Ислам дини » Ибреттүү окуялар » Намаздын маанилүүлүгү




Намаздын маанилүүлүгү


Пайгамбарыбыздын "саллаллаху алейхи васаллам” заманында сахабалардын бирөөсү Пайгамбарыбызга келип: "Тапканымдын көптүгүнө карабай турмуш оорчулугун тартуудамын”, - деп ал аыбалын айтты. Пайгамбарыбыз: "Үйүңдө намаз окубаган адам барбы?” - деп сурады. Ал: "Жок, үйдө баарыбыз намаз окуйбуз, намаз окубаган адам жок”, - деп жооп берди. Пайгамбарыбыз: "Коңшуларыңан же көчөдөгүлөрүңөн намаз окубаганы барбы?” - деп сурады. Сахаба: "Коңшуларыбызда да көчөбүздө да намаз окубаган адам жок”, - дегенде, Пайгамбарыбыз: "Бир сураштырып көр, көчөңөрдөн намаз окубаган бирөө өткөн бекен?” - деп сурады. Кайтып келген сахаба: "Сураштырдык, көчөдөн намаз окубаган эч ким өтпөгөн экен”, - деди. Пайгамбарыбыз: "Бул берекесиздик намаз окубагандан чыгууда”, - дегенде сахаба кайрадан сураштырып: "Йа, Расулаллах, намаз окубаган бирөөнүн жаназасы өтүп бара жатып табыты биздин үйдүн дубалын чийип кеткен экен”, - деди. Буга Пайгамбарыбыз: "Мына, үйүңдөгү берекесиздиктин себеби ушул, ал дубалды тез арада бузуп кайра тургузгула!” - деп буюрду.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш