Ислам дини » Ибреттүү окуялар » Периштелер да суктанып карашат




Периштелер да суктанып карашат


Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Аллахты жакшы көрүү тууралуу, дин тууралуу сүйлөшүп отурган жерлерге периштелердин да кызыгып карай тургандыгын мындай билдирген:

Аллаху тааланын жер бетинде жүргөн периштелери бар. Алар дин тууралуу сүйлөшүп отурган бир жамаатты көргөн кезде досторун чакырып мындай дешет:

- Келгиле, биз издеп жүргөн адамдар бул жерде экен.

Баары жыйналып бул адамдарды курчап алышат. Алар ушунчалык көп болгондуктан саны асманга чейин жетет. Кулдарынын ар бир ишин билүүчү Аллаху таала алардан сурайт:

- Ал кулдарым эмне кылып жатышат?

- Алар сага шүгүр, тасбих айтып, зикир кылып жатышат.

- Менден эмне сурап жатышат?

- Жаннатыңды сурап жатышат.

- Алар Жаннаттымды көрүштү беле?

- Жок, көргөн эмес.

- Эгер көргөндө эмне кылышмак?

- Жаннатты көргөндө андан да көп сурашмак.

- Алар эмнеден качып жатышат?

- Тозоктун отунан.

- Тозоктун отун көрүштү беле?

- Жок, көргөн эмес.

- Эгер көргөндө эмне кылышмак?

- Эгер аны көргөндө андан да катуу коркушмак.

- Эй, периштелерим, силер күбө болгула, мен аларды кечирдим.

Периштелер сурашат:

- Алардын арасында бирөө илим үйрөнүү же ибадат кылайын деген ниет менен эмес башка бир жумуш менен келген. Ал дагы кечирилеби?

Аллаху таала мындай дейт:

- Алар ушундай бир жамаат, алар менен отурган адам шаки (тозоктук) болбойт, Тозокко кирбейт.

Бул сүйүнчүгө жетүү үчүн бир нече адам жыйналган кезде маңыздуу диний илимдер тууралуу сүйлөшүүлөрү керек. Мындай мүмкүндүктү чоң табылга деп билүү керек.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш