Доктурга да күнөө бар


Суроо: Доктурга күнөө болбойт дешүүдө, бул туурабы?

ЖООП

«Доктурга күнөө болбойт» деген сөз өтө жаңылыш. Бир доктур бир аялды эмдеп жатканда зарылдыгынан артыкча жерди ачса, 5 мүнөттө эмдөөсү мүмкүн болуп туруп андан артык создуктурса күнөө болот. Мажбур калмайын, зарылдык болмоюн аял киши эркек доктурга эмделбөөсү керек, аял доктурга баруусу керек. Аял доктур табылбаса жана оору коркунучтуу же өтө ооруп турган болсо «Зарылдыктар харамдарды мубах кылат» өкүмүнө баш ийип эркек гинеколог адисине да бара алат.

Бир ооруканада терапевт катары аял дагы, эркек дагы бар болсо оорулууга тандоо мүмкүнчүлүгүн берүү керек. Марбурлук болгондо эркек доктур аял кишини эмдеп жатканда зарылдык өлчөмүнчөлүк жерин ачуусу керек. Зарылдыктан артыгын ачса күнөө болот. Мисалы, кан басымын өлчөп жатканда кийиминин үстүнөн дагы өлчөө мүмкүн болсо колун ачуусу күнөө болот.

Доктурдун зарылдыктан артык эмдөөсү сыяктуу эле зарылдыктан артыкча сүйлөөсү да туура эмес. Мусулман доктур ар качан олуттуулугун сактап, күнөө боло турчу иш жана кыймыл аракеттерден сактануусу керек! Тааныш бир көз доктуру: «Компьютер менен караганда кээ бир ооруларды жана көз кемчиликтерин дароо түшүнөбүз. Бирок, оорулуу киши «мага көп көңүл бөлбөдү» дебесин деп бир канча жолу бир эле процедураны кайталайбыз» - деди. Күнөө болбогондугу үчүн мындай бөтөнчөлүктөр болушу мүмкүн.

Аялдардын бири-бирине аврат жери эркектин эркекке болгон аврат жери сыяктуу. Эркек эркектин, аял да аялдын киндик менен тизе арасын карай албайт. Мисалы, уролог доктур бир эркектин белден төмөнүн чечип карай албайт. Бир чөпөрөк материал жаап, колу менен текшерет. Көзү менен да көрүүсү керек болуп турган болсо ошол чүпөрөктүн белгилүү бир бөлүгүн зарыл болгончолук ачып карай алат. Аял доктур дагы бир аялды ушундай чүпөрөк жабуу аркылуу эмдейт. Аял аялга зыян болбойт дегендик жаңылыш. Себеби, аялдын да зарылдыксыз башка бир аялдын тизе менен киндик арасын кароосу харам.

Мусулман эмес жана муртад аялдардын мусулман аялдарын кароосу, тактап айтканда, мусулман аялдардын буларга көрүнүүлөрү бөтөн эркектерге көрүнүүлөрү сыяктуу болуп, үч мазхабда тең харам болуп саналат. Булар мусулман аялдардын денелерин карай алышпайт. Бир гана Ханбали мазхабында жаиз. Буларга эмделүүгө мажбур болгон кезде Ханбали мазхабы таклид кылынса, тактап айтканда, «Ханбалиге уюдум» делсе күнөөдөн кутулган болот. Шыпаа үчүн жеке менчик ысык сууга бара албаган оорулуу киши жалпыга ачык ысык сууга барганда аврат жерлери ачык адам бар болсо Ханбали мазхабын таклид кылуусу керек.

Суроо: Аял доктур бар болсо да аялдардын тиш, көз, кулак-мурун-тамак, гинеколог сыяктуу тармактарда эркек доктурга барып эмделүүсү жаиз болобу? Ошондой эле, гинеколог адис христиан аял доктур бар болсо да салих бир эркек доктурга барып эмделүүсү жаиз болобу?

ЖООП

С.Абадиййа китебинде: «Аялдарды аял доктурга көрсөтүү керек. Аял доктур табылбаса жана оору коркунучтуу же өтө ооруп жаткан болсо гинеколог адиси болгон эркекке да көрсөтүү керек», - делген. Гинекологдо эркек доктурду эмес, мусулман эмес болсо да аял доктурду тандоо керек. Калган ооруларда мажбур калмайын эркек доктурга барбоо керек. Ошол эле ишти жасаган аял доктур табалбаса, оорусу дагы олуттуу болуп эмделүүсү жана айыктырылуусу шарт болсо ошондо гана жаиз болот.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш