Ислам дини » Ибреттүү окуялар » Ит менен короздун тили




Ит менен короздун тили


Бир күнү бир адам Муса алейхиссаламга келип:

- Эй, Муса, мен үчүн бир дуба кылыңыз, жаныбарлардын тилин түшүнө турган болоюн, алардан өзүмө сабак алып, жакшы адам болоор элем, - деп өтүнөт. Ошондо Муса алейхиссалам:

- Сен үчүн азыркы ушул абалың кайырлуу (жакшы), көтөрө албай турган жүктү аркалоого тырышпа - деп жооп берди. Бирок, алиги адам айткан сөздү укпай, кайтпай туруп алды:

- Эй, Муса, эмнең кетет? Жок дегенде эшигимдин алдындагы ит менен короозумдун тилин түшүнө турган болоюн деп жалынды. Акыры Муса алейхиссалам дуба кылды. Тигил адам кубанып үйүнө кайтты. Эртеси кызматчысы дасторкон даярдап жүргөндө колунан нан түшүп сыртка тоголонуп кетти. Короз жүгүрүп келип нанды чокуп жей баштайт. Аны көргөн ит:

- Эй, короз, кылып жатканың туурабы? Сен буудай, арпа да жей аласың, мен болсо нандан башка нерсе жей албайм. Сен эмне үчүн менин ырыскымдан жейсин - деп корозго ачууланды. Короз:

- Туура айтасың, бирок, сен ачууланба, эртең кожоюндун эшеги өлөт, ошондо сен да жакшылап тойосуң, – дейт. Муну уккан адам дароо эшегин сатып жиберди. Эртеси эмне айтаар экен деп кайра ити менен корозун тыңшоого киришет. Ит корозду күнөөлөп баштайт:

- Эшек өлөт, менин курсагым тойот дегениң кайда? – дегенде короз:

- Эшек  өлдү, бирок, башка жерде өлдү. Бирок, сен эч ачууланба, эртең ат өлөт, чыныгы токчулукту ошондо көрөсүң, – дейт. Кожоюн дароо атын сатып жиберди. Жаныбарлардын тилин билгени өзүнө пайдалуу болгонун ойлоду. Эртесин дагы барып ит менен корозду тыңшайт. Ит дагы корозду жемелей баштаганда, короз:

- Мен калп айтканым жок. Эгер кожоюн аны сатып жибербегенде ал өлмөк. Бирок, сен эч кам санаба, эртең кожоюндун эң кадырлуу кызматчы кулу өлөт, элге аш берилет, баарыбыз тойобуз, – дейт. Муну уккан кожоюн кызматчы кулун да сатып, кайра тыңшоого келет. Бул жолу ит катуу ачуулуу эле. Канча күндөн бери алданып жүргөнүн айтканда, короз:

- Мен калп айтпадым. Кул өлдү, бирок, башка жерде өлдү. Анткени, кожоюнубуз аны сатып жиберди. Бирок, андан эч пайда көрбөдү. Себеби, биринчи балээ эшегине келип, ошол аркылуу кожоюнубуз бул балээден кутулаар эле. Аны сатканында балээ атка келди. Атын сатканда балээ кулуна келди. Кулун да сатканы үчүн эми балээ өзүнө келди. Эртең кожоюнубуз өлөт, ошентип барыбыз тойобуз, – дейт. Муну уккан кожоюн өкүнүп, өз башын койгулады. Бирок, болоор иш болгон эле...


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш