Ислам дини » Ибреттүү окуялар » Хазрети Алинин даражасы




Хазрети Алинин даражасы


Бир күнү Сахабалар Хазрети Алинин мартабасын билүү үчүн Пайгамбарыбыздан мындай деп сурашты:

- Йа, Расулаллах! Хазрети Алини ушунчалык жакшы көрүүңүздүн себебин айтасызбы?

Пайгамбарыбыз:

- Андай болсо Алини чакыргыла! – деди.

Бирөө Хазрети Алини чакырууга кетти. Калгандарынан Пайгамбарыбыз мындай деп сурады:

- Бир адамга жакшылык кылсаңар, ал эми ал адам силерге жамандык кылса силер эмне кыласыңар?

- Жакшылык менен жооп беребиз.

- Кайра жамандык кылса дагы жакшылык кыласыңарбы?

- Ооба, жакшылык кылабыз.

- Силерге үчүнчү жолу жамандык кылса эмне кыласыңар?

Үчүнчү жолу сураганында эч ким жооп берген жок. Үнсүз баштарын төмөн каратышты. Хазрети Али келгенде Пайгамбарыбыз андан да дал ушул суроолорду сурады:

- Эй, Али! Бир адамга жакшылык кылсаң, ал сага жамандык кылса эмне кыласың?

- Жакшылык кылам.

Пайгамбарыбыз жети жолу сураганда да ушул жоопту алды.

- Баары бир жакшылык кыламын, йа, Расулуллах! Убара болбоңуз, канча сурасаңыз да берер жообум ушул.

Сахабалар бул жоопту укканда таң калып, Пайгамбарыбызга мындай дешти:

- Йа, Расулаллах! Хазрети Алини эмне үчүн мынчалык жакшы көрүүңүздүн себебин билдик. Биз да аны өтө жакшы көрөбүз...


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш