Ислам дини » Башка диндер » Башка планетадан келгендер, учуучу тарелка, НЛО чынбы?




Башка планетадан келгендер, учуучу тарелка, НЛО чынбы?


Суроо: НЛО деген чынбы? Куранда бул тууралуу эмне делген?

Жооп: Башка планетадан келгендер белгисиз бирөөлөр (НЛО) деген нерсе жок.

Кылымдар бою динсиздер диндерди кулатуу үчүн нече түрдүү калп нерселерди ойдон чыгарышкан. Мисалы, Адам алейхиссаламды жокко чыгаруу үчүн алгачкы адамдардын жапайы болгондуктарын, маймылдан чыгышкандыктарын, тил билбегенин айтып жар салышууда. Чындыгында Аллаху таала бардык нерсенин атын, илимин жана маданиятын Хазрети Адамга билдиргенин айтууда. (Бакара 31)

"Теңирлердин Арабалары" деген ойдон чыгарылган нерселерди жазган Erich von Daniken мына ушулардын бири, Египед Пирамидаларын көргөндө "Буларды адам баласы жасай албайт. Теңирлер жасаган болушу керек" деген ой менен кыялдарды чыгарган. Капыр киши өзүнүн мээсинде теңир көп болсо көп иш кылат деп ойлойт. Бүткүл нерсеге күчү жеткен бир Аллахты ойлой албайт.

Динсиз киши теңирге ишенбейт. Бирок, мусулмандардын ишенимдерин бузуу үчүн бир нече теңир бар экендигин айтат. Бул үчүн Көк теңирлерди же Теңирлердин Арабалары деп айтуулары да алардын динге карата каршылыктарынан улам келип чыгууда. Бейиш жана Тозок тууралуу мазактоолорду айтышат. "Тозокто бийчилер бар. Биз Бейишти эмес Тозокту каалайбыз" дешет. Буларды дагы Тозокко ишенгендиктеринен эмес ишенгендерди мазактоо үчүн айтышат. Көп теңир тууралуу айтуулары да мына ушул максат үчүн.

Адам баласы маймылдан жаралган дегендерге, башкача айтканда, эволюция жомогун билим деген атка татытуу үчүн антрополог дешкен. Негизи абийири бар биолог же антрополог илимге кыянатчылык кылбайт. Адам скелетинин башына маймыл же доңуздун тишин тагып алып, аны жалган түрдө илимдин атынан жарыялабайт.

Бул иштерди динсиздер жүргүзүп жатканда кээ бир мусулмандардын дагы НЛО жалганына ишенүүлөрү, өзгөчө кээ бир мусулмандардын "Космосто мусулман боордошторубуз бар" деп айтууларына карата бул макаланы жазуу бизге важиб болду. Бул жазууну жаза турчу кезде бир канча кишиге айттык. Ыймандуу бир киши: "НЛОлор тууралуу силерге бир брифинг берейин", - деди. Үч досубуз болуп бир саатка чейин созулган брифингди уктук. Бул дагы Даникендин таасиринде калган экен. НЛО деп бизге археологиялык казууларда чыккан тарыхый буюмдарды көрсөттү. Ал эмгектерди азыр кылуу мүмкүн эместигин айталы. Бул эмнени көрсөтөт? АлНЛО деген сөз - орусча "Неопознанный Летающий Объект" деген сөздөрдүн баш тамгалары. Асманда көрүнүп, бирок, эмне экендиги билинбеген нерселерге мына ушундай ат берилген. Адамдар НЛОну, б.а., космос кемелерин учуучу тарелка, "башка планетадан келген адамдар" деп ойлошту. Азыркыга чейин ушинтип айтып жүргөндөр бар. Бүгүнкү күндөгү технология буларды жасай албай коймок беле? Америка Аба Күчтөрү бул НЛО деп аталган объектилердин эмне экендигин изилдеди. Натыйжасында тоолордо көрүнгөн тарелка сымалдардын булуттардын ичиндеги муз криссталдарынан чагылышкан жарык топтору экендиги аныкталды. Кээ бир согуш учактарынын учкан тарелка формасында экендиги да чындык. Супер державалар технология согушунда жасаган куралдарын, жаңы техникаларын жашыруу үчүн жашыруун иштерин НЛО (Неопознанный Летающий Объект) аркылуу жашырып жымсалдоого аракет кылышууда. Тиги же бул тараптагы адамдар тарелка формасында бир нерсени көргөндө "Мына НЛО көрүндү" деп айтышууда. НЛО планеталардан келген кишилер эмес. Себеби, бүгүнкү техника планеталарда жашоонун жок экендигин аныктаган.

Өз билим тармактарында адис болгон 16 окумуштуу бул маселени илимий жактан изилдешкен, НЛОлордун негизи жок экендигин дагы бир ирет тастыкташкан. Даникен Угуулары аттуу эмгектеринде Даникенге тийиштүү соккуну урушкан. Бирок, буга карабастан алиге чейин бизде да илимий технологияга каршы чыккан кишилердин бар экендигине таң калууга болот.

Мусулмандар планеталарда адам же адам сымал барлыктын жок экендигин билдиришкендиктен дин душмандары НЛО деген бир жалган нерсени ойлоп чыгышты. Аллахка ишенишпейт. Бирок, мусулмандардын ишенимдерин бузуу үчүн көп теңирлер бар экендигин айтышат. Бул үчүн Көк теңирлер же Теңирдин Арабалары деп айтуулары да дин каршылыктарынан улам келип чыгууда.

Динсиздердин куулуктары көп болот. Эч биринин негизи жок. Чындыкты үйрөнүп, алардын ар түрдүү куулуктарына алданып калбоо керек.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш