Ислам дини » Адеп-ахлак » Хиджаб жана сатр-и аврат » Сатр-и аврат (аврат жерлерди жабуу, аялдардын хиджабы)




Сатр-и аврат (аврат жерлерди жабуу, аялдардын хиджабы)


Бир адамдын башка бирөөгө көрсөтүүсү жана башка бирөөнүкүн кароосу харам болуп эсептелген дене мүчөлөрү аврат жерлер деп аталат. Эркектердин аврат жери киндигинен тизесинин астына чейинки жерлер. Тизе аврат болуп эсептелет. Бул мүчөлөрү ачык болуп окулган намаз кабыл болбойт. Намаз окуп жатканда дененин башка бөлүктөрүн (кол, баш) жабуу (байпак кийүү) эркектер үчүн сүннөт. Бул мүчөлөрү ачык бойдон намаз окуу макрух.

Аялдардын алаканынын ичи жана жүзүнөн башка бардык жери, колунун үстү, чачы жана буттары төрт мазхабда тең аврат. Ошондуктан, аялдар аврат делген. Ал жерлерин жабуусу фарз. Аврат мүчөлөрүнүн биринин төрттөн бир бөлүгү бир рукун боюнча ачык калса намаз бузулат. Андан азыачылса бузулбайтНамазы макрух болотИчиндеги дене мүчөнүн формасынтүсүн көрсөткөн жука кездеме жокдегенге барабар болот.

Аялдардын намаздан тышкаркы маалда жалгыз болгондо тизеси менен киндигинин арасын жабуусу фарзжонун жана курсагын жабуусу важибал эми башка жерлерин жабуусу адепке кирет.

Расулуллах (саллаллаху алейхи ва саллам) айтты:

«Чоочун аялды шахват менен (кумарлануу менен) караган адамдын көздөрү от менен толтурулуп Тозокко киргизилет.» 

«Чоочун аял менен кол алышкан адамдын колдору желкесине байланып Тозокко ыргытылат. Чоочун аял менен зарылдыгы болбостон шахват менен (кумарлануу мененсүйлөшкөн адам сүйлөгөн ар бир сөзү үчүн миң жыл Тозокто калат».

Ал эми башка хадиси шарифте:

«Кошуна аялды жана досторунун жубайларын шахват менен кароо чоочун аялдарды кароодон он эсе чоң күнөө.» 

«Күйөөсү бар аялдарды кароо жаш кыздарды кароодон миң эсе чоң күнөө. Зина күнөөлөрү да ушундай», - деп айтылат.

Расулуллах (саллаллаху алейхи ва саллам) мындай дейт:

«Эй, Али! Саныңды ачпа жана өлүү же тирүү эч кимдин санын караба!»

Башка бир хадиси шарифте:

«Аврат жериңерди ачпагыла. Себеби, жаныңардан эч айрылбаган бирөөлөр бар. Алардан уялгыла жана аларды сыйлагыла». (Алар Хафаза периштелери) деп айтылат.

Дагы башка хадиси шарифтерде:

«Аврат жериңди жап. Аялыңдан жана жарияңдан башкасына көрсөтпө. Жалгыз болгондо да Аллаху тааладан уялгыла!»

«Өздөрүн аялдарга окшоткон эркектерге жана эркектерге окшоткон аялдарга Аллах лаанат кылсын!»

«Бир кыздын сулуулугун көргөн адам көзүн андан дароо башка тарапка бурса, Аллаху таала ага жаңы бир ибадаттын сообун берет жана ал анын лаззатын дароо сезет».

«Аврат жерин ачкан жана башка бирөөнүкүн караган адамга Аллах лаанат кылсын!»

«Өзүн бир коомго окшоткон адам ошолордон болот», - деп айтылды.

Демек, адеп-ахлагын, иш-аракеттерин же кийим-кечесин башкаларга окшоткон адам ошол адамдардын арасынан болот. Модага берилип, капырлардын салт-санаасын жолдогондор харам нерселерди жакшы өнөр деп атап жана ал харам иштер менен алпурушкан адамдарды мыкты уста (өнөрчү), жаңычы деп атаган адамдар бул хадиси шарифтерден таалим алып коркуулары, уялуулары керек.

Эркек эркектин, аял аялдын аврат жерин кароосу дагы харам. Билинип тургандай, эркек аялдыкын, аял эркектикин кароосу харам болгондугу сыяктуу эле, эркек эркектикин, аял аялдыкын кароосу да харам. Эркектин эркек үчүн жана аялдын аял үчүн аврат болуп эсептелген жери киндик менен тизенин астынын ортосу. Аялдын чоочун эркектер үчүн аврат жерлери болуп алаканы жана жүзүнөн башка бардык жери эсептелет. Чоочун аялдын аврат жерлерин кумарланбастан кароо да харам.

Жууркандын ичинде жылаңач жаткан оорулуу адам башын жууркандын ичине киргизип, ишара менен намаз окуса, жылаңач бойдон окуган болот. Башын жууркандан чыгарып окуса, жууркан менен жамынып окуган болот жана бул жаиз б.а., буга уруксат.

Бир эркек нике кыйып үйлөнүүсү түбөлүккө харам болуп эсептелген он сегиз «махрам» аялдын башын, жүзүн, кекиртегин, колдорун, бутунун тизесинин ылдый жагын шахват болбой тургандыгына (кумарланбай тургандыгына) ишенсе карай алат. Бирок, көкүрөгүн, колтугун, санын, тизесин жана аркасын-далысын карай албайт.

Аял үчүн атасынын бир туугандарынын, таякесинин, таэжесинин уулдары чоочун эркек болот. Жезде, кайнага, кайниси дагы чоочун. Алар менен сүйлөшүп тамашалашуусу жана бир жерде чогуу болуулары харам. Эркектердин дагы атасынын бир туугандарынын, таякесинин, таэжесинин кыздары, балдыз жана жеңелери менен сүйлөшүүсү харам.

Эркек адам махрам болуп эсептелген аял менен өлгөнгө чейин үйлөнө албайт. Алар менен сүйлөшө алат. Бир жерде чогуу жалгыз боло алат. Аял да он сегиз эркек менен үйлөнө албайт. Бул он сегиз эркек жана аялдар төмөндөгүлөр:

Кан боюнча тууган болгондор

Эркектер:

1. Ата.

2. Чоң ата менен тайата.

3. Уулу жана эркек неберелери.

4. Ага-иниси.

5. Ага-инисинин уулдары.

6. Кыз бир тууганынын уулдары.

7. Эне-атанын ага-иниси

Аялдар:

1. Эне.

2. Чоң эне жана тайэне.

3. Кызы жана уул-кызынын кыздары.

4. Кыз эже-карындаштары.

5. Эже-карындаштарынын кыздары.

6. Ага-инисинин кыздары.

7. Атасынын эже-карындаштары, таэжелери.

Сүт боюнча тууган болгондор

Эркектер:

8. Сүт ата.

9. Сүт чоң ата менен тайата.

10. Сүт уулу жана сүт уул-кызынын уулдары.

11. Сүт ага-иниси.

12. Сүт кыз бир тууганынын уулдары.

13. Сүт ага-инисинин уулдары.

14. Эне-атанын сүт ага-иниси.

Аялдар:

8. Сүт эне.

9. Сүт чоң эне жана тайэне.

10 Сүт кызы жана сүт уул-кызынын кыздары.

11. Сүт эже-карындашы.

12. Сүт эже-карындашынын кыздары.

13. Сүт ага-инисинин кыздары.

14. Эне-атанын сүт эже-сиңди, карындаштары.

Нике боюнча туугандар

Эркектер:

15. Кайын ата.

16. Өгөй уул.

17. Өгөй ата.

18. Күйөө бала.

Аялдар:

15. Кайын эне.

16. Өгөй кыз.

17. Өгөй эне.

18. Келин.

Аврат жери ачык бойдон көчөгө чыккан жана башкалардын аврат жерлерин караган эркек менен кыздар Тозоктун өтө жалындуу отунда күйүшөт.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш