Ислам дини » Адал жана арамдар » Күмөндүү азыктарды жеш




Күмөндүү азыктарды жеш


Суроо: Чочко майы же алкоголудуу болуу күмөнү бар азыктарды жана кантип союлгандыгы билинбеген эттерди жегенден сактануу такыбаалык болбойбу?

ЖООП

Такыбаа болбойт, васваса болот, күнөө болот. Хазрети Омардын «Биз харамга түшүү коркунучу менен халалдардын ондо тогузунан сактандык» деген сөзү бул маселелердин сыртындагы харамдар үчүн.

Имам Газали хазреттери мындай деген: «Харам болуу күмөнү бар нерселерден дагы сактануу керек, себеби, хадиси шарифте: «Күмөндүүлөрдөн сактанган адам динин, намысын коргогон болот. Күмөндүүлөрдү айланчыктаган адам харамга түшүшү мүмкүн»делген, бирок, желчү, ичилчү нерселерде күмөндөнүп, аны жебестик такыбаа эмес васваса болот. [Балким, ал харам, бирок, биз билбегендигибиз үчүн күнөө болгон жок.] «Харам экендиги билинбегендерди жебегиле» деп буюрган жок. Себеби, муну аныктоо мүмкүн эмес. Динибиз издештирүүнү буйрук кылбагандыгы үчүн Расулуллах алейхиссалам бир мушриктин, Хазрети Омар дагы бир христиандын, [балким нажис болгон] идишинен даарат алган. Асхабы кирам мусулман эместер берген сууларды ичип, алар саткан эт, сыр сыяктуу азыктарды алышчу. Бирок, кир, нажис болгон нерселерди жеш харам. Капырлар болсо көбүнчө кир болот. Колдору, идиш-аяктары шараптуу болот. Жаныбарды Бисмилласыз союшат. Асхабы кирам буларга карабай нажис экендигин анык билбегендиктен васваса кылбай, бул түр азыктарды жешчү.» (Ихйа)

Имам Касталани хазреттери мындай деген: «Пайгамбарыбыз алейхиссалам Хайберде асхабы кирам менен бир яхудинин уулуу кебабынан бир үзүм жегенден кийин: «Бул эт мага уулуу экендигин айтты», - деп, башка жеген жок жана акыркы ооруганында: «Хайберде жеген уулуу эттин оорусун алиге чейин сезип турам», - деди.» [Мавахиб]

Расулуллах алейхиссалам бул яхудинин нанын жана сары майлуу тамагын тазабы деп сурабастан жеди. Бул чочконун майыбы, койдун майыбы, нандын камыры суу менен жуурулганбы же шарап менен жуурулганбы деп сурабады. Мушрик аялдын суу идишинен даарат алды. Булар изилдөөнүн керек эмес экендигине бирден далил болуп саналат. (Барика)

Имам Раббани хазреттери мындай деген: «Капырлардын денелери эмес ишенимдери кир. Курани каримде: «Ахли китептин (яхуди жана христиандын) бышыргандарын (жана сойгондорун) жеш халал», - деп буюрулду». (Маида 5)

«Капырлар менен алышып-беришкен мусулмандарды кир деп билбеш керек, булардын ичкен жана жегендеринен сактанбоо керек! Капырлар жеген жана ичкендеринен сактануу эмес, бул абалдан кутулуу этияттык болот.» (3/22)

Капырлар азыктарыбызга нажасат кошо ала тургандыктарындай эле уу да кошо алуулары мүмкүн. Чындыгында, яхуди тамакка уу кошкон. Пайгамбарыбыз болсо изилдебестен ал тамакты жеген. Себеби, нажис экендиги билинбеген нерселерди жеш такыбаа эмес васваса болот. Динибиз болсо васвасадан качууну буюрууда. (Хадика)

Бир нерседе негизгиси – тазалык. Ал нерсе шек менен нажис деп кабылданбайт. Бул үчүн нажиспи деп издештирүү керек эмес. Амр бин Ас хазреттери хавуздун (көлмө) ээсинен: «Сенин көлмөңө жаныбар (айбан) келеби?» деп сураганда, ал жерде турган Хазрети Омар көлмөнүн ээси жооп берүүсүнө орун бербестен: «Айтпа!» - деди. Буга караганда коноктун үй ээсине сыйлык кылып берген тамактын нажис болуп-болбогондугун суроосу жаиз эмес. (Нимат-и Ислам)

Динибизде «Бир нерсенин халал болуусу үчүн далил изделбейт, харам болуусу үчүн далил изделет» деген эреже бар. Нажис экендигине бир далил табылбаса таза деп кабылданат. (Усул-и Паздави)

Маргарин, колбаса, суусундук жана калган азыктардын ичине нажасат кошулса, бирок, кошулгандыгы билинбесе жесе жаиз болот. Билүү жеке өзү көрүү менен же ишенимдүү бир мусулмандардын нажасат кошулгандыгын биз көрдүк деп айтуулары менен түшүнүлөт. Кошулат экен деп айтуу менен харам болбойт. (Ашбах)

Самындарга да чочко майы кошулушу мүмкүн. Бирок, нажасаттуу май жана чочко майы самын кылынганда, шарап уксуска айланганда таза болот. Бардык химиялык өзгөрүүлөр мына ушундай. (Тахтави)

Азык заттарда хила (куулук) кылынышы мүмкүн. Фабрикада ичине түркүн нажасаттар кошулушу мүмкүн. Же байкабастыктын айынан нажасат кошулуп кетиши мүмкүн. Варениянын, сироптун ичине чычкан түшүп өлүп калышы мүмкүн. Өндүрүүчү казанды төкпөшү мүмкүн. Суусундуктарга кошулган эфир майлары алкоголдо эритилиши мүмкүн. Ушул сыяктуу түркүн нажасат аралашып кетүүсү мүмкүн. Бирок, ичинде нажасат бар экендиги анык белгилүү болбогон бардык азык заттары таза деп кабылданат, желүүсү күнөө болбойт. (Тахрир)      

Азыктарда жана Е тизмедеги кошулма заттарда чочко тектүү май, эт жазылбаган болсо анын желүүсүндө зыян жок, жазса желбейт.

Нажис болуу ыктымалы

Суроо: Базардагы кандайдыр бир азыктын нажис болуу ыктымалы бар болгондуктан сактанып жебесе жаизби?

ЖООП

Нажис экендиги анык белинбесе сактануу, васваса кылуу куру иш жана зыян болот. (К.Саадат)

Суроо: Чочко майы же алкогол бар болуу ыктымалы болгон азыктарды жесе жаиз болобу?

ЖООП

Ыктымал үстүнө чечим чыгаруу жаңылыш болот. Динибиз: «Бир нерсенин халал болуусу үчүн далил изделбейт, харам болуусу үчүн далил изделет», - дейт. Нажис болгон бир нерсеге катыштуу бир далил табылбаса таза деп кабылданат.

Фасык жана күбөлүк

Суроо: Мусулман эмес бири, фасык же бидатчы бири бир азыкты нажис десе анын сөзү кабыл кылынабы?

ЖООП

Жок, мусулман эмес, фасык же бидатчы болгон бирөөнүн дин иштериндеги сөзү кабыл кылынбайт. Туура түрдө Аллаху акбар деп окулган азаны дагы кабыл кылынбайт, кайрадан окулуусу керек болууда.

Дин иштеринде адил болгон бир мусулмандын сөзү кабыл кылынат. Фасык болгондун көрсөтүүсүнө, таза, нажис, халал, харам сыяктуу динден болгон нерселер үчүн айткан сөздөрүнө этибар кылынбайт. (Радд-ул-мухтар)

Бидатчылар ахли кыбыла болуп, ар ибадатты кылышса дагы адил эмес. (Хадика)

Демек, ар кимдин күбөлүгү өтпөйт. Ахли сүннөт дагы болуусу керек, фасык дагы болбоосу керек. Мусулман эмес, фасык же бидатчы анализ кылып, отчет даярдаса да, далил документ көрсөтсө да дин иштеринде сөзү, күбөлүгү өтпөйт. Калган иштерде болсо булардын сөздөрүнө ишенүү жаиз.

Шектүүдөн качуу

Суроо: Чочко майы же алкогол болуу шеги бар азыктарды жана кантип союлгандыгы билинбеген эттерди жештен сактануу такыбаа болбойбу?

ЖООП

Такыбаа болбойт, васваса болот. Хазрети Омардын «Биз харам түшүү коркуусу менен халалдардын ондо тогузунан сактандык» деген сөзү бул маселенин сыртындагы харамдар үчүн.

Фасыктарга ишенилбейт

Суроо: Фасык биринин туура айткандыгына ишенген диний маселелердеги сөздөрүнө этибар кылууга болбойбу? Мисалы, базардагы азыктар жана суусундуктар тууралуу айткандары өтөбү?

ЖООП

Туура айтса да анын сөзү далил деп кабыл кылынбайт. Мисалы, «Кыбыла бул тарап», «Бул азык таза, бул азык нажис» же «Бул харам, бул халал» десе жана бул айтканы туура да болсо азан окуусу сыяктуу өтпөйт. Сураган адам өзү издештирип, түшүнгөндүгүнө уйуусу керек. (Мизан-ул-Кубра)

Фасык азан окуп жатканда «Аллаху акбар» деп айтууда. Тактап айтканда, «Аллах улуу» деп айтууда. Жалган айтып жаткан жок. Бирок, фасык болгондугу үчүн ал окуган азан дин жагынан сахих болбоодо. Фасык сөзсүз жалган сүйлөй тургандыгы үчүн эмес, туура болсо да сөзү өтпөй тургандыгы үчүн дин ага этибар кылбоодо. Ошондуктан, фасыктардын айткандары туура болсо да, «Колада алкогол бар, баланча азыкта чочко майы бар, баланча фирманын тооктору Бимилласыз союлууда» деп айтууларына этибар кылынбайт.

«Харам аралашыптыр» деп жебестик!

Суроо: Кээде чет өлкөдө же өлкө ичинде түрдүү азыктар тууралуу «мунун ичинде мындай зат бар, желбейт» деген сыяктуу сөздөр, жазуулар чыгып жүрөт. Мындай учурларды кантип кыймылдоо керек?

Жооп: Буга байланыштуу Ибни Абидинде: «Харам болгондугу ачыкча билдирилбеген ар нерсе сөз бирдиги менен мубах», - делген. Кимия-и саадат китебинде мындай деп буюрулган: «Мына муну жакшылап билүү керек, адамдарга: «Сөзсүз халал болгон, Аллаху таала халал деп билген нерселерди жегиле!» - деп буюрулбады. Муну эч ким кыла албайт. Балким «Халал болгондугун билгениңерди жегиле!» - делди. Харам экендиги белгилүү болбогон нерселерди жегиле делди, муну болсо ар ким кыла алат. Чындыгында, Расулуллах алейхиссалам бир мушриктин идишинен даарат алды. Хазрети Омар христиан аялдын идишинен даарат алды. Асхабы кирам мусулман эместер берген сууну ичишчү. Бирок, нажис, кир болгон нерселерди жеш харам. Мусулман эместер болсо көбүнесе кир болушат. Колдору жана идиштери алкоголдуу болот. Баары бисмилласыз союлган же союлбастан башка жол менен өлтүрүлгөн жаныбарларды жешет. Бирок, кирлиги көрүнмөйүн таза деп жешчү. Багынтып алган мусулман эмес шаарларда китептүү капырлардан эт, сыр сатып алышып, жешчү. Бирок, ал шаарларда мусулман болбогондор арасында ичкилик саткан, пайыз алып-берген жана дүнүйөгө көңүл байлагандар жок эмес болчу.»

Харам экендиги көрүнүп же адил бир мусулмандын кабар берүүсү менен түшүнүлүп билинсе жебеш керек. Бирок, сурап издештирүү керек эмес.

Суроо: Кантип союлгандыгын билбеген касапта сатылган эттерди алып жештин зыяны барбы?

Жооп: Мусулман касаптан алынган бир эттин кантип союлгандыгы билинбесе, халал болуу ыктымалы бар болсо желүүсү жаиз болот. Харам болгондугу көрүп же адил бир мусулмандын кабар берүүсү менен түшүнүлүп билинсе жебеш керек. Бирок, сурап издештирүү керек эмес. Мусулмандан сатып алынган этти жеш керек, васваса кылбоо керек.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш