Мажусилик


Ирандыктардын жана индиялыктардын бир бөлүгү карманган бузук ишенимдердин бирөө болуп саналат. Бул ишенимди кармангандар «Мажуси», ал эми динбашчылары болсо «Муз» деп аталышат. Индия жана тегерегинде көп отурукташкан Брахмандардын бир бутагы болгон Мажусилер отко, уйга, крокодилге сыйынышат. Булар Миладдан мурда болжол менен 551-жылдары Зардушт (Zarathoustra) делген бирөө курган ишенимди карманышат. Мажусилер өлгөндөрүн көмүшпөйт, атайын жасалган мунараларда сакташат да, жоруларга жедиришет.

Ирандыктар Ибрахим алейхиссалам билдирген туура динге ишенишчү. Асурийлердин бул өлкөнү басып алууларынан кийин «Сабиилик» деп аталган бузук ишенимдерин Иранда жайып башташкан. Сабиилер Күндү, Айды жана жылдыздарды ыйык барлык деп кабылдашып, түрдүү буттарга сыйынышчу эле. Жалгыз Аллахка ишенүүнү буйрук кылган илахий диндин толугу менен унутулуусунан кийин Ирандыктар Сабиилик ишенимин кармана башташты. Булар убакыттын өтүүсү менен отту да ыйык деп эсептей башташты. Булардын бир бөлүгү отту түздөн түз теңир деп кабылдоого чейин барышкан. Мындан кийин отко сыйынуу ритуалдарын ойлоп чыгара башташкан жана эч өчпөсүн деп ичинде от жагылган Атешгеде (от храмын) жасашкан.

Мажусилик ишениминде отко сыйынуу ритуалын чыгарып, адамдарды ага сыйынууга чакырган «Мажус» аттуу бир киши болуп саналат. Бул ритуалдын куруучусунун атынан улам ушул ишенимдегилер «Мажуси» деп аталып калган. Мажусилик Сабииликтин дагы да бузулуп уланган башкача бир түрү болуп саналат.

Мажусилер эски философтордун жаратылыш, жакшылык жана жамандык тууралуу пикирлерин серептеп жатып оттун жалынын (ысыгын) жашоо жана барлыктардын үстүндө кандай таасир бергендигин көрүшүп, жашоону жараткан бир кубат катары аны илахий кудурет деп эсептешкен.

Мажусилердин диний лидерлеринин бир бөлүгү отту теңир деп кабыл кылышкан. Муну менен бирге дагы ошол философтордун «Бирден бир гана туулат» деген сөздөрүнөн улам «дуалист=эки теңирдүү» бир ишенимге такалышкан. Бул философиялык көзкараш боюнча бир болгон илахтан бири-бирине каршы болгон жакшылык менен жамандык туулбайт. Булардын экөө тең эзели илах болуп эсептелет. Жакшылык илахы нур болуп, жакшылыктын булагы деп саналат. Жамандык илахы караңгылык болуп, жамандыктын булагы болуп саналат. Жакшылык илахы «Хүрмүз», жамандык илахы болсо «Эхриман» деген ат менен эскерилген. Булар бири-бири менен дайыма согуш ичинде. Жакшылык көбөйгөн кезде Хүрмүз, жамандык көбөйгөндө Эхриман жеңген дешет. Бул эки теңир ишеними диндер тарыхында «Санавиййа-Дуализм» деп алат.

Кийин келген мажусилер бир ийинде жакшылык, экинчи ийинде жамандык болгон илахтарды элестетип сүрөт тартышкан. Мажусилер отту жакшылык илахы Хүрмүздүн бир символу катары кабылдашкандыктан ар бир сыйынчу жерлеринде Атешгеде деп аталган дайыма от күйүп турган жерди жасашкан. Бул от эч өчпөстөн күйүп турчу эле. Эч ким буга тийе албайт, жада калса, деми менен болсо да кирдете албайт. Ошондуктан, от жаккан рахибдин колдорунда колкап жана оозунда чүпөрөк болчу. Мажусилер от күйүп турган мөөнөт бою жакшылык илахынын жамандык илахын жеңе тургандыгына ишенгендиктен оттун эч өчпөстөн күйүп туруусу зарыл экендигине ишенишчү. Пайгамбарыбыз дүнүйөгө келген түн болгон таң каларлык окуялардын бирөө – мына ушул мажусилердин миң жылдан бери күйүп турган чоң отторунун дароо өчүп калуусу эле.

Эски Иранда болжол менен Миладдан мурда 7. же 6. кылымда жашап өткөндүгү кабыл кылынган Зардушт эски динди оңдоо үчүн ортого чыккан имиш жана Ирандагы көп теңирчиликке каршы бир илах ишенимин жактаган имиш. Анын пикиринде эң чоң Раб (илах) - «Ахура-мазда». Ахура бардык нерсени билген, аалам тартибин башкарган, бардык нерсеге жашоо берген жана бардык нерсенин ээси болгон эң чоң кудурет. Муну менен бирге жакшылык «Хүрмүз» жана жамандык «Эхриман» сыяктуу эки илах пикирин таштай албаган жана атешгеделерде дагы да от жанган. Зардушт бир күнү дүнүйөнүн бүтө тургандыгын, кыямат боло тургандыгын, Жаннат жана Жаханнам бар экендигин, өлгөн адамдын рухунун эсепке тартыла тургандыгын, өзүнөн мурда келген пайгамбарлардан жана алып келген китептерден же аларга ишенгендерден угуп кабыл кылган. Ошону менен бирге адамдарга дүнүйө жана акырет бакытын үйрөткөн жана туура жолду көрсөткөн бир пайгамбарга моюн сунуу саадатына жете албагандыгы үчүн туура жолду таба алган эмес. Чындыгында, кийин анын бир илах катары кабыл кылган жана «Ахура-мазда» деп атаган илахтын ордун күн теңири «Митра» алган.

Бүткүл Иранга жайылган Зардушттун пикирлери Миладдан кийин жетинчи кылымда Ислам аскерлеринин Иранга кирип келүүлөрү менен Тавхид акыйдасы (жалгыз Аллах ишеними) орногондо аяктаган жана мажусилердин көбү хак дин болгон Исламиятты кабыл кылышкан. Бир бөлүгү болсо Индияга баш калкалап, Брахмандардын ишенимдерин да кабылдашып жаңы бир ишеним түрүн кабыл кылышкан. Бул бузук ишенимдегилер бүгүнкү күндө Бомбей шааарынын жакындарында кездешишет.

Нооруз
(21-Марттын) Нооруздун түркий элдери менен дагы, мусулмандык менен дагы, жада калса, Иран менен дагы эч кандай байланышы жок.
Эски Иран падышасы Жамшид чыгарган Жамшид Иранда алгачкы бийлик курган Пишдани уулдарынын 4-чү өкүмдары болуп, 800 жыл салтанат курган, 500 жыл бою Иранда эч ким ооруга чалдыкпагандыктан эл ага сыйынышкан. 21-Март күнү такка отургандыгы үчүн бул күндү "нооруз" (фарси тилинде "жаңы күн") деп атап, жаңы жыл башы жана майрам катары майрамдаган. Ноорузду майрамдаган отко сыйынуучулук дининин кечеги коммунист идеологиясына бир байланыштары бар. Атеизмден жаңы чыккан Орто Азия элдеринин дароо ноорузду улуттук майрам статусуна көтөрүп майрамдоого умтулуулары да атеизм менен отко сыйынуучулуктун башка бир көрүнүшү болсо керек.

Исламдан мурунку капырлардын үрп-адаттарын, ибадаттарын "ата-баба салты" дегендер мунун түп тамырын чындап билбегендер болуп саналат. Минтип айтып жүргөндөргө алданбоо керек. Чет элдиктер да муну колдоп, ого бетер козгоп келишет. Жамшид миң жаш чамаларында Шаддаттын жээни Даххак менен болгон согушта туткунга түшүп, араа сыяктуу балыктын сөөгү менен арааланып, экиге бөлүнүп өлтүрүлгөн.

Жамшид сегиз жүз жыл эмес миң жыл өмүр сүргөн. Бул Аллахтын мыйзамына да кайчы эмес. Илгерки замандарда адамдар узун өмүр сүрүшкөн. Нух алейхиссаламдын 950 жыл коомунун арасында болгондугу Курани каримде билдирилген.(Анкебут 14)

"Нооруз”, "михрижан” жана "рождество” күндөрүндө булардын аттарын атап белек берүү арам болуп саналат. Бул күндөрдү майрам деп кабылдап белек берүү куфур болот (ыйманды кетирет). Бул күндөргө таазим кылып, капырларга жумуртка белек кылган адам капыр болот. Бул күндөрү бир нерсе сатып алуу дагы ушундай. Күнүмдүк ала турчу нерселерин сатып алуу куфур (ыймансыздык) болбойт.(Дуррул мухтар)


Артка
 
    
Диний маалымат изде:

Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.