Ислам дини » Ибреттүү окуялар » Аййуб Пайгамбардын сабыры




Аййуб Пайгамбардын сабыры


Аллаху таала Аййуб алейхиссаламдын сабырын сыноодон өткөрүүнү каалайт. Аййуб алейхиссалам өтө бай кезинде койлорун сел алып, эгинин шамал учуруп, бүткүл мал-мүлкү түрдүү себептер менен жок болот.

Мындан кийин Аллаху таала Аййуб алейхиссаламдын денесине бир оору берди. Туугандары, жолдоштору аны жалгыз таштап кетип, жардам берер эч кимиси болбоду. Жалгыз гана адал, мээримдүү өмүрлүк жары Рахима ханым аны таштабады.

Аййуб пайгамбар аялы жасаган кепеде 7 жыл бою көргөн кыйынчылыктары менен азап ичиндеги абалына бир да жолу нааразылык кылбады.

Буларды аткарган Аййуб алейхиссалам жаш кезиндей болуп калды. Жабраил алейхиссалам ага кооз кийимдерди кийгизди. Ошол кезде аялы келди. Аййуб алейхиссаламдын кепеде жок экенин көрүп таң калды. Аййуб пайгамбар:

- Эй, ханым! Кимди издеп жүрөсүң?

- Бир оорукчан адамды издеп жүрөм. Аты - Аййуб. Ал менин күйөөм эле. Дени соо кезде сага окшош эле.

- Эй, Рахима! Ал оорукчан болгон Аййуб менмин. Аллаху таала мага ден-соолук берди.

Кийин Аллаху таалага шүгүр кылып, экөө көз жашын төгүштү. Шаарга кирээрде эл аларды кубаныч менен тосушту. Урап турган үйлөрүнүн жаңыланганын жана мурда колунан алынган мал-мүлкү менен бала-чакаларынын кайра берилгенин көрүштү.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш