Хазрети Осман


Хазрети Османдын айтып бергени: "Менин бир эжем бар эле. Өтө илимдүү болчу. Бир күнү мага мындай деди:

- Сага бир сулуу буюруп турат. Сен андан мурда эч кандай кыз менен болбойсун, ал да сенден мурда эч кандай эркек менен болбойт. Сулуу жүздүү жана өтө диндар кыз, бир улуу Пайгамбардын кызы болсо керек.

Мен бул сөздөрүнө абдан таң калдым. Кийин мага карап:

- Бир пайгамбар келди. Ага вахий түштү.

- Эй, эжеке! Мындай кабар шаарда буга чейин угулбады. Аныктап түшүндүрүп айтчы!

- Мухаммед бин Абдуллахка пайгамбарлык берилди. Элди динге чакырып жүрөт. Көп убакыт өтпөй Анын дини менен аалам нурданат. Ага каршы чыккандар Жаханнамга түшөт.

Бул сөзү мага абдан таасир берди. Толкунданып кеттим. Абу Бакр экөөбүздүн арабызда достук бар эле. Бири-бирибизден эч айрылчу эмеспиз. Эки күндөн кийин анын алдына бардым. Эжемдин айткандарын ага айтып бердим. Хазрети Абу Бакр мага мындай деди:

- Сен акылдуу адамсың. Эч көрбөй турган, укпай турган, бизге пайдасы да, зыяны да тийбей турган буттар кантип ибадат кылынууга ылайык болсун? Сенин айткандарың туура. Сенин эжең да сага туура айткан.

Хазрети Абу Бакр экөөбүз ушинтип сүйлөшүп отурганда Расулуллах менен Хазрети Али жаныбызга келишти. Хазрети Абу Бакр туруп Расулуллахка бир нерсе айтты.

Пайгамбарыбыз келип жаныбызга отурду. Мага карап мындай деди:

"Эй, Осман! Мен - Раббибиздин пайгамбарымын. Аллах сени Жаннатка чакырууда. Сен дагы бул чакырууну кабыл кыл!”

Бул сөзү мени өтө таасирледи. Ошондо шахадат калимасын айтып ыйман келтирдим. Кыска убакыттан кийин вахий келип, Пайгамбарыбыз кызы Рукая менен никеледи. (Ал кайтыш болгондо Умми Гүлсүм менен никеледи.) Эжем менин ыйман келтиргендигиме катуу кубанган эле.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш