Ислам дини » Ибреттүү окуялар » Биз билбептирбиз, билгенде...




Биз билбептирбиз, билгенде...


Зулкарнайн алейхиссалам аскерлери менен жолдо келе жатып: "Бутуңарга илинген нерселерди жыйнай жүргүлө”, - деп буйрук берди.

Аскерлери бул буйрукту уккан кезде ичтеринен бир бөлүгү: "Көп жүрдүк, катуу чарчадык. Түн болсо, ага кошулуп бутубузга илинген нерселерди жыйнап бошко эле кыйналабызбы, эч нерсе жыйнабайбыз”, - деген чечимге келип, эч нерсе жыйнашпайт.

Экинчи бөлүгү: "Колбашчыбыз буйрук кылган экен, буйругуна баш ийели, аз болсо да жыйнайлы. Анткени, колбашчыга кандай да болсо моюн сунуу керек”, - деп аз гана жыйнашат.

Үчүнчү топ болсо: "Колбашчыбыз эч нерсени бекерге буйрук кылбайт. Сөзсүз түрдө бир нерсени билип айткан болуусу керек, буйругун аткарабыз”, - деп бардык каптарын оозуна чейин толтурушат.

Таң аткан кезде бардык аскерлер түндө алтындуу аймактан өткөндүгүн түшүнүшөт. Буттарына тийген нерселердин алтын экенин эч ким байкаган эмес. Ошондо буйрукту аткарбай эч нерсе албаган биринчи топ:

- Кап, эмнеге албадык! Колбашчыбыздын сөзүн эмнеге укпадык. Эч болбогондо бирөөсүн алганыбызда эмне... деп өкүнүп калышат.

Экинчи топ болсо өздөрүн жектеп башташат:

- Кап, дагы бир аз алуубуз керек эле. Чөнтөктөрүбүздү, каптарыбызды оозуна чейин толтуруп алуубуз керек эле...

Үчүнчү топ да өкүнүп:

- Керексиз, пайдасыз буюмдарыбызды ыргытканыбызда мындан да көп кылып жыйнайт элек...

Мына ушул мисалдагы сыяктуу акыретте да бардык адамдар өкүнүшөт.

- Эмнеге ыйман келтирбедим. Ишенгенимде эч болбосо Жаханнамга түшсөм да ыйманымдын аркасында акыры бараы бир Жаннатка кирер элем. Түбөлүк тозоктон кутулаар элем – дешет.

Мусулман болгону менен сообу аз болгон адам:

- Мындан да көп сооптуу иштерди кылышым керек эле. Мындан да көп ниматтарга жетээр элем - дешет.

Мусулман болуп, сообу көп болгон адам болсо:

- Кап, мындан да бийик даражаларга көтөрө турган көбүрөөк ибадат кылуум керек эле, көбүрөөк садака берип, көбүрөөк орозо кармап, көбүрөөк сооп жыйнай тургандай амалдарды кылуум керек эле - деп өкүнүшөт.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш