Сүйүнчү


Бир жаш жигит жолдун боюнда ыйлап отурган 4-5 жашар баланын адашып калганын түшүнүп, үйүнүн дарегин сурап билгенден кийин такси жалдап үйүнө алып келет. Бирок, жигит издеген үйдү тапканда өңү өзгөрүп өкүнө түштү. Жол бою кыялданып келген короосунда бассейн, кымбат баалуу машина турган чоң тамдын ордунда эски жыгылайын деген үйдү көрөт. Эшикти атасы ачып, кубангандан небересин кучактап, аны алып келген жаш жигитке рахматын айтып, чөнтөгүнө бир нече тыйын салат. "Аллах сенден ыраазы болсун балам! Бул атаңды абдан сүйүнттүң. Мына бул кичинекей сүйүнчүмдү кабыл алсаң андан бетер кубанамын!” - деди.

Жигит сөз жүрүшүндө баланын ата-энеси жол кырсыгынан каза болгонун түшүнүп, карыя ыйлап жаткан учурда акырын чөнтөгүнө колун салып, канча тыйын салынганын билгиси келди. Үйдүн абалын бир караганда эле карыянын кедей тургандыгы белгилүү болчу. Бирок, «жок дегенде таксиге жеткидей тыйын берип койсо эмне болмок эле» деп ойлоду. Чоң сүйүнчү менен чыга турганын көздөп келген жигиттин кыялы таш каап, ичинде бир от тутана баштады. Өз оюнда өтө сараң, куу чалга кезиккен эле, ага сөзсүз түрдө сабак берүү керек деп ойлоду. Карыянын көзүнө тик карап, чөнтөгүндөгү тыйындарды баланын бутуна ыргытып: "Ме, өзүңө кичинекей оюнчук сатып ал! Ушундайча жоомарттыктын эмне экенин түшүнөсүң!”- деди.

Кичинекей бала тыйындарды жыйнап алганда жигиттин көздөрү чанагынан чыгып кетчүдөй алайа түштү. Анткени, баланын кичинекей алаканында 3-4 даана алтын тыйындар жаркырап турган эле...


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш