Ислам дини » Халал-Харам » Эти желген жана желбеген жаныбырлар




Эти желген жана желбеген жаныбырлар


Суроо: Эти желген жана желбеген жаныбарларды тизме түрүндө билдире аласызбы?

ЖООП

Кургакта жашаган жаныбарлар жана канаттууларга байланыштуу хадиси шариф мындайча билдирилген:

"Ит тиши бар жырткыч айбандар жана тырмагы менен аңчылык кылган канаттуулар желбейт.” [Муслим]

Эти желбеген кургакта жашаган жаныбарлар:

Чочко (доңуз), карышкыр, арстан, жолборс, барс, леопард, панда, пантерра, гепард, ягуар, пума, тыйын чычкан, киш, суусар, булгун, горилла, маймыл түрлөрү [шимпанзе, бабуин, гиббон, орангутан], гиена, пил, ит, мышык, кундуз, кашкулак, сүлөөсүн, чөө, түлкү, ак чычкан (ласка) сыяктуу ит тиштүү (клык) жаныбарларды жегенге болбойт. [Шафииде түлкү, гиена, киш, тыйын чычкан жана ак чычкан (ласка) желет.]

Эти желген кургакта жашаган жаныбарлар:

Жираф, кенгуру, коён желет. Эти желген кой, эчки, бодо малдан топоз, уй, бука-өгүз, төө сыяктуу үй жаныбарларынын жапайы болгондору да желет. Мисалы, топоз, бизон жапайы бодо малга кирет. Лама болсо жапайы төө, булар желет. Эчкинин жапайысы болгон тоо эчки, кийик, аркар, антилопа желет. Жапайы койлор да желет. Үй жылкысы танзихан макрух болуп саналат. Пони дагы жылкыга кирет. Жылкы эти Шафии жана Ханбалиде халал, Маликиде харам. Жапайы жылкы желет. Үй эшеги желбейт. Жапайы эшек болгон зебра желет.

Эти желбеген канаттуулар:

Тырмагы менен аң уулаган, тарп жеген, ителги, бүркүт,ылаачын, кузгун, жору, тарп карга, жарганат, карчыга, шумкар, чайка, фламинго, таз жору сыяктуу канаттуулар желбейт.

Курт-кумурскалар да желбейт:

Курт-кумурска, б.а., топурак алдында уясы бар майда жандыктар халал эмес. Чычкан, чаян, жыландын түрлөрү, кескелдирик, крокодил, кене, саламандра, курбака, таш бака, үлүл, аары, чымын-чиркей, күбө, кирпи, жыгач бити жана бардык биттер, сирке сыяктуу курт-кумурскалардын бардыгы желбейт. [Шафии жана Маликиде кирпи менен кескелдирикти жегенге болот.]

Эти желген канаттуулар:

Жийиркеничтүү эмес, тарп жебеген, аңын тырмагы менен кармабаган канаттуулар желет.

Сагызган, көгүчкөн, булбул, канарейка, тоту куш, кекилик, кыргоол, бөдөнө, талаа каргасы, тоос, чабалекей, үкү, турна, жылкычы чымчык, торгой, зяблики, таранчы, чыйырчык сыяктуу канаттуулар халал. Сасык үпүп макрух. [Ханафи жана Ханбалиде чайканы жегенге болбойт. Маликиде чайка жана кытанды жегенге болот. Шафииде чабалекей, тоос, сасык үпүп, тоту куш желбейт. Чайка, кытан сыяктуу суучул канаттуулар желет.]

Эти желчү үй канаттууларынын жапайылары болуп эсептелген кара чыйырчык, жапайы өрдөк, жапайы каз, ак куу сыяктуулар желет. Индюктун жапайысы болуп эсептелген төө куш желет.

Деңиз жаныбарлары:

Ханафиден башка калган үч мазхабда деңиз продуктыларынын бардыгы желет. Ханафиде балык формасында болбогон эч бир деңиз продуктысы желбейт. Мисалы, сегиз аяк, кальмар, сыя балыгы, морской конек, морж, медуза, итбалык сыяктуу жаныбарлар жана краб, мидия, устрица, суу чаяндары, креветка, деңиз үлүлдөрү сыяктуу деңиз жандыктарын жегенге болбойт. Ласось, камбала, дельфин, акула жана жылан балыгын жегенге болот.

Нажасат жеген жаныбар

Суроо: Нажасат жеген жаныбарларды жегенге болобу?

ЖООП

Тезек жана башка нажис болгон нерселерди жеген жаныбардын эти сасык болсо аны жеш макрух болот. Таза нерсе менен азыктанып, жаман жыты калбаса жаиз болот. Нажис (ыплас) жеген тоок, кой жана уйду ошол күнү союп жеш макрух болуп саналат. Тоокту 3 күн, койду 4 күн, уй жана төөнү 10 күн кармап, б.а., нажис эмес таза азык менен багуу керек. Шафииде болсо төө 40 күн, уй 30 күн, кой 7 күн, тоокту 3 күн кармоо керек.

Кайсы жерлери желбейт?

Суроо: Эти желген жаныбарлардын желбеген жерлери кайсылар?

ЖООП

Эти желген бардык жаныбардын 7 жери желбейт. Булар: суюк каны, заара чыккан мүчөсү, аталык жумурткалары, бездери, өттөрү, ургаачы жаныбардын алды жана табарсыгы.

Сойбостон өлтүрүлгөн жаныбар

Суроо: Сойбостон өлтүрүлгөн жаныбарлар желеби?

ЖООП

Сойбостон, бир жерине бычак сайып, маңдайга уруп, муунтуп, дары берип, ток менен урдуруп өлтүрүлгөн кургактагы жаныбарлар тарп болуп саналат. Буларды жеш харам болот.

Жаныбардан чыккан нерселер?

Суроо: Өлгөн жанабардан чыккан сүт ириндиси жана сүт тазабы?

ЖООП

Бир гана сүт эмип башка бир нерсе жебеген кичине козулардын өлгөндөн кийин ичинен чыккан сүт ириндиси таза болуп саналат. Кой, уй сыяктуу өлгөн жаныбарлардын эмчектеринен чыккан сүттөр таза.

Тирүү болгондугунун белгиси болсо

Суроо: Тирүү же өлү экендиги белгилүү болбогон жаныбар союлса этин жесе болобу?

ЖООП

Оорулуу же эсинен танган жаныбар тирүү экендиги белгилүү болбосо союп жатканда кыймылдаса же тирүү жаныбардыкы сыяктуу кан чыкса жегенге болот. Себеби, булар тирүү экендигинин белгиси. Тирүүлүк белгиси жок болсо желбейт.

Башка мазхабдын өкүмүнө да моюн сунуу

Суроо: Өз мазхабында жаиз, бирок, башка мазхабда харам болгон нерсени жебеш жакшы эмеспи? Мисалы, түлкүнүн эти Шафииде халал, Ханафиде харам. Ханафиде харам болгондуктан Шафиилердин да түлкү этин жебеши жакшы болбойбу?

ЖООП

Албетте, башка мазхабдардын да өкүмүнө моюн сунуу мустахаб, өтө жакшы болот. Мисалы, Шафиилердин деңиз жандыктарын жебегени жакшы болот. Шафииде аялдын денесине тийүү дааратты бузат. Ханафилер дагы аялдын денесине тийген болсо даарат алуулары мустахаб болот. Албаса да болот, бирок, башка мазхабдын өкүмдөрүнө дагы моюн сунуу мустахаб болуп саналат.

Суроо: Коён эти адалбы?

ЖООП

Коён эти адал. (Дурар, Мажмаул-анхур.)

Абдуллах Ибни Аббас хазреттери мындай деген: «Расулуллах менен отурганда бир айылдык адам коён этинен шишкебек белек кылды. Бизге: «Жегиле», - деп буюрду. Мухаммед бин Сафван мындай деди: «Эки коён кармап сойдум. Расулуллахтан сурадым. Экөөнү тең же деп буюрду.» (Бедайи)

Хазрети Анас айтат: «Аңуулап кармаган коёнду Абу Талхага алып келдим. Ал болсо коёнду курч бир таш менен сойду. «Мына бул бутту Расулуллахка алып бар», - деди. Дароо алып бардым. Расулуллах аны жеди.» (Бухари, Муслим, Абу Давуд, Тирмизи, Насаи)

Хазрети Жабир айтат: «Уруубуздан бирөө таш менен союлган коёнду Расулуллахка суралганга чейин күттүрдү. Пайгамбарыбыз алейхиссалам ага жешин буюрду.» (Тирмизи)

Халид ибн-ул Хувайрис айтат: «Бир киши кармаган коёнун алып келип Абдуллах ибн Омардан «Мунун этин жегенге болобу?» деп сурады. Ал болсо: «Бир коён Расулуллахка алып келинди. Жеген да жок, желүүсүнө тыюу да салган жок». (Абу Давуд)

Бул хадиси шарифтер коёндун адал экендигин билдирүүдө. Фыкых китептеринде мындай делген: «Коён жеш адал». (Мултака)

Коён этин жеш адал, себеби, коён жырткыч айбан эмес. (Дурр-ул-мунтака)

Ар түрдүү коён этин жеш адал. (Кудури)

Коён этин жеш адал. Коён жырткыч жаныбар эмес жана тарп жебейт, кийик сыяктуу. (Жавхара)

Коён этинин мубах экендиги бир ооздон билдирилген. Себеби, коён жырткыч жаныбар эмес жана тарп жебейт. Кийик сыяктуу. Чөп, жашылча жейт. Фыкых китептери коёндун адал экендигин ачыкча жазууда. Мына ушундайча муну арам дегендердин сөздөрүн жокко чыгарууда. (Дурар хашиясы)

 


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш