Ислам дини » Ибреттүү окуялар » Яхудини куткарган даарат




Яхудини куткарган даарат


Имам Жафар Садык хазреттери жолдо кетип бара жатып бир яхуди ибадатканасын көрөт. Балким, мусулман болор деген ой менен насаатын айтуу үчүн ибадаткананын эшигинин алдына барат. Эшик жабык эле. Үн чыгарганда бир яхуди жооп берет, бирок, көпкө чейин күттүрүп туруп ачат. Имам Жафар Садык хазреттери ичке кирген соң яхудиден мындай деп сурайт:

- Жооп бергенден кийин эмне үчүн эшикти дароо ачпадың?

- Сенин үнүңдү укканда көңүлүмдө бир коркунуч пайда болду. Туруп алгач даарат алдым. Анткени, Тоораттан "Бир адамдан же бир нерседен корккон адам даарат алсын, ага эч нерсе зыянын тийгизбейт, ага эч ким жамандык кыла албайт” деген саптарды окуган элем, ошондуктан, эшикти кечиктирип ачтым.

Жафар Садык яхудиден бул сөздөрдү укканда өтө калды. Ага Исламды түшүндүрдү. Яхудинин көңүл көзү ачылып, мусулман болууну каалоосу көбөйүп, ошол замат калимаи шахадат айтып мусулман болду.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш