Ислам дини » Динибиз » Фикх илими




Фикх илими


Билүү, түшүнүү. Исламиятты билүү.

Динде кылынуусу жана кылынбоосу керек болгон иштерди билдирген илим.

Ибадаттардын эң баалуусу – фикх илимин үйрөнүү жана үйрөтүү. (Хадиси шариф-Мажмуа-и Зухдиййа)

Аллаху таалага фикхтан да үстүн бир нерсе менен ибадат кылынбады. Сөзсүз, бир фикх аалымы шайтандын үстүнө миң абидден (көп ибадат кылган адамдан) да катуу. Бардык нерсенин бир тиреги бар. Бул диндин тиреги – фикх. (Хадис шариф-Хилйатул-аулия)

Фикх илимин үйрөнүү ар мусулмандын үстүнө парз. Эй, мусулмандар, үйрөткүлө же үйрөнгүлө жана фикх үйрөнгүлө, жахил абалда өлбөгүлө. (Хадиси шариф-Эдеб-уд-дунйа ваддин)

Фикхтын куруучусу - Абу Ханифа (Имам Азам). Фикхтын төрттө үчү ага таандык. (Имам Раббани)

Фикх илими төрт чоң бутакка бөлүнөт. 1-Ибадат, б.а., намаз, орозо сыяктуу ибадаттар. 2-Мунакахат, б.а., үйлөнүү-ажырашуу сыяктуу маалыматтар. 3-Муамалат, б.а., соода-сатык, ижара, ширкет (иш, ортоктук) сыяктуу маалыматтар. 4-Укубат, б.а., жазалар сыяктуу маалыматтар. (Али Хайдар Эфенди)

Фикхтын ибадат бөлүгүн кыскача үйрөнүү ар мусулманга парз. Мунакахат жана муамалат бөлүгүн үйрөнүү парз кифайа. Б.а., кимдин башына түшсө ошого үйрөнүү парз болот. (Юсуф Синануддин)

Фикх билими нан жана суудай зарыл. (Ибни Абидин)


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш