Ислам дини » Халал-Харам » Бак отургузуунун маанилүүлүгү




Бак отургузуунун маанилүүлүгү


Суроо: Динибизде бак отургузуунун маанилүүлүгү эмнеде?

Жооп

Мөмөлүү, мөмөсүз бактардын жана токойлордун адамдарга болгон пайдалары чексиз. Адамдарга бул сыяктуу бир кызмат кылуунун динибизде маанилүүлүгү чоң. Бул тууралуу билдирилген хадиси шарифтердин айрымдары төмөндөгүдөй:

"Отургузулган бактан алына турган мөмөнүн саны канча болсо ошончо сооп аны отургузган адамга берилет.” [И. Ахмед]

"Бир адам бир мөмө бак отургузса, ал бакты жемиш бергенге чейин коргоп караса бул бактан төгүлгөн ар бир мөмө Аллахтын алдында ал адам үчүн бир садага болот.” [И. Ахмед]

"Бир мөмө бактан адамдар, жаныбарлар же куштар пайдаланса ал мөмө бакты тиккен адам үчүн бир садага болот.” [Бухари]

"Бир мөмө бактан желген же уурдалган нерселер ал мөмө бакты тиккен адам үчүн садага болот.” [Муслим]

"Ушул жети нерсени кылган адам өлгөндөн кийин дагы токтоосуз сооп алат:

1 – [Динге ылайык] илимий бир чыгарма жазган,

2 – Бир суу түтүгүн ачкан,

3 – Бир суу кудугун ачкан,

4 – Бир хурма багын тиккен,

5 – Бир мечит салган,

6 – Бир Мусхаф жазган,

7 – Өлгөндөн кийин артынан дуба кылуучу салих бир перзент тарбия кылган адам.” [Байхаки]

Отургузулган бактын көлөкөсүнөн да пайдаланылса бакты отургузган адам үчүн сооп бар. Ал бактан канча көп пайдаланылса сообу да ошончо көп болот. (Ал-Анвар)


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш