Ислам дини » Ибреттүү окуялар » Пайгамбарыбыздын небереси




Пайгамбарыбыздын небереси


Хазрети Мухаммед Бакр - Ахли байттан (пайгамбарыбыздын урпагынан) Хазрети Хусейиндин небереси жана улуу аалымдардан болгон.

Бир күнү сахабалардан Хазрети Жабирдин жанына барат. Хазрети Жабирдин карылыктан көздөрү көрбөй калган эле. Мухаммед Бакрдын саламын алгандан кийин: "Сен кимсин?” - деп сурады.

- Мухаммед бин Али бин Хусейинмин.

- Эй, Расулуллахтын небереси, жаныма кел!

Мусафаха (колун алып) кылып көрүшкөндөн кийин:

- Расулуллах мага айткан эле: "Эй, Жабир! Сен менин балдарыман бирөөсүн көрүп сүйлөшкөнгө чейин өмүр сүрөсүң. Баламдын аты - Мухаммед бин Али бин Хусейин. Аллаху таала ага нур жана хикмат берди. Ага менден салам айт!

Хазрети Жабир аманат болгон бул саламды ээсине жеткиргенден кийин бираз күндөн соң кайтыш болду.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш