турак жай жана бөлмөлөргө ырайым периштелери кирбейт. Жада калса, дубалы бири-бирине тийип турган көп кабаттуу үйлөргө да кирбейт. Минтип ойлоо чоң жаңылыштык болот. Ар бир бөлмө өзүнчө. Бир үйдүн бөлмөсү туалет болгондой, башка бөлмөсү да мечит боло алат.

Сүрөткө таазим кылуу

Суроо: Бир сүрөткө таазим кылуу кээде арам, кээде күфүр болот деп айтылууда. Таазим кылуу дегени эмне?

Жооп: Бир сүрөттү белден жогору илүү ага урмат болуп эсептелет жана арам. Бир адамдын сүрөтүнө таазим кылуу эки себептен улам болот:

1 – Устазынын, атасынын, башчысынын, олуянын сүрөтү болгондуктан урмат кылат. Ал кишиде илахлык (кудайлык) сыпаттарынан, башкача айтканда, Аллаху таалага таандык болгон сыпаттардын биринин бар экендигине ишенбейт. Аны макулук деп билет. Аны сүйгөндүгүн билдирүү же аны кубантуу үчүн урмат кылат. Ушинтип урматтоо күфүр болбосо да, харам болот. Мусулман эместердин сүрөттөрүнө ушинтип таазим кылуу күфүр болот.

2 – Сүрөттөгү адамда же от, күн, уй сыяктуу кандайдыр бир нерседе же крестте кудайлык сыпаты бар деп ишенип, каалаганын жаратат, каалаганын жасайт деп таазим кылуу күфүр жана ширк болот. 

Аң жаныбарын кооздук үчүн колдонуу

Суроо: Аң жаныбарларынын ичин толтуруп, манекен катары кооздук үчүн колдонуу жаизби?

Жооп: Жаиз эмес. Сүрөттөн да жаманыраак болот. 

Сүрөт жана фотосүрөт

Суроо: Бир зарылдык пайда болмоюнча адамдын же жаныбардын сүрөтү тартылбайт. Бирок, фотосүрөт жаиз болгондуктан ачык жерде фотосүрөт сактоо, жогору жерге илүү жаиз болбойбу?

Жооп: Сүрөт тартуу менен фотосүрөттүн өкүмү бөлөкчө болсо да, сүрөт сыяктуу фотосүрөттү дагы жогору жерге илүү жаиз эмес. Ачык жерде фотосүрөт болгон бөлмөгө да ырайым периштелери кирбейт. 

Жабык жерде сүрөт сактоо

Суроо: Бир баянда айтылат. Ырайым периштелери олуя бир затка: "Килемдин алдында сүрөттөр бар болуп туруп кайтыш болгондун жанына кирбейбиз”, - деп айтышыптыр. Сүрөттөрдү жабык жерлерде сактоо дагы жаиз эмеспи?

Жооп: Баяндардан өкүм чыгаруу жаңылыштыкка себеп болушу мүмкүн. Сүрөттөрдү жабык жерлерде, үстүн жаап коюп сактоо жаиз. Намазды да макрух кылбайт. (Хадика) 

Дубалга килем илүү

Суроо: Дубалга ар түрдүү килемдерди илүү жаизби?

Жооп: Дубалга суукка каршы жүн же жибек килем илүү жаиз. Зыйнат, башкача айтканда, кооздук үчүн болсо макрух болот. Жандуулардын сүрөтү бар болсо харам болот. 

Дубалга сүрөт илген адам

Суроо: Үйүнүн дубалдарында адамдын же жаныбардын сүрөтү бар болгон адам бизди тамакка чакырса баруу ылайыктуу болобу?

Жооп: Дубалында адамдын же жаныбардын сүрөтү бар болгон үйгө зарылдыксыз барылбайт. (Ихйа-ул-улум)

Дубалга сүрөт илүү

Суроо: Адамдын  же жаныбардын сүрөтү илинген бөлмөгө ырайым периштелеринин кирбей турганын жана ошол бөлмөдө окулган намаздын макрух экендигин билебиз. Бирок, сый-урмат кылбоо шарты менен намаз окулбаган же туруктуу жашалбаган бир бөлмөгө, мисалы, ашкананын же мончонун дубалына жандуулардын сүрөтүн илүү жаиз болбойбу? 

Жооп: Жок, жаиз болбойт. Ансыз деле жогору жерге илүү сый-урмат дегендик. Жандуулардын сүрөтүн белден жогору илүү ал сүрөткө сый-урмат болуп эсептелип, харам болот.

Мубарек заттардын сүрөттөрүн жогору жерлерге илүү харам болгондугу сыяктуу эле төмөн жерлерге койуу да арам(С. Абадиййа)

Жогору жерлерге илүү жандуулардын сүрөтүнө урмат боло тургандыктан төмөн жерлерге койуу да ал заттарга акарат болуп, арам болот. Жабык жерлерде, альбом сыяктуу нерселердин ичинде сакташ керек. 

Суроо: Жүзаарчы, акча жана ушуларга окшош нерселердин үстүндө жандуулардын сүрөттөрү болот. Ушундай сүрөттөр бар болгон нерселерди колдонуунун, сактоонун динибизде өкүмү кандай?

Жооп: Ибни Хажар Хийтами Мекки хазреттери маселеге байланыштуу фатвасында төмөндөгүчө баяндайт:

"Жүзаарчы, акча сыяктуу нерселердин үстүндө жандуулардын сүрөтүнүн болуусунун зыяны жок. Анткени, жандуулардын сүрөтүн сый-урматка себеп боло турган жерлерде колдонуу жаиз эмес, сый-урмат кылынбаган жерлерде колдонуу жаиз.”

Ошондуктан, жерде жана жерге жайылган нерселерде, жаздык, килем, жүзаарчы, акча, маркалардын үстүндө жана чөнтөк, сумка, шкаф сыяктуу жабык жерлерде жана кийимдердин киндиктен ылдый бөлүктөрүндө жандуулардын сүрөттөрүнүн болуусу жаиз болуп, киндиктен жогоруда болуусу, илинүүсү харам. Аялдардын сүрөттөрүн  жана аврат жерлери ачык сүрөттөрдү кумарсыз да болсо ар жерде колдонуу жана аларга кумарланып кароо харам  


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш