Ислам дини » Ибреттүү окуялар » Зейд бин Хариса




Зейд бин Хариса


Зейд бин Хариса Йеменде энеси экөө бир жерге бара жаткан жеринен туткунга алынып, кулдукка жиберилет. Меккеге алынып келип, Хазрети Хатижа энебиздин жээнине сатылат. Жээни кийин аны Хазрети Хатижага, ал болсо Пайгамбарыбызга тартуу кылат.

Атасы менен таякеси изине түшүп, аны издеп Меккеге келишет. Ал кезде али пайгамбарлыгы билдириле элек болго Расулуллахтын алдына келип баласын сурайт. Пайгамбарыбыз:

- Зейддин өзүнөн сурайлы. Сизге баргысы келсе барсын, менин жанымда калгысы келсе мында калсын! – дейт.

Атасы менен таякеси Пайгамбарыбыздын бул сунушуна өтө кубанышат. Анткени, баласынын өздөрүнө кайта турганын ойлошту. Зейдди чакырып, Пайгамбарыбыз ага бул абалды түшүндүрдү. Ошондо ал мындай деп жооп берди:

- Мен эч кимди сизге алмаштырбаймын. Менин атам да, таякем да сизсиз. Сиздин жаныңызда калгым келет.

Атасы бул жообуна ачууланып:

- Сен боштондукту, ата-энеңди, таякеңди кулдукка алмаштырып жатасың!

- Атаке, мен бул адамдан ушундай жакшылыктарды көрдүм, эми андан ажырагым келбейт!

Пайгамбарыбыз буга өтө кубанып, Зейдди Каабадагы «хажарул асвад» ташынын жанына алып барып, ал жерде болгондорго мындай деп жарыялады:

- Баарыңар күбө болгула! Зейд бүгүндөн баштап менин балам.

Атасы менен таякеси бул жагдайды көргөндө ачуулары басылып, көңүлдөрү жай алып, өз элине кайтышты.

Зейд бин Хариса Расулуллахтын пайгамбарлыгын угар замат ыйман келтирген эле. Алгачкы ыйман келтирген 4 адамдын бири болду. Меккеде мусулман болбогондор ага өтө көп азап менен кордук көрсөтүштү. Хижратка уруксат келгенде Мединага көчтү. Расулуллах да аны азат кылган болчу.

Сахабалардын ичинде Хазрети Зейдден башка эч кимдин ысымы Курани каримде анык айтылбаган. 630 жылы колбашчы катары катышкан Мута согушунда шейит болду. Уулу Усама хазреттери да Пайгамбарыбыздын колбашчы кылып дайындаган сахабаларынан болгон.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш