Ислам дини » Динибиз » Аял, эркек жана акыл




Аял, эркек жана акыл


Суроо: Аялдын эркекке караганда акылдуураак экенин, ошондуктан, аялга көбүрөөк укуктарды берүү керектигин айтып жүргөндөр бар. Ар аял бардык эркектен акылдуубу?

Жооп: Алгач акылдын эмне экенин билүү керек. Аллаху таала акылды туураны жаңылыштан, жакшыны жамандан, пайдалууну зыяндуудан айырмалоо үчүн жараткан. Кайсы нерсенин туура, кайсы нерсенин жаңылыш, кайсы нерсенин жакшы, кайсы нерсенин жаман экенин жалгыз бүткүл макулуктарды жоктон бар кылган Аллаху тааланын билдирүүсү менен гана түшүнүлөт. Адамдардын жакшы же жаман деп айтуусу менен бир нерсе жакшы же жаман болуп калбайт. Себеби, бирөөнүн ою боюнча жакшы болгон нерсе башка бир адамдын ою боюнча жаман. Мисалы, үйлөнүүдөгү нике кыюу мусулмандардын ою боюнча кажеттүү, жакшы амал, ал эми кээ бир динсиздердин ою боюнча маанисиз нерсе. Ошондуктан, динибиз акылдуу адамды кантип сыпаттаса ошол боюнча чечим кабылдоо керек. Акыл тууралуу хадиси шарифтерде төмөндөгүчө айтылат:

"Акылдуу адам Аллахка жана пайгамбарга ишенет жана ибадаттарды орундайт.” (Ибн Мухбар)

"Эң акылдуу адам – Аллаху тааладан катуу корккон адам. Анын буйруктары менен тыюуларына эң жакшы түрдө моюн сунган адам.” (Ибн Мухбар)

"Акылдуу адам – напсин эсепке тарткан жана өлүмдөн кийин боло турган нерселерге даярданып амал кылган адам.” (Тирмизи)

"Адамдар тарактын тиштери сыяктуу тең (бирдей). Үстөмдүктөрү ибадат айырмачылыгынан белгилүү болот.” (Ибн Лал)

"Адамдардын жасаган кайрымдуулуктарынын сооп-сыйлыгы акылдарынын даражасына жараша берилет.” (Абушшейх)

"Бардык нерсенин тиреги болот. Ал эми момундун тиреги болсо - акыл. Адам акылынын даражасына жараша ибадат кылат.” (И. Газали)

"Аллахтын алдында эң кадырлууңар – акыл жагынан эң үстөм болгонуңар.” (И. Газали)

Акыл жагынан эң үстөм болгон адам – диндин буйруктары менен тыюуларын карманган адам. Адамдын ибадаты акылынын даражасына жараша боло тургандыгы – ишеними менен амалы эң туура болгон киши башкасына караганда акылдуураак деген сөз. Эркектерден жана аялдардан Бейиштик болгондор бар. Бирок, ушуну менен катар Тозоктук болгондор да бар. Андай болсо, аялдын эркектен же эркектин аялдан акылдуураак экендигин айтууга болбойт.

Баса белгилеп айтуу керек болгон дагы бир маселе акыл менен зээндүүлүк бөлөк-бөлөк нерселер. Экөөнү бири-бири менен чаташтырбоо керек. Бир ыймансыз бир мусулмандан зэндүү болушу мүмкүн, бирок, акылдуу боло албайт.

Аллаху таала аял менен эркектин дене түзүлүшүн бири-биринен бөлөкчө кылып жараткан. Танк менен жеңил машинени салыштырып болбойт. Экөөнүн милдети эки түрдүү. Ар ким өзүнүн милдетин билип, ошого жараша аракет кыла турган болсо иретсиздиктин алды алынган болот. Аял менен эркектин арасында айырмачылык болуу менен катар, эркек менен эркектин, аял менен аялдын да арасында айырмачылык бар. Баары бирдей жөндөмдүүлүккө ээ эмес. Адамдар робот сыяктуу жаратылган эмес.

Аял менен эркектин теңдигин жарыялап, аялдар иштей албаган жумуштарды аларга тапшыруу, мисалы, заводдо оор жумуштарда иштетүү аялдын укуктарын урматтоого жатпайт. Аялдарды аскерге албоо да аны кордоого жатпайт. Аялга жаратылышына, акылына, зээнине, сезими менен жөндөмдүүлүгүнө ылайык болгон жумуштарды берүү керек.

Азыркы учурда аялдардын укуктарын коргоп жаткансып көрүнгөндөр сөздөрүндө чынчыл эмес. Эгер чындап эле аялдардын укуктарын коргосо биринчи аялды пайдалануу куралына айландырган, соода товарларынын жарнамасында колдонуп жаткан идеологияларга каршы чыгышмак. Бирок, аялзатынын ушул жолдо кадыр-баркы менен урмат-сыйы тебеленип, кадимки товарга айландырылууда. Ушул кайгылуу жагдайга каршы чыкпагандардын аялдардын укуктары маселесинде оозун толтуруп сүйлөөлөрү күлкүнүчтүү нерсе.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш