Ислам дини » Ибреттүү окуялар » Пайгамбардын көркөм мүнөзү




Пайгамбардын көркөм мүнөзү


Бир күнү Пайгамбарыбыз базарга азык-түлүк сатып алууга бара жатканда жол четинде бир кичине кызматчы кыздын ыйлап отурганын көрдү. Ага жакын барып:

- Кызым, эмнеге ыйлап жатасың?

- Мен бир яхудинин кызматчысымын. Базардан май алып, үйгө кетип бара жаткан элем. Идиш колуман түшүп кетти. Идиш сынып, май төгүлдү. Кожоюнума эмне айтараарымды билбей ыйлап жатам.

Пайгамбарыбыз кызга идиш менен май сатып алууга акча берди. Анда жаш кыз:

- Мени кожоюнум эмне кечиктиң деп урат, - деди.

- Коркпо, бирге барып эмне себептен кечиккениңди айтабыз.

Алгач идиш менен май алышты. Экөө бирге яхудинин үйүнө барып, эшикти кагышты. Яхуди эшикти ачып, Пайгамбарыбызды көрүп шашкалактап калды. Пайгамбарыбыз яхудиге кызматчысынын кечиккен себебин түшүндүрүп, кызга эч нерсе кылбоосун жана кечирүүсүн өтүндү.

Яхуди бул жагдайга таң калып, Расулуллахка:

- Миңдеген адамдын баш таажысы болгон эй улуу Пайгамбар! Бир кызматчы кыз үчүн мен сыяктуу бечаранын эшигине келдиң. Йа, Расулаллах! Бул кызды сенин урматың үчүн азат кыламын. Мага ыйманды, Исламды үйрөт. Сенин жаныңда мусулман болгум келет, - деди.

Пайгамбарыбыз ага мусулмандыкты кыскача түшүндүрүп берди. Ал адам мусулман болгон соң үйүнө кирип бала-чакасына болгон окуяны айтып берди. Алар да мусулмандыкты кабылдашты. Расулуллахтын көркөм мүнөзүн көргөн бул сыяктуу миңдеген адамдар аны сүйүү менен мусулман болушкан. Эки дүнүйө бакытын тилеген адам Расулуллахтын көркөм мүнөзү менен өзүн кооздошу керек.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш