Ислам дини » Ибреттүү окуялар » Кааба жана Замзам суусу




Кааба жана Замзам суусу


Каабанын орду унутулган жылдардын биринде Ибрахим алейхиссалам Хажар энебиз менен уулу Исмаилди алып азыркы Кааба турган жерге келет. «Мага силерди ушул жерге калтыруу буюрулду» деп кайтып кетет. Хажар энебиз тобокел кылып буйрукка баш ийет да: «Раббим бизге жетет!» - дейт. Алардын жанында бир чөлмөк суу 3-5 даана хурма бар эле. Анын үстүнө Исмаил али наристе болчу. Хажар энебиз бир нерсе табууга үмүттөнүп Сафа чокусуна чыгат. Бир дагы бак, куураган чөп дагы жок болот. Кийин Марва чокусуна чыгат.

Кайра кайтып келгенде уулун таппай калат. Катуу тынчсызданган абалда кайра Сафа жана Марва арасындагы ысык күн астында 7 жолу кыйналып жүгүрөт. Кийин таттуу үн угат. Алдынан айдай жаркыраган Жабраил алейхиссалам көрүнөт. Ушул таң калуу менен Хажар энебиз уулун көрөт. Сүйкүмдүү баланын буттарынын алдында мөлтүрөгөн суу чыгып жатканын көрүп, сууну бир жерге жыйнагысы келет. Бир жагынан суунун төгөрөгүн курчап, бир жагынан чөлмөгүн толтурууга аракет кылат. Маанисиз толкунданган үн менен «Зам» (токто) дейт. Жада калса, «Зам!..» «Зам!..» деп кыйкырып жиберет. Жабраил алейхиссалам күлүмсүрөп: «Кое бер, аксын! Бул суу дайым агат, эч токтобойт», - дейт.

Бул сууга көчмөн уруулардын назары түшөт. Акыры Жүрхумилер Хажар энебизден уруксат алып Кубайс тоосунун этегине келип отурукташат. Ушундай касиеттүү жер калаага айланып, аты Мекке деп аталып калат. 

Хадиси шарифтерде мындай делет: 

«Касиеттүү Замзам суусу мубарек.» «Касиеттүү Замзам ичкендерди тойгузат.»

«Жер бетиндеги кудуктардын эң кайырлуусу Замзам кудугу.»
«Касиеттүү Замзам кандай ниет менен ичилсе шыпаасы дагы ошол үчүн болот.»

Замзамды иче турчу кезде Кыбыланы кароо керек. Бисмиллах айтып өйдө туруп жана тойгончо ичүү керек. Ичүү учурунда үч жолу деп алынат. Дуба кылуу керек жана акырында шүгүр кылуу керек. Замзам суусун ичип айтылган дуба кабыл болот.
Ар таваф кылгандан кийин Замзам суусун ичүү мустахаб. Миллиондогон ажылар ичип, жуунуп, мекендерине ала кетишет. Суу насостору менен күнү-түнү тартып жатса дагы түгөнбөйт. Замзамдын жер жүзүндөгү суулардын эң негизгиси, эң жогору касиеттүүсү экендиги билдирилген.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш