Жылаңач жуунуу


Суроо: Эркектер жалгыз кезде жылаңач же шорты менен жуунса күнөө болбойбу?

Жооп

Бул маселеде үч кавил бар:

1 – Макрух болот.

2 – Кичинекей жерлерде жаиз.

3 – Жаиз. (Радд-ул мухтар)

Этияттуу болуу керек, бир этекче менен киндиктен тизеге чейин жаап алуу керек. Этекче табылбаса, шорты бар болсо Ханбали мазхабы таклид кылынса макрух болбойт. Шорты дагы жок болсо кичинекей жерде гусул алууга аракет кылуу керек. Кичинекей жер да табылбаса жаиз болгон кавилге ылайык амал кылуу керек.

Суроо: Үйдө эч ким жок кезде жылаңач болуу жана жылаңач жууну күнөөбү?

Жооп

Ооба күнөө. Анткени, жалгыз эмеспиз. Жаныбызда бизди жин жана шайтандардан коргоп турган, амалдарыбызды жазып турган периштелер бар. Хадиси шарифтерде айтылды:

"Бир адам эки салих кошунасынан кандай уялса, күнү-түнү өзү менен бирге болгон эки периштеден дагы ошондой уялуусу зарыл!” [Байхаки]

"Жылаңач болуудан сактангыла! Дайыма сиз менен бирге болгон жана бир гана жимада (никелүү жыныстык катнашта) жана ажатканада айрылган хафаза периштелеринен уялгыла жана аларды урматтагыла!” [Тирмизи]

"Жалгыз калганда дагы аврат жериңерди ачпагыла! Себеби, жаныңардан эч качан айрылбаган [хафаза] периштелери бар. Алардан уялгыла жана аларды урматтагыла.” [Эшиат-ул-лэмэат]

"Түнү гусул алып жатканда аврат жериңерди ачуудан сактангыла. Эгер сактанбаган бирөө чыкса ошол адамда жиндилик белгилери көрүлсө өзүнөн башкасын күнөөлөбөсүн.” [Хаким]

Биз ар дайым Аллаху таала менен биргебиз. Намазды баштап жатканда Анын алдына чыгуудабыз деп айтылат. Алдына чыгып жатканда өзүбүздү иреттеп алуубуз керек. Аллаху таала биздин жаңы жана кымбат кийимдерибизди карап бизге жана намазыбызга баа бербейт. Жүрөгүбүздү жана ниетибизди карайт. Буларды эмне ой жана эмне ниет менен кылганыбызды карап, сооп же азап берет. Ушуга карабастан бир гана өзүбүз үчүн кийимдерибиздин дагы иреттүү болушун, адеп жерлерибиздин жабык болушун буйрук кылууда.

Аллаху таала намазда да, намаздын сыртында да, албетте, бизди көрүп турат. Андай болсо, Ага каршы чыгуудан, тарбиясыздык, адепсиздик кылуудан алыс болуубуз керек. Дагы хадиси шарифтерде айтылды:

"Аллаху таала хайаны (уяттуулукту) жана аврат жерлерди жабууну жактырат. Андай болсо жуунуп жатканда аврат жерлериңерди жапкыла.” [Абу Давуд]

"Аллаху тааладан уялуу адамдардан уялууга караганда зарылыраак.” [Тирмизи, Насаи]

"Жуунуп жатканда аврат жерлериңерди жапкыла! Аллаху таала хайа ээси. Уялып, аврат жерлерин жапкандарды жактырат.” [Насаи]

"Аврат жерлериңерди жапкыла! Жалгыз кезиңерде дагы Аллаху тааладан уялгыла!” [Тирмизи]


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш