Ислам дини » Динибиз » Ибадаттарыбыз » Динде негиз деп эсептелген 8 нерсе




Динде негиз деп эсептелген 8 нерсе


СурооХатими Эсам хазреттери айткан динде негиз деп эсептелген 8 нерсе кайсылар?

ЖООП

Шакик-и Балхи хазреттери шакирти Хатими Эсам хазреттеринен сурайт:

- Менден сабак алып жатканыңа канча убакыт болду?

- 33 жыл

- Мынча жыл ичинде менден эмне үйрөндүң?

- 8 нерсе үйрөндүм.

- Абдан капамын, демек эмгегим бекерге кеттиби?

- Устаз, сиз менден сурадыңыз, мен болсо туурасын айттым. Сегиз нерсени үйрөндүм.

- Кана анда, эмне экен ал 8 нерсе?

- Биринчиси: Адамдарды карадым. Сүйгөн нерселери алар менен бирге мазарга чейин дос болуп, андан кийин аны жалгыз таштап кетишет. Алар менен бирге мазарга кирип дартына орток болушпайт. Бул абалды көргөндө "Дүнүйөдө мазарыма мени менен бирге кире турчу, мага ал жерде дагы дос боло турчу дос тандоом керек" деп ойлондум. Издедим, кыдырдым, Аллаху таалага кылынган ибадаттардан башка мындай чынчыл сүйүктүүнү таба албадым. Мен дагы ибадаттарга бекем кармандым. Кандай дейсиз?

- Абдан туура, кандай жакшы ойлонупсуң. Кана анда, экинчиси эмне?

- Экинчиси: Адамдарды карадым, көбү арзуу-кумарларынын, напсилеринин аркасынан жүгүрүүдө. Ошондо "Аллаху тааладан коркуп напсилерине моюн сунбагандар албетте Бейишке киришет” деген маанидеги аятты эстедим. Напсимди өзүмө душман деп билип, ага алданбоого чечим чыгардым жана напсимдин каалоолоруна моюн сунбадым.

- Аллах сага жакшылыктарды берсин, кандай гана жакшы ойлогонсуң. Үчүнчүсү кандай?

- Үчүнчүсү: Адамдарды карадым, бардыгы дүнүйөлүк нерселерди жыйноонун азап терине берилген. Кийин "Бекем кармаган, сактаган дүнүйөлүк мал-мүлкүңөр, бардык нерсе жаныңарда калбайт, силерден айрылат! Бир гана Аллах ыраазылыгы үчүн кылган жакшылыктар жана ибадаттар силер менен бирге калат" деген маанидеги аяти кариманы ойлодум. Дүнүйөлүк үчүн жыйнаган нерселеримди Аллах жолунда сарптадым. Б.а., Аллаху таалага карыз бердим. Кандай кылыпмын?

- Жакшы кылыптырсың. Төртүнчүсү эмне?

Төртүнчүсү: Адамдарды карадым, башкаларын жактырышпайт, бири-бирин көрөт алышпайт, бири-биринин мартабасына, мал-мүлкүнө, илимине көз артышат. Муну көргөндө "Дүнүйөдөгү материалдык жана манавий бардык ырыскыларды ортолорунда бөлүштүрдүк" деген маанидеги аяти кариманы эстедим. Ар кимдин илими, мал-мүлкү, мартабасы, бала-чака сыяктуу ырыскыларынын дүнүйө жаратылуудан мурда эзелтен бөлүштүрүлгөндүгүн, эч кимдин колунда бир нерсе болбогондугун жана эмгектенүү керек экендигин, көралбастыктын зыяндарын жана керек эмес экендигин түшүндүм. Аллаху тааланын эзелде кылган энчилөөсүнө ыраазы болдум. Бардык мусулмандар менен ынтымакта болдум, баарын сүйдүм жана бардык адамдар тарабынан сүйүүгө татыдым.

- Кандай жакшы кылгансың. Менден үйрөнгөндөрүңдүн бешинчиси эмне?

- Бешинчиси: Адамдарды карадым, көбү адамдык намысын бийлик-мартаба ээси болууда деп ойлойт. Бири кадыр-баркты көп мал-мүлк менен бала-чакада деп көрүп, булар менен мактанууда. Бири кадыр-барк менен абройду Аллаху таала буйрук кылган жерлерде эмес адамдар жактыра турчу, ар кимдин көңүлүн ача турчу жерлерге сарптайт, адамдык намысты ушул жерде деп ойлойт. Муну көргөндө "Эң кадырлууңар Аллаху тааладан эң көп коркконуңар" деген маанидеги аяти кариманы ойлондум. Булардын жаңылгандыктарын түшүндүм жана такыбаага жармаштым. Раббимдин кечирим жана жакшылыктарына жетүү үчүн Андан коркуп, Исламияттын чегинен сыртка чыкпадым.

- Кандай жакшы кылгансың. Алтынчысы эмне?

- Алтынчысы: Адамдар бири-биринин мал-мүлкүнө, мартабасына жана илимине көз тигишет, бөлүнүшөт, бири-бирине душмандык кылышат. Буларды көргөндө "Силердин душманыңар – шайтан. Аны душман деп билгиле" деген маанидеги аяти кариманы эстедим. Шайтанды жана анын жолдоштору болгон бузукуларды душман деп билип, сөздөрүнө алданбадым. Аллаху тааланын буйруктарына моюн сундум. Кутулуунун жолу бир гана Ахли сүннөт экендигине ишендим. Мусулмандарды алдоого аракет кылгандарды тыңдабадым. Ахли сүннөт аалымдарынын китептеринен айрылбадым.

- Кандай гана жакшы кылгансың. Жетинчиси эмне?

- Жетинчиси: Кай бир адамдар акча табуу үчүн харам жана күмөндүү нерселерге умтулушууда жана кордукка, акаараттарга чыдашууда. Буларды көргөндө "Аллаху таала тарабынан ырыскысы жиберилбеген жер жүзүндө бир жандык жок" деген маанидеги аяти карима эсиме түштү. Ал жандуулардан биринин өзүм экендигин билдим. Ырыскымды жибере тургандыгына сөз бергендигине, сөзсүз жибере тургандыгына ишеним, Ал буйрук кылгандай эмгектендим.

- Кандай жакшы кылгансың. Сегизинчиси эмне?

- Сегизинчиси: Карадым, бардык адамдар бир нерсеге ишенишет. Бири алтынга, мал-мүлкүнө, бири кесибине жана табышына, бири бийлик жана мартабасына, бири өзү сыяктуу адамдарга ишенет. Буларды көргөндө "Аллаху таала бир гана Өзүнө ишенгендердин дайыма жардамына жетишет" деген маанидеги аяти кариманы ойлодум. Ар качан жана ар ишимде бир гана Аллаху таалага ишендим. Ал буйрук кылгандыгы үчүн эмгектендим, себептерге жармаштым, бирок, бир гана Андан сурадым. Кылгандарымда бир кемчилик барбы?

- Эй, Хатим, динди так жана толук түшүнүптүрсүң. Сен сыяктуу бул сегиз эрежеге моюн сунгандар динибизге толук уйган болушат.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш