Ислам дини » Халал-Харам » Жеп-ичүү арам болгон нерселер




Жеп-ичүү арам болгон нерселер


Суроо: Жеп-ичүү арам болгон нерселер эмне? Арам кылынууларынын себеби эмне?

ЖООП: Динибиз арам кылгандыктан кээ бир жаныбарлардын эти желбейт. Албетте, мунун кээ бир хикматтары (себеби, сыры) бар. Мусулман адам андагы хикматты билбесе дагы динибиз тыюу салган нерсени кылбайт. Тамак-аштардын адамга жакшы жана жаман таасир кыла тургандыгы талашсыз. Энеси жаман болсо же жаман аялдын сүтү менен тамактанган бала тентек болот. Мындайларды сүтү бузук дешет. Өз пайдасын ойлогон адам динибиз адал кылган нерселерди жеп, тыюу салган нерселерден алыс болуусу керек.

Жеп-ичүү арам болгон нерселер:

1- Туруш менен өзү арам болгон нерселер. [Тарп, чочконун эти жана шарап, арак сыяктуу.]

2- Өзү арам эмес, бирок, тартылып алынган, уурулук, паракорлук жолу менен алынган нерселер.

3- Тойгондон кийин жеш.

4- Аллергия кылган нерсени жеш. [Мисалы, балык, эт, сүт, жумуртка, салат, маринат, бүлдүркөн ж.б., зыян берип жаткан болсо булар ким үчүн зыян болгон болсо ошол адамга үчүн гана арам, зыян бербеген адамга мубах болот.]

5- Зыяндуу нерселерди жеш. [Мисалы, ылай, топурак, айнек сыяктуу.]

6- Уулуу нерселерди жеш. [Уулуу өсүмдүк, жыттанып кеткен эт сыяктуу.]

7- Наркотикалык заттарды жеш. [Врачтын сунушу менен дарылык максатта колдонуу жаиз.]

8- Таза, бирок, жийиркеничтүү нерселерди жеш. [Курбака, каны болбогон курт-кумурскалар, жемиштин, сырдын жана эттин курттары сыяктуу.]

Курани каримде мындай мааниде айтылган:

«Тарп, аккан кан, ыплас чочко жана Аллахтан башканын аты менен союлган жаныбарларды жеш арам.» [Энам 145]

Аяти каримада саналган бул арамдардан башка жогорудагы сегиз бөлүктө билдирилген нерселердин дагы арам экендиги Пайгамбарыбыз «саллаллаху алейхи ва саллам» тарабынан билдирилген.

Аялдын сүтүн ичүү 

Суроо: Дарыгерлер аялдын сүтү кээ бир ооруларга пайдалуу дешет. Атам рак менен ооруйт. Аялдын сүтүн сунушташыптыр. Аялдын сүтүн ичүү диний жактан жаизби?

ЖООП: Аялдын сүтүн ичүү арам. Эки жарым жаштан ашкан баланы да эмизбеш керек. Бирок, аны дары катары колдонуунун өкүмү төмөнкүдөй:

"Фатх-ул-кадир” китебинде: "Мусулман адис дарыгер аялдын сүтү сөзсүз шыпаа болот жана бул ооруну айыктыра турган башка дары жок десе, оорулуунун аялдын сүтүн ичүүсү жана сатып алуусу жаиз болот делген”, - деп жазылган. Эгер аялдын сүтү балга кошуп ичилсе, табарсыктагы таштарды эритет. (С. Абадиййа) 

Суроо: Бир адамдын талаасына ээсинин уруксатысыз буудай сепкен адам алган буудайын пайдалана алабы?

ЖООП: Маселеге байланыштуу "Имад-ул-Ислам” китебинде мындай деп айтылат:

"Ээси ыраазы болбой туруп анын жерин, талаасын айдап, түшүм алган адамга алган түшүмдөн жалгыз чыгымы менен капиталы гана адал болуп, ашыкчасы арам болот. Ашыкчасын садака катары кедейлерге берүүгө тийиш.” 

Суроо: Жыттанып кеткен этти, ачып, жыттанып кеткен тамактарды жесе болобу?

ЖООП: Жыттанып кеткен этти жеген арам. Эгер тамак ачып, жыттанып кетсе нажис болбосо да, аны жеген да арам болот. 

Зыяндуу азыктарды жеш 

Суроо: Адамга зыян келтире турган бир нерсени адал болсо да жеп ичсе күнөө болобу?

ЖООП: Бул маселеге байланыштуу "Хадика”да мындай делет:

"Жеп ичүү зыяндуу болгон нерселер үчкө бөлүнөт:

Биринчи нерселердин зыянын баары билет. Булар өлүмгө алып келет. Бардык уулар, айнек чаңы, темир жана сымап кошулмалар, акиташ жана ушул сыяктуулар. Буларды жеп ичүү арам.

Экинчи нерселердин зыяндуу экени белгилүү болгону менен, өлүмгө алып келбейт. Топурак, ылай, чопо жана ушул сыяктуулар. Буларды көп жеп ичүү макрух болуп, зыянсыз өлчөмдөрү мубах.

Үчүнчү нерселер органдары алсыздарга зыян келтирет, соо адамга зыяны жок. Кээ бир адамдарга балык эти, сүт, жумуртка, бекон, туздалган жашылча, эт консервалары, бал, зейтун майы, калемпир зыян келтирет. Булар кимдерге зыян келтирсе ошолорго гана арам жана макрух. Эч кандай зыян келтирбегендерге болсо мубах.” 

Суроо: Апийим, кара куурай сыяктуу нерселерди колдонуунун диний өкүмү кандай?

ЖООП: Кара куурай жана апийим сыяктуу катуу заттардын акылга зыян келтирүүчү көп өлчөмү арам. Дары үчүн колдонуунун жаиз экени Ибни Абидинде жазылган. Булардын көбүн адал деген адам капыр болбосо да, бидатчы болот.

 


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш