Ислам дини » Башкаруучулук » Бөлүнгөндү бөрү жейт




Бөлүнгөндү бөрү жейт


Адамдар коом катары биргелешип өмүр сүрүүгө мажбур. Коомдогу ар бир адам башкалардын акыларына маани берүүгө, адамгерчилик касиеттердин тышына чыгып кетпөөгө тийиш. Коомду кураган адамдардын карым-катнаштары жакшы болсо, адебинен ашпаса, бири-бирине мээримдүү болушса ал жерде тынчтык, бейпилдик, жакшы, бактылуу жашоо орнойт. Хадиси шарифте мындай делген:

«Коомдо (жамаатта) биримдик менен ынтымакта рахмат (мээрим) бар, бөлүнүүчүлүктө болсо Илахи азап бар.» (Байхаки)

«Эки адам бир адамдан жакшы, үч адам эки адамдан жакшы, андай болсо биримдик ичинде болгула.» (Асакир)

Ар бир адам коом ичиндеги биримдиктин бузулбоосуна, ар дайым ынтымактын болуусуна ат салышуусу керек. Ал эми тескерисинче, ар түрдүү ушактар аркылуу араздашуулар чыкса, ортого иритки салынып, адамдар арасында бири-бирине душмандык пайда болсо ал жерде фитна (бүлүк) чыкты деген сөз. Коом ичинде фитна чыкканда элдин биримдигинин бузулуусуна, ынтымаксыздыкка, акыры барып эл ынтымагынын ыдыроосуна себеп болот. Ошондуктан, Курани каримде: «Фитна – адам өлтүрүүдөн да жаман», - делген. (Бакара 191) Хадиси шарифте: «Фитна уйкуда, аны ойготкон адамды Аллах лаанат кылсын!», - делди. (Барика)

Мындай фитналардын кесирин, азабын көптөгөн адамдар, көптөгөн элдер тартууда. Тарых боюнча империалист күчтөр башка элдерди оңой басып алуу же алардын кубаттанып кетпөөлөрү үчүн эл ичине иритки салып турушкан. Азыркы заманыбызда мунун эң оңой жолу болгон маалымат куралдары аркылуу ишке ашырышууда. Улуттар арасына душмандык салуу, өкмөткө каршы пикирлерди таратуу, ар кандай тасмалар, сүрөт жана жазууларды таратуу сыяктуу жолдор менен бүлүк чыгарууга, коом ичинде жашап жаткан элдерди бөлүүгө аракет кылып келишет.

Жапон элдеринде «Ар окуган нерсеңе ишене бере турган болсоң андан көрө окубаганың жакшы» деген макал бар. Чынында эле ар окуган, уккан же тасмалардан көргөн нерселерге ишенүү дегенибиз - телеберүү, интернет аркылуу оюн жүргүзүп жаткандардын оюнчугуна айлануу деген сөз. «Ар нерсе натыйжасы менен өлчөнөт» деген даанышман сөз бар. Канчалаган элдерден көрүп жүргөнүбүздөй бүлүк чыккан элдердин кан төгүү, чачыроо, тарых сахнасынан жок болуп кетүү сыяктуу натыйжалар менен аяктап жаткандыгы маалым. Ошондуктан, ар иште эмоцияга, сезимге берилип эмес, акыл менен, оор басырыктуулук менен ойлонуу керек. Натыйжасында эмне боло тургандыгын ойлонуу керек. Ватсаптан каттар келип жатат деп оолугуп, абалды дүүлүктүрө бербеш керек. Жаңылыктардан көргөнүбүздөй эл жыйналган аянттарга жашырылган арматуралар жана бөтөлгөгө куюлуп даярдалган күйүүчү заттар мунун эч кандай тынчтык иш чарасы эмес душмандардын атайылап кастандык ойлоо менен уюштурган амалдары экендигин көрүүгө болот. Мекенинин чыныгы патриоту болгон адам - билим алып, жогору даражаларга көтөрүлүп, элинин өнүгүүсүнө салымын кошууга, кесип, ишкана ачып адамдарды жумуш менен камсыз кылууга, колунан келишинче элинин гүлдөп өнүгүүсүнө аракет кылган адам. Ар кандай бүлүк чыгып, алигиче өзүнө келе албай жаткан Украина, Сирия сыктуу элдерде митингдерге чыккандар да башында зыяны жок, тынчтык митинги деп ойлошкон. Араларында чыккан кан төгүүлөр күндөн күнгө күчөйбөсө басаңдаган жок. Элдери бозала болуп жер кыдырып, өз эл-жеринен качып кетүүгө мажбур болууда. Барган жерлеринде да көрүп жаткан азаптары жан кейитерлик абалда.

Көптөгөн туура нерселер бирөөлөргө туура эмес болуп көрүнүүсү мүмкүн. Туура эмес нерселер да бирөөлөргө туура болуп күрүнүүсү мүмкүн. Адамдардын ой жүгүртүүлөрү бирдей эмес. Тырмактын астынан кир изделсе ар бир нерседен кемчилик табууга болот. Көп улуттуу эл болгондуктан улут аралык карама-каршылык туудуруу, ушул аркылуу бүлүк отун тутандырууну көздөгөндөр да болуусу мүмкүн. Ошондуктан, кеңири, салабаттуу ойлоно билүү керек, эч кандай келишпестиктерге жол бербөө керек. Бөлөм, бөлүнөм деген адам үчүн мунун жолу көп. Улутка, урууга, көзкараш-пикирге, шаарга, аймакка, эң акыры келип тууган урукка, үй-бүлөгө, үй-бүлөнүн ичинде дагы бөлүнө берүүгө болот. Даанышман ата-бабаларыбыз: «Бөлүнгөндү бөрү жейт» - деп бекер айтышкан эмес. Биз бир ууч гана элбиз, аны келип дагы бөлүүгө, бүлүк чыгарууга талпына турган болсок сырткы душмандарга оңой олтоң олжого айлана тургандыгыбыз анык.

Чыныгы мусулман адам  - дининин, мекенинин өнүгүүсүн жана эли-журтунун пайдасын ойлогон адам. Чыныгы мусулман – эч бир жаман пропоганданын туткуну болбой, бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып, динине жана элине кызмат кылат. Ушундайча, дүнүйөдө да, акыретте да Аллаху тааланын кут-берекесине жетет. Мусулмандар эл ичинде биримдикке, ынтымакка, бири-бирин жакшы көрүшүүчүлүккө көп маани берүүлөрү керек. Мамлекеттин өнүгүүсү үчүн материалдык жана руханий жагынан күч-кубаттын булагына айланууга тийиш. Дин илимдерин, адеп-ахлагын жакшы үйрөнүү, Аллахтын алдындагы милдеттерин жана коом ичиндеги милдеттерин, карыздарын өтөөсү керек. Исламдын көркөм мүнөзү менен кооздонуусу керек, эч кимге зыянын, залакасын тийгизбөөсү керек. Фитна (бүлүк) чыгарбоосу керек. Динибиз мына ушундай болууну буйрук кылат. 


Артка
 
    
Диний маалымат изде:

Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш