Тамактануу адеби


Суроо: Тамактануу адеби тууралуу маалымат бересизби?

Жооп

Пункттар менен билдирели:

Тамак жеп баштарда ниет: Тамакты баштарда Аллаху таалага ибадат кылуу, Анын кулдарына пайдалуу болуу, динибизди, түбөлүк бактылуулукту жана тынчтыктын жолун адамдарга жеткизүү үчүн кубат алууга ниет кылуу зарыл.

Жеп-ичүүнүн фарздары:

1 – Жегенде тоюуну, ичкенде канууну Аллаху тааладан деп билүү.

2 – Халалдан жеп-ичүү.

3 – Ал тамактан алынган кубат бүткөнгө чейин Аллаху таалага кулдук кылуу.

4 – Колдо барга канаат кылуу.

Сүннөттөрү:

1 – Тамактанардын алдында Бисмиллахты айтуу, [Баарына эскертүү максатында үнүн чыгарып айтууга болот.]

2 – Тамактын аягында "Алхамдулиллах” деп айтуу.

3 – Тамактан мурда жана кийин колдорду жуу, [Тамактан мурда жаштар, тамактан кийин биринчи улуулар колду жуушат.]

4 – Оң кол менен жеп-ичүү.

5 – Табактын четинен, өзүнүн алдынан жеш.

6 – Оң бутту тигип, сол буттун үстүнө отуруу.

7 – Тамакты туз менен баштап, туз менен бүтүрүү, [Бул шифаа болуп саналат. Алгачкы жана акыркы бөлүк нан менен болсо жана нандагы тузга ниет кылынса бул сүннөт орундалган болот.]

8 – Кол менен желген тамакты үч манжа менен жеш.

9 – Нан менен дарбыз жеп жатканда нанды оң колго алып, дарбызды сол кол менен жеш.

10 – Идиште калган тамакты тазалап жеш, [Компот, айран сыяктуулардын идишине суу куюп, чайкап ичүү өтө сооптуу. Кийин жеш шарты менен идиште, стаканда тамак калтыруу жаиз. Расулуллах алейхиссалам момундан калган тамакты жегенди жактырчу.]

11 – Колдорду жуудан мурда бармактардагы тамактын калганын жалоо.

12 – Тамактан кийин тиштерди мисвак же тиш чукугуч менен тазалоо. Тиштердин арасынан тиш чукугуч менен чыгарылган нерселерди жутпаш керек. [Муну чоргонун жанында кылып, тиштин арасынан чыккан калдыктарды раковинага таштоо керек, дасторкон башында отургандарды жийиркентпөө керек.]

Мустахабдары:

1 – Дасторконду жерге жаюу.

2 – Дасторконго таза кийим менен отуруу.

3 – Арпа нан жеш.

4 – Нанды кол менен сындыруу. Нанды бычак менен кесүүгө болот, бирок, бычак менен кусок кылып майдалаганга болбойт. Тамакты башкасы үчүн, жашы улуу бирөө үчүн даярдаган адам ал жей ала тургандай кылып майдаласа болот. Бышкан этти бычак менен кеспөө керек.

5 – Нандын күкүмдөрүн ысырап кылбаш керек.

6 – Сирке (уксус) колдонуу.

7 - Тамакты аз-аздан алып жеш.

8 - Тамакты жакшы чайноо.

Макрухтары:

1 – Сол кол менен жеп-ичүү.

2 – Жей турган тамакты жыттоо.

3 – Бисмиллахты айтпай жеш. [Тамактын ортосунда дагы болсо эстегенде Бисмиллахты айтуу керек.]

4 – Тамак жеп жатып такыр сүйлөбөө. [Бул отко сыйынгандардын адаты болуп саналат. Жакшы нерселер туралуу сүйлөө керек.]

5 – Туз идишти, табакты нандын үстүнө коюу, колду, бычакты нанга сүртүү, [Бул нанды жеш макрух эмес.]

6 – Көгөрүп кеткен нанды, ачып калган тамакты жана сууну жеп-ичүү макрух.

Харамдары:

1 – Тойгонуна карабастан жегенди улантуу, [Конок бар болсо анын тамактануусуна тоскоол болбоо үчүн жеп жаткан сыяктуу аракет кылуу керек.]

2 – Дасторкондо музыкалык аспаптар, намахрам аял, ичкилик, кумар жана башка харам нерселер болбош керек.

3 – Тамакта ысырап кылуу, [Тамак-ашты керектүү өлчөмдө алып, ашыкча албаш керек, ысырап болот.]

4 – Башка бирөөнүн мал-мүлкүн адилетсиз тартып алып жегенде Бисмиллахты айтуу.

5 – Конокко чакыруусуз баруу.

6 – Башка бирөөнүн мал-мүлкүн уруксатсыз жеш.

7 – Денесине  ооруу бере турган нерсени жеш.

8 – Рия менен даярдалган тамакты жеш.

9 – Атаган нерсесин жеш.

Көңүл бурула турчу башка жагдайлары:

1 – Нандын ичин жеп, сыртын калтыруу, бышкан жерин жеп, калганын таштоо ысырап болуп саналат. Артып калганын башка бирөө же бир жаныбар жесе ысырап болбойт.

2 – Жолдо баратып, өйдө туруп, басып баратып жеп-ичпөө керек.

3 – Оңго, солго, жогору карабаш керек, тамакты жана алдын кароо керек.

4 – Жеш-ичип жатканда оозду чоң ачпоо керек.

5 – Дасторкондун башында отурганда колду кийимге аарчыбаш керек.

6 – Жөтөлө турган же чүчкүрө турган кезде арка жакты кароо.

7 – Чакырылбастан дасторконго отурбоо керек.

8 – Дасторкондо башкалардан көбүрөөк жебеш керек.

9 – Ачка болуп турса дагы акырын-акырын жеш керек.

10 – Тамакты алгач улуулар баштоо керек.

11 – Үчтөн артык "Же!” деп айтып, башкалардын тынчын кетирбеш керек.

12 – Үй ээсинин дасторконго отурбай, кызмат кылуусу жаиз. Бирге отуруп жеген кезде коноктор тойо электе колун тамактан тартпаш керек.

13 – Тамактанып жатканда коркунучтуу жана жийиркеничтүү нерселер тууралуу сүйлөбөш керек. Өлүм, ооруу, Тозок тууралуу сүйлөшбөө керек.

14 – Конок дасторконго алып келинген тамакты тамакты көнүлдү бура тургандай карабаш керек.

15 – Ооздогу тамакты жутпай туруп экинчисине колун созбоо керек.

16 – Тамактын ортосунда бир нерсе үчүн, жада калса, намаз үчүн болсо дагы дасторкондон турбаш керек. Намазды тамактан мурда окуп алуу зарыл. Эгер дасторконго алып келинген тамактар сууп калышы же бузулушу мүмкүн болсо же тамактан кийин намаз окууга убакыт жеткиликтүү болсо тамакты намаздан мурда жеп алуу керек.

17 – Тамак дасторкондон алып кетилсе ошондо туруу керек.

18 – Үй ээси конокко тамак узатса жана колуна суу куйса жакшы болот. Азыркы күндө кол жууй турган жерлер болгондуктан суу куйуу керек эмес. Колун аарчуу үчүн сүлгү узатса болот.

19 – Тамактан кийин үй ээсине берекет, рахмат жана кечирим тилеп дуба кылынат. Кетүү үчүн уруксат суралат. "Сиз дагы бизге конокко келиңиз” – деп айтылат.

20 – Оозу, колу эт же тамак жыттанып турса ошол бойдон жатпаш керек.

21 – Жаш балдардын дагы колун жууш керек.

22 – Курсагы ток бойдон жатпаш керек.

23 – Тамак жана суу идиштер оозу жабылуу болуш керек.

24 – Дарыядан, көлмөдөн ийилип, ооз менен ичпөө керек.

25 – Ичи көрүнбөй турган кумган, кумура сыяктуу идиштердин оозунан суу ичпеш керек. Идишке куюп ичүү керек.

26 – Чынынын, стакандын сынык жеринен жана сап жаганын ичпеш керек.

27 – Кечинде жатар алдында тамак, суу идиштердин ооздорун жаап коюу керек.

28 – Мусулмандан, айрыкча салих мусулмандан калган сууну ичүү берекеге себеп болот.

29 – Зарылдык болбосо фасыктар менен бирге отуруп тамактанбаш керек. 

Тамакты ысык жештин зыяндары:

1. Дүлөйлүккө себеп болот.

2. Өңү сары болот.

3. Көздөрүнүн нуру болбойт.

4. Тиштери саргаят.

5. Оозунун даамы болбойт.

6. Курсагы тойбойт.

7. Түшүнүү жөндөмдүүлүгү азаят.

8. Акылы аз болот.

9. Ооруга себеп болот.

Аз жештин пайдалары:

1. Денеси кубаттанат.

2. Көңүлү нурданат.

3. Унутчаак болбойт.

4. Тиричилиги оңой болот.

5. Жасаган жумушунан ырахат алат.

6. Аллаху тааланы көп зикир кылган болот.

7. Акыретти тафаккур кылат (ойлонот).

8. Ибадаттарынан алган ырахаты артат

9. Бардык нерседе ийгиликтүү болот.

10. Эсеби жеңил болот.

Хадиси шарифте: "Жакшылыктардын башы - ачкалык. Жамандыктардын башы - токтук”, - деп билдирилди. Ачкалык канча көп болсо тамактын даамы ошончо артат. Токтук - унутчаактыкка себеп болот. Көңүлдү сокур кылат, ичкиликтер сыяктуу канды бузат. Ачкалык – акылды тазалайт, көңүлдү нурдантат.

Хадиси шарифтерде дагы айтылды: "Адамдын көңүлү талаадагы эгин сыяктуу. Тамак болсо жамгыр сыяктуу. Ашыкча суу эгинди курутканы сыяктуу ашыкча тамак дагы көңүлдү өлтүрөт”. Бир хадиси шарифте: "Көп жегенди жана көп ичкенди Аллаху таала жактырбайт”, - деп айтылды. Көп жеш – оорулардын башы, аз жеш [б.а., диета кармоо] дарылардын башы болуп саналат.

Ашказандын үчтөн бирин тамактарга, үчтөн бирин сууга бөлүш керек. Үчтөн бирин болсо абага бөлүү, б.а., бош болуусу эң минимум даража болуп саналат. Эң жакшы даража болсо аз жеш жана аз уктоо.

Суу ичүү адеби

Сууну оң кол менен ичүү керек. Иче турган сууну алгач карап анан ичүү керек. Үч дем менен ичүү керек. Демди сууга эмес идиштин сыртына чыгаруу керек, демин чыгарганда идишти ооздон бираз алыстатуу керек. Жайында муздак суу ичүү керек. Албетте, өтө муздак болбош керек. Расулуллах алейхиссалам муздак шербет ичкенди жактырчу. "Өйдө туруп ичпегиле!” -деп айтылды. Замзам суусун, даарат алып бүткөндөн кийин артып калган сууну жана дары ичүү үчүн сууну өйдө туруп ичүүгө болот. Сапардагы адам ар кандай сууну өйдө туруп иче алат. Ач карын суу ичпеш керек. Сууну акырындык менен, эмип жаткан сыяктуу ичүү керек. Суунун баарын бир демде ичүүгө болбойт. Кайнак нерсени үйлөп ичпеш керек. Суутуп анан ичкен жакшы. Сууга бир нерсе түшө турган болсо манжа менен же тиш чукугуч менен алуу оңой болсо алуу керек. Оңой болбосо суунун бираз бөлүгүн төгүп, ал нерсени кетирүү керек.

Хадиси шарифте: "Күнөөсү көп болгон адам суу таратсын!” - деп айтылды. Бир канча кишиге суу берерде алгач аалымдарга, анан улууларга, эң аягында балдарга берилет. Жеп жатып, басып баратып, отуруп жатканда дагы ушул эреже сакталат. Өзү кийин ичиш керек. Жанында отургандарга бир нерсе бергенде өзүнүн оң жагынан баштайт. Оң жакка берип улантат. Оң жакта тургандын уруксаты менен солдогуга берсе болот. (С. Эбедиййе)

Суроо: Көп тамактануу дегенди кандай түшүнүүгө болот? Тойгонго чейин жешпи же көп жешпи?

ЖООП

Имам Раббани хазреттери: «Тасаввуф бул аз жеп, аз ичүү эмес. Ар кимдин адалдан таап, тойгончо жеши керек», - деп буюрууда. Шах Накшибанд хазреттери болсо: «Бир нерсе жеш ачка калуудан жакшы», - деп буюрган.

Аз жеш албетте жакшы. Аз жеш тойо электе дасторкондон туруу жана курсак ачмайынча дасторконго отурбоо болуп саналат. Болбосо аз жеш дегендик ачка калуу дегенди түшүндүрбөйт.

Имам Раббани хазреттери мындай деген: «Адамдар риязат чегүү дегенди ачкалык тартуу жана нафил орозо кармоо деп түшүнүштү. Бирок, динибиз буйрук кылганчалык тамак жегенге көңүл бөлүү миңдеген жылдар бою нафил орозо кармоодон да кыйын жана андан да пайладуу. Бир кишинин алдына даамдуу, таттуу тамактар коюлса, ал киши табити тартып баарын жегиси келип турса дагы динибиз буйрук кылган өлчөмүн жеп, артыгынан баш тартуусу өтө оор риязат жана башка риязаттардан да жогору.» (Менакыб Ахмедиййа, Х.С.Васикалары)

Мухаммед Масум хазреттери да мындай деген: «Жеп-ичүүдө орто жолду сактоо керек. Кишини шалдырата турганчалык көп жебөө керек. Ибадат кыла албай турганчалык да ачкалык чекпөө керек. Олуянын улууларынан Шах Накшибанд хазреттери: «Жакшы жеп, жакшы иште», - деп буюрду. Ибадат жана жакшылык кылууга жардамчы болгон бардык нерсе жакшы жана мубарек. Буларды азайткандарга болсо тыюу салынган.» (2/110)

Термин:

Риязат – напсинин каалагандарын орундабоо

 

 


Артка
 
    
Диний маалымат изде:

Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш