Яхуди кошуна


Кошунага кыянаттык кылбаш керек, ошону менен бирге, кошунанын кылган кыянаттыгына сабыр кылуу керек. Кошунанын мал-үлкүнө көз тикпөө керек. Бирок, өзүңдө мал-мүлк болсо андан кошунаңа да берүү керек.

Малик бин Динар хазреттеринин яхуди кошунасы бар эле. Бул яхуди душмандык кылып, үйүнүн ажатканасынын чуңкурун Малик хазреттеринин бөлмөсүнүн артына такап жасайт. Бөлмөсүнө ажаткананын суусу өтүп, жагымсыз жыттар чыгып тынчын алчу. Мали бин Динар хазреттери күн сайын өткөн сууларды кургатып, сүртүп, жаман жытты кетире үчүн атыр жыттуу нерселерди сээп койчу. Яхуди Малик бин Динар хазреттеринин тынчсыз абалда жүргөнүн билчү. Бирок, арызданып келбегендигине таң калчу. Чыдай албай, кошунасынын үйүнө өзү барат. Жаман жытты сезгенинде: "Эй, Малик, мына бул эмненин жыты?” - деди.

- Бул бөлмөдө жыты чыккан нерселерди сээп жүрөм.

- Жок, бул ажатканын жыты, кара, дубалдан тамчылап турат. Эмне үчүн мага айтпай жүрөсүң?

- Эгер айтсам сен таарынмаксың. Биздин динибизде кошунаны таарынтпоо жана андан келген кыйынчылыктарга чыдоо деген бар. Кошуна менен уруш-талаш болбойт.

Бул сөздөрдү укканда яхудинин төбөсүнөн суу куйгандай болду. Кийин мындай деди: «Азыркыга чейин Ислам динине душман элем, азыр болсо Ислам динине таң калдым. Мындай көркөм мүнөздүү мусулман болуу үчүн эмне кылуу керек болсо баарына даярмын».

Яхуди калимаи шахадат айтып, мусулман болду.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш