Ислам дини » Халал-Харам » Үйдө айбан багуу




Үйдө айбан багуу


Суроо: Ит жана мышык багуу кнөөбү? Кошунабыз мышык багат. Үйүнө барганыбызда биздин кыз балдарыбыз жана апалары коркушат. Мышык ашканадагы тамак-аштарга тийиши мүмкүн. Мышык баскан жерлерде намаз окууга болобу? Кызым таежесине жардам берип жатып мышыкты көргөндө коркконунан колундагы идишти жерге түшүрөт. Көп кабаттуу үйдө ит жана мышык багуу ылайыктуубу?

ЖООП

Бир муктаждык үчүн ит багуу жаиз. Мисалы, полиция ити, аңчы ит, чабан ити, кароолчу ити багылат. Бирок, ит үйдүн ичине киргизилбейт. Өзүнчө жери же уясы болот. Ит болгон үйгө рахмат периштелери киришпейт.

Мышыкка келе турган болсок, мышык багуу жаиз. Бирок, бүгүнкү көп кабаттуу үй шартында кыйын болот. Заара ушата турчу жер издейт. Кум жашиги болсо да бираз кыйын болот. Кээ бир мышыктар кысталганда сыртка чыгып кетиши мүмкүн. Мышыктын жүндөрү үйгө, атүгүл, тамактарга төгүлүшү мүмкүн. Жууп тазалоо керек. Өтө дыкат багуу керек болот. Айылдагы үйлөрдө чычкандар болчу эле, мындан улам мышык багылчу. Көп кабаттуу бетон үйлөрдө чычкандын ырахат жашоосу кыйын.

Мышык кир эмес. Баскан жерлеринде намаз окулат. Сахабадан бир ханым айтат:

«Даарат алуу үчүн бир идишке суу койгон элем. Мышык келип бул идиштен суу ичкенде таекем Абу Катада дагы бираз суу ичүүчү үчүн идишти мышыктын алдына узатты. Менин таң калып караганымды көргөндө мындай деди: «Эмнеге таң калдың? Расулуллах алейхиссалам мындай деген»:

«Мышык нажис эмес. Силерди тегеренип жүргөн [сүйкүмдүү]бир жаныбар.» [Тирмизи, Насаи, Абу Давуд, Муватта]

Башка бир хадиси шарифте болсо мышык сүйүүсүнүн ыймандан экендигин билдирген.

Кир эмес деп мышык багуу керек эмес. Мышыктардан оору да жугушу мүмкүн. Коңшулар тынчсызданган болсо үйдө кармабаган туура болот. Кээ бир аялдар чычкандан коркушат. Мышыктан, иттен корккондор да болушу мүмкүн. Коңшуларыбыздын тынчсызданбоолору үчүн мышыкка болгон сүйүүбүздөн баш тартып, үйдө мышык бакпоо жакшы болот.

Суроо: Үйдө мышык, ит, коен, булбул, канария сыяктуу куштарды багуу жана аквариумда балык кармоо жаизби?

ЖООП

Жаныбарларды үйгө, капаска камоо күнөө. Үйдө мышыктан башка жаныбар багылбайт. Талаалуу жер тамдарда коен жана буга окшогондор кандайдыр бир муктаждык үчүн багылса болот.

«Эй, балам» китебинде мындай делген:

«Булбулду капаста камоо жаиз эмес. Канария, попугай сыяктуу капаска көнгөндөрдү капаста багуу жаиз. Себеби, сыртка калтырылса өлүмгө ташталган болот. Үйгө ит киргизүү жаиз эмес. Аквариумда балык багуу болсо балыкты камагандык эмес. Балык ансыз да сууда жашайт, анын зыяны жок.»

Суроо: Бакчасы бар үйдө мышык-ит багуу жаизби?

ЖООП

Мышык үйдө багылат, сыртта багуу да күнөө болбойт. Ит үйдө багылбайт. Ошондой эле, итке муктаждык болсо багылат. Аңчылык үчүн, бакчаны же мал үйүрүн коргоо сыяктуу зарыл муктаждыктардан тышкары ит багуунун ылайык болбогондугу, бир канча соопторду жок кыла тургандыгы хадиси шарифте билдирилген. (Муслим)

«Жандуу сүрөт, ит жана жунуп адам болгон үйгө [бөлмөгө]рахмат периштелери кирбейт» хадиси шарифи да итти үйгө киргизүүнүн ылайык болбогондугун билдирүүдө. (Насаи)

Суроо: Попугай, канария сыяктуу куштарды алып-сатуу жана багуу жаизби?

ЖООП

Капаска көнгөн, эркин калтырганда жаныбарлар тарабынан өлтүрүлүшү мүмкүн болгон куштарды капаста багуу жана алып-сатуу жаиз болот. Бул куштар дагы ошолорго кирет.

Суроо: Көгүчкөн багуу жаизби?

ЖООП

Этин жеш үчүн багуу жаиз. Илгери почта иштерин кылдырышчу, кат ташычу. Ушундай иштер үчүн жаиз, ойноо үчүн жаиз болбойт.

Кооздук итин багуу

Суроо: Асхабы Кахфтын ити Кытмир Жаннатка кире тургандыгына караганда ит болгон үйгө эмне үчүн рахмат периштелери кирбейт? Үйдө кооздук итин багуу эмне үчүн жаиз эмес?

ЖООП

Бир муктаждык үчүн ит багуу жаиз. Мисалы, полиция итин, аңчылык итин, чабан итин, кароолчу итин багууга болот. Бирок, ит үй ичине киргизилбейт. Өзүнчө бир жайы же уясы болот. Ит болгон бөлмөгө рахмат периштелери кирбейт. Бир хадиси шарифтин мааниси мындай:

«Аңчылык ичи, чабан ити сыяктуу бир муктаждыктан тышкары ит баккан адамдын ар күн сообу кемийт.» [Муслим]

Попугай багуу

Суроо: Попугай багуунун зыяны барбы?

ЖООП

Капаста туулуп, капаста жашоого көнгөндөр багылат. Калгандары болсо жаиз эмес.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш