Ислам дини » Динибиз » Чыныгы жана жалган аалымдар




Чыныгы жана жалган аалымдар


Суроо: Аалымдын жакшы-жаманын, чыныгы-жалганын кантип түшүнөбүз?

Жооп: Ахли сүннөт ишениминде болбогон адам жакшы аалым боло албайт. Төрт хак (чыныгы) мазхабдын биринде болбогон жана бул улуулардан накыл кылбаган, башкача айтканда, жеке көз карашын дин сыяктуу билдирген адам жакшы аалым боло албайт. Бидатчыны улуу деп билген адам аалым боло албайт.

Булар негизги эрежелер. Буларга шайкеш болбогондордун ансыз деле ар жазганы, ар сөзү жаңылыш, зыяндуу болушу мүмкүн, башкача айтканда, анда ар түрдүү бузукулуктар болушу мүмкүн.

Чыныгы же жалганын түшүнүүдө кээ бир ченемдер кыскача төмөдөгүчө:

1 – Ислам аалымы жерден от, козукарын сыяктуу өсүп чыкпайт, устазсыз, ижазатсыз (уруксатсыз) аалым болбойт. Сөзсүз Пайгамбарыбыз алейхиссаламга таянган бир санжырасы болот. Мисалы, Имам Газали, Имам Раббани жана Мавлана Халиди Багдади хазреттери сыяктуу.

2 – Ахли сүннөт ишениминде болот. Төрт чыныгы мазхабдын биринде болот, диндеги төрт далилди кабыл кылат, зарылдык болгон кезде башка мазхабды таклид кылууга (ошол мазхабдын өкүмүн колдонууга) каршы чыкпайт.

3 – Динибиз - накыл дини. Ыйман-ибадат маалыматтары Кыяматка чейин өзгөрбөйт. Эмгектеринде ушуга көңүл бурат. Башкача айтканда, ушул баалуу маалыматтарды гана накыл кылат.

4 – Эч бир фыкых китебине таянбастан илхам менен айтып жатамын деп, жеке көз карашын динде далил сыяктуу, бир илим сыяктуу көрсөтүүгө аракет кылбайт.

5 – Бидатчылар менен, буларды колдоп-кубаттагандардан, мисалы, Масон Абдухту мактап "Абдух сыяктуу динде реформа жасагым келип жатат, Абдух менин устазым" деп айткандардан узак турат. Булардын зыяндарын, жаңылыштарын билдирүүнү милдет деп билет.

6 – "Жалгыз Куран" деп, сүннөттү, ижманы жана кыясты кабыл кылбаган, Курани каримден жеке түшүнгөн нерселерин далил деп кабыл кылган зындыктардан узак турат. Булардын жаңылыштарын билдирүүнү милдет деп билет.

7 – "Мусулман болуусу шарт эмес, Аллахка ишенген бардык адамдар, жада калса, христиандар менен яхудилер Бейишке киришет, булар деле ыймандуу” деп айтуучу адашкандардан узак турат. Мындайлардын зыяндарын, жаңылыштарын билдирүүнү милдет деп билет.

8 – Бардыгы бейиштик болгон кутман сахабалардын эч бирине тил тийгизбейт, бардыгы тууралуу сый-урмат менен эске алат. Яхудилер тарабынан негизделген Ибни Сабачылык, Хуруфиликтин зыяндарын билдирет.

9 – Англистер тарабынан негизделген Вахабиликтен, булардын бузук ишенимдеринен узак турат. Булардын зыяндарын, жаңылыштарын билдирүүнү маанилүү милдеттерден деп билет.

10 – Осмон султандарын, өзгөчө II. Абдулхамид Ханды жамандабайт.

11 – Өзүн Махди деп эсептебейт же Махди келген деп айтпайт же Махдилик образдуу деп билип, аны жана башка улуу аалымдарды четке кагуу үчүн тавилде адашпайт.

12 – Эч бир Ислам аалымы өзүнө наам берген эмес жана өзүн мактаган эмес. Жада калса, "Өзүн Франк капырынан үстөм деп билген адам Аллаху тааланы тааный албайт", - деп билдирилген. Өзүн Каф тоосунда көрүп, өзүн-өзү даңктаган наамдарды бербейт. 


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш