Ислам дини » Ибреттүү окуялар » Бош үйгө ууру кирбейт




Бош үйгө ууру кирбейт


Расулуллах (саллаллаху алейхи ва саллам) Каабада эле. Мусулмандар менен бирге бир Яхуди киши дагы келди.  Ал мезгилдерде Каабага Яхудилер менен мушриктер дагы келишчү. Момундардан бир киши Пайгамбарыбыздан мындай деп бир суроо сурады:

- Йа, Расулаллах! Шайтан мага намазда көп васваса берип жатат, эмне кылышым керек?

Яхуди киши дароо тура калып, текеберленүү менен мындай деп корсулдады:

- Биздин динибизде васваса жок, шайтан бизге васваса бербейт!...

Ошондо Пайгамбарыбыз:

- Йа, Али, мунун жообун сен бер – деп буюрду.

Хазрети Али болсо Пайгамбарыбыздын жанында сөздү эч создуктурбастан кыска жана нуска кылып мына бул жоопту берди:

- Йа, Расулаллах, бош үйгө ууру кирбейт!

Ооба, мөмөлүү бакка таш ыргытылат, баалуу нерсеси  бар үйгө  ууру кирүүгө аракет кылат, дал ошол сыяктуу эле шайтандын иши дагы ыйманы барлар жана ибадат кылгандар менен болот.  Алардын баалуу нерсесин уурдап алууга аракет кылат.

***

Имам Азам хазреттеринин мезгилинде бир киши акчасын катып койгон жерин унутуп коёт. Канчалык эстегенге аракет кылса дагы, канчалык издесе дагы акчаны катып койгон жерди эч таба албай убара болот. «Менин бул дартыма чараны тапса ошол зат табат», -  деп, түптүз Имам Азам хазреттеринин жанынан барат. Имам Азам хазреттери болсо бул кишинин арызын уккандан кийин мындай деди:

- Сенин бул маселең фыкыхка байланыштуу эмес, бирок, ошондой болсо да сага бир жол көрсөтөйүн... Сен баргының да, бул түнү таң атканга чейин намаз оку! Акчаңды катып койгон жериңди эсиңе түшүрөсүң деп үмүттөнөм!..

Тиги киши улуу  имамдын бул жообун алар замат үйүнө барып жакшылап даарат  алат. Ошол түнү таң аткыча ибадат кылмакчы болот. Намаз окуп баштайт... Али түн ортосу боло электе эле баягы акчаны каткан жерин эсине түшүрөт. Дароо намазын таштап, акчаны катып койгон жеринен таап, уйкуга жатты... Таң атканда Имам Азам хазреттерине барып:

- Йа, Имам, Аллаху таала сенден ыраазы болсун! Бул дартыма да чара таап бердиң. Түн ортосу боло электе эле акчаны каткан жерди эстеп, барып акчамды алдым дагы жатып уктап калдым – дегенде Хазрети Имам ага мындай деди:

- Аттиң, таң аткыча ошол ибадатыңды улантсаң болмок. Себеби, шайтан сенин таң аткыча ибадат менен алек болууңа чыдай албай түн ортосу боло электе эле сага аны эстеткен экен. Мен ансыз деле ушул максатта сага «Түнү бою намаз оку» деген элем. Таң атканга чейин шүгүр намазын да кошо окусаң кандай жакшы болмок. Бирок, сен акчаны тапканда намазды таштадың!...


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш