Ислам дини » Ибреттүү окуялар » Жаннатты сатып алды




Жаннатты сатып алды


Бир күнү абдан кедей бир адам Муса алейхиссаламга: "Эй, Муса, жылдар бою ибадат кылып жүрөм, бирок, кедейликтен өлө турган болдум. Аллаху таалага дуба кыл, мага көп мал-мүлк берсин. Турмушумду бираз оңдоп алайын, - дейт. Муса алейхиссалам Тур тоосуна барып Аллаху таалага дуба кылат. Аллаху таала: "Ал кулумдан сура! Байлыкты дүнүйөдө берейинби же акыретте берейинби?” - дейт. Муса алейхиссалам келип кедейден сурайт. Кедей: "Мен байлыкты дүнүйөдө каалайм, - деп жооп берет. Муса алейхиссалам: "Үч күндүк өткүнчү дүнүйөнү эмне кыласың? Бир күнү баарын таштап кетесин да. Сен байлыкты акыретте сура, ал жак түбөлүк, - деп кеңеш берет. Кедей: "Тандоо мага берилди, мен дүнүйөдө берүүсүн каалаймын, - дейт. Муса алейхиссалам кедейге: "Өзүң билесиң, - деп, Тур тоосуна барып Аллахка: "Йа, Раббим, өзүң билгениңдей ал кулуң байлыктын дүнүйөдө болуусун каалады, - дейт. Аллаху таала: "Каалоосу ушундай болсо анда байлыкты дүнүйөдө бердим, - дейт.

Кедей аз убакыт ичинде өтө бай болот, акчасы сансыз көбөйөт. Жыйналган акчаларын жакшы нерселерге жумшайт. Акчасын тараткан сайын көбөйө берет. Канчалык көп берсе ошончолук акчасы көбөйөт. Каерде кедей адам болсо ага барып көмөктөшөт. Каерде карызга баткан адам болсо барып анын карыздарын төлөйт. Жетимдерге камкордук кылат. Аларды кубантат. Үйү жокторго үй алып берет, үйлөнгөндөргө жардам берет. Өзүнө эч нерсе сарптабайт. Бар мүлкүнүн баарын башкаларга таратат.

Убакыт келип, бир күнү ал адам кайтыш болот. Муса алейхиссалам түшүндө аны Жаннатта бийик сарайлардын ичинде көрөт. Кызыгып, мунун хикматын сурайт: "Йа, Раббим, бул кулуң байлыкты дүнүйөдө каалады, сен бердиң. Акыретте бийик үйлөргө кандайча жетти?” Аллаху таала мындай деди:

"Ооба, ал байлыкты дүнүйөдө каалады, мен ага бердим. Бул сарайларды ал ошол байлыгы менен сатып алды. Мен берген акчанын баарын ал киши ушул жерге жумшады. Ал дүнүйөдө бийик сарайларды сатып алган жок, дүнүйөдө мал-мүлк ээси болгон жок. Ага берген бардык мүмкүнчүлүктөрдү менин ыраазылыгым үчүн, менин кулдарыма, менин сүйгөндөрүмө таратты, (ушундайча)Жаннат менен бийик сарайларга жетти.”


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш