Ислам дини » Ибреттүү окуялар » Ымыркандый сүйлөөсү




Ымыркандый сүйлөөсү


Хазрети Пайгамбарыбызга каршы жаман сөздөрдү айтып жүргөн бир аял бар болчу, Пайгамбарыбызды жактырчу эмес. Бир күнү бул аял эркек бала төрөдү. Баласы 2-3 айлык болгон кезде баласын алып көчөдө кетип бара жатып Пайгамбарыбызга жолугат. Аял дагы адепсиздик кылууга даярданат. Бирок, андан мурда оролуп турган сүйлөй баштайт. Ал Пайгамбарыбызга карап:

- Эй, Аллахтын Расулу. Эй, Абдуллахтын уулу Мухаммед алейхиссалам, сага салам бердим! – дейт.

Аял таң калып, селейип калды. Пайгамбарыбыз күлүмсүрөп, балага:

- Эй, бала. Менин Аллахтын Расулу экенимди кайдан билдиң? Менин атым менен атамдын атын ким үйрөтү? - деп сурайт.

Ымыркай күлүп:

- Мага буларды ааламды жараткан Аллаху таала үйрөттү. Ал кааласа, бардык нерсени жаратат.

Андан соң бир аз токтоп туруп мындай деди:

- Эй, Аллахтын расулу. Мен үчүн дуба кыл, Бейиште сизге кызмат кылайын.

Пайгамбарыбыз ымыркай үчүн дуба кылды. Кубанган ымыркай мындай деди:

- Сага ишенген жана ыйман келтирген адам кандай бактылуу. Сага каршы туруп, куфурлук кылган адам кандай бактысыз. Аллах аларды дүнүйө менен акыретте маскара кылат.

Артынан ымыркай шахадат калимасын айтып, ошол бойдон жан тапшырат. Муну көргөн аял дароо ошол жерде мусулман болду. Пайгамбарыбызга ыйлап жалбарды:

- Мени кечир, йа, Расулаллах. Бошко өткөн күнөөкөр өмүрүмө катуу өкүнөм.

Пайгамбарыбыз аялга карап:

- Сүйүнчү, азыр бир нече периштенин сага кепинди Бейиштен алып келгенин көрдүм, - деди.

Аял бул сөздөрдү уккандан кийин баласы сыяктуу шахадат калимасын айтып жан тапшырды.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш