Ислам дини » Ибреттүү окуялар » Хазрети Абу Бакр




Хазрети Абу Бакр


Башка бир риваят боюнча Абу Бакр (радыйаллаху анх) Пайгамбарыбызга пайгамбарлыгы билдириле электе соода максатында Йеменге барган. Ошол сапарында Йемендеги Азд уруусунан көп китеп окуган бир карыяга жолугат. Ал карыя Хазрети Абу Бакрды карап: "Сен Меккенин элинен болот окшойсуң сыягы?” - дейт. Хазрети Абу Бакр: "Ооба, ошондой”, - деп экөө маегин мындай улашты:

- Сен Курайш уруусунансыңбы?

- Ооба.

- Бани Темимденсиңби?

- Ооба.

- Дагы бир белги калды.

- Ал кайдай белги?

- Ичиңди ач, көрөйүн.

- Максатың эмне, айт.

- Китептерден окудум, Меккеден бир пайгамбар чыгат. Ага эки адам жардам берет. Бири - жаш, экинчиси - жашап калган адам. Жаш жардамчысы канчалаган оорчулуктарды жеңилдетет. Көптөгөн балээ-жалааларды жок кылат. Ал эми жашап калганы ак жүздүү, арыкчырай, ичинде бир кара калы бар болот. Мен ошол адамды сен деп ойлойм. Ичиңди ач, көрөйүн.

Ошондо Хазрети Абу Бакр ичин ачты, киндигинин үстүдөгү кара калды көргөндө: "Валлахи, ал адам сенсин”, - деп, Абу Бакрга көп насааттарды айтты.

Хазрети Абу Бакр жумушун бүтүргөндөн кийин коштошуу үчүн жанагы адамга барат. Пайгамбарыбыз тууралуу бир нече ыр саптарын айтууну сурайт. Ал киши он эки сап ыр окуйт. Хазрети Абу Бакр аларды жаттап алат.

Хазрети Абу Бакр сапардан Меккеге кайтканда Укба ибни Муайт, Шайба, Абу Жахл, Абул Бухтари сыяктуу Курайштын алдыңкы катардагы адамдары анын үйүнө барышат.

Абу Бакр аларга: "Бир нерсе болдубу?” - деп сурайт. Алар: "Мындай нерсе болду, Абу Талиптин жетими пайгамбарлык тууралуу айтууда, силер жана ата-бабаларыңар жалган диндесиңер деди. Эгер сен болбогондо аны бул убакытка чейин тирүү калтырбайт элек. Сен анын жакын досусуң. Бул ишти өзүң чеч”, - дешти.

Хазрети Абу Бакр аларды жиберип, Пайгамбарыбыздын Хатижа энебиздин үйүндө экенин угуп жанына барды. Пайгамбарыбыз аны тосуп чыкканда: "Йа, Мухаммед! Сен тууралуу айтылып жаткандар эмне сөз?” - деп сурайт. Пайгамбарыбыз: "Мен Хак тааланын пайгамбарымын. Сага жана бүткүл адамзат баласына жиберилдим, ыйман келтир, ошондо Аллаху тааланын ыраазылыгына жетип, жаныңды Тозоктон коргойсун, - дейт. Абу Бакр: "Буга далилиң барбы?” - деп сурайт. Расулуллах: "Сен Йеменде көргөн картаң киши тууралуу окуя далил, - дейт.

Хазрети Абу Бакр: "Мен Йеменде көптөгөн кары-жашын адам көрдүм”, - дейт . Пайгамбарыбыз: "Ал кары адам он эки сап ыр тапшырып, мага жиберди”, - деп, ошол ырларды окуду. Хазрети Абу Бакр: "Муну сага ким айтты?” - деп сураганда: "Менден мурдагы пайгамбарларга келген периште айтты”, - дейт . Ушуну уккандан кийин Хазрети Абу Бакр: "Колуңду берчи”, - деп, Пайгамбарыбыздын колунан кармап: "Ашхаду ан ла илаха иллаллах ва ашхаду анна Мухаммадан абдуху ва расулух”, - деп мусулман болду.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш