Ислам дини » Динибиз » Ибадаттарыбыз » Ибадат жана Бейиш




Ибадат жана Бейиш


Суроо: Ислам Ахлагы китебинде: "Аллаху таала ибадаттарды Бейишке кирүү үчүн себеп кылгандыгы билдирилүүдө. Б.а., Бейиштин ниматтарын ибадаттардын жообу катары жараткан. Хадиси шарифте: "Эч ким Бейишке ибадаттары себеби менен кирбейт", - деп билдирилди. Жооп бөлөк нерсе, себеп болуу да бөлөк нерсе.” – деп айтылууда. Бул жерде карама-каршылык жокпу?

Жооп

Жок, карама-каршылык жок. Ыйман келтирбегенди жана ибадат кылбаганды да Бейишке киргизбейт. Бейишти ибадаттардын жообу кылып жараткан. Жооп бөлөк нерсе, себеп да бөлөк нерсе. Бейишке Аллаху тааланын лутфу жана ихсаны менен кирилет. Лутуф жана ихсанга жетүү үчүн ыймандуу болуу шарт болуу менен бирге ыйманды коргоо үчүн ибадатка да муктаждык бар. Ыйманы жокторго бул лутуфту кылбайт.

Чет өлкөгө чыгуу үчүн паспорт алсак ажылык сапардын убактысы келип калган болсо ажыга бара албайбыз. Паспортубуз виза болуп бербейт. Паспортубуз бар деп ар өлкөгө бара албайбыз. Паспортко кошумча виза алуу шарты бар. Бирок, паспортсуз адам ал өлкөгө кире албайт. Паспорт ал жерге баруу үчүн бир себеп, виза болсо шарт болуп саналат.

Мына ошондуктан, ыймансыз жана ибадатсыз адам паспортсуз адамга окшойт. Виза алууга эч нерсеси жок.

Паспорту бар адам эгер виза бериле турган болсо ал өлкөгө барат. Кирүүсү үчүн бир тоскоолдук жок болсо ага виза берилет. Ибадат кылган адамдын ыйманы туура болсо гана визасы берилет жана Бейишке кирет. "Биздин ибадатыбыз бар, качкыла, биз визасыз киребиз”, - деп айта албайбыз. Эгер ыйманы туура эмес болсо бул ибадаты эч нерсеге жарабайт, паспортуна виза берилбейт. Демек, паспорту болсо дагы визасыз Бейишке кире албайт. Паспортсуз болсо эч качан кирилбейт. Виза бериле турчу паспортко ээ болуу керек.

Ыйманын сактап өлгөн кутулат

Суроо: "Ыймандуу болуп өл, калганына аралашпа", - деп айтылууда. Андай болсо күнөөлөрүбүз эмне болот?

Жооп

Бул сөз - хадиси шариф. Ыймандуу болуп өлүү бул – Ахли сүннөт ишениминде өлүү дегенди билдирет. Бидат ишениминде өлгөн адам ал ниматка жете албайт. Дин улуктарыбыз: "Туура ыйман менен өлгөнгө шапаат көп, ошондуктан, коркуу жок", - деп билдиришкен. Акыретте шапаат көп. Пайгамбарлар шапаат кылышат, периштелер, аалымдар, салихтер, шейиттер, ажылар шапаат кылышат, окулган Курани карим шапаат кылат. Дагы канча деген көп шапааттар болот. Ал үчүн эң негизгиси туура ыйман менен өлүү керек. Тообо кылынган күнөөлөр ансыз деле кечирилет. Тообо кылынбаган күнөөлөр канчалык көп болсо дагы шапаат менен кечирилет. Бир хадиси шарифтин мааниси:

"Чоң күнөө кылган ар бир момунга шапаат кыламын." [Бухари, Муслим, Абу Давуд, Тирмизи, Насаи]

Белгилүү болуп тургандай ыйманын сактап өлгөн адам шапаатка жетет. Эң негизгиси туура ыйман менен өлүү. Анык шапаатка жетем деп, күнөө кылууну улантпоо керек. Анткени, күнөөлөр убагы келип адамды куфурга түшүрөт. Куфурга түшкөн (ыйманын жоготкон) адамга шапаат кылынбайт. Ыйман күнөөлөрдөн тыйылып, ибадат кылуу менен гана сакталат.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш