Эки эсе көп сооп алгандар


Суроо: Ар ким бир ибадатты орундап, бир сооп алууда. Ал эми бир ибадатты орундап, эки сооп алгандар да болобу?

Жооп

Ооба, болот. Ошол эле ибадатты орундаган сахабалар көбүрөөк сооп алууда. Бир хадиси шарифтин мааниси:

"Ант берип айтамын, бир адам Ухуд тоосундай алдын садага берсе, сахабаларыман биринин берген бир ууч арпа садагасынын сообуна жетпейт.” [Бухари]

Ыкыласы көп болгондордун ала турган сообу да көп болот. Эки эсе көп сооп алгандар арбын. Бул маселеге байланыштуу хадиси шарифтердин айрымдары төмөндөгүдөй:

"Ушулар амалдарына жооп катары эки сооп алышат:

1 – Расулуллахтын азваж-ы тахираты [мусулмандардын энелери болгон таза жубайлары],

2 – Ахл-и китаб [китеп түшүрүлгөн капыр] болуп анан тообо кылып мусулман болгондор,

3 – Кул болуп, Аллаху тааланын дагы, кожоюнунун дагы акысын өтөгөндүгү үчүн.” [Бухари]

"Туугандарга берилген садаганын сообу эки эсе көп берилет. Б.а., садаганын сообу жана сыла-и рахимдин сообу.” [Табарани]

"Аср намазы силерден мурдагы үммөттөргө дагы фарз болчу, бирок, алар мындан баш тартышты. Бул намазды уланткандарга эки эсе көп сооп бар.” [Муслим, Насаи]

Жума күнү орундалган ибадаттарга жок дегенде эки эсе көп сооп берилет. Жума күнү кылынган күнөөлөр дагы эсе көп жазылат. (Рийад-ун-насыхин)

Ар күнөөдөн кийин дароо тообо кылуу фарз. Тообону бир саатка кечиктиргенде күнөө эки эсе болот.(Хужаж-и Кат’иййа)

Расулуллах алейхиссаламга бериле турган сооптор башка пайгамбарларга бериле турган сооптордон эки эсе көп. Кабыл болгон бир ибадат, б.а., кайырлуу бир иш кылган адамга берилген сооп анын устазына да берилет. Устазынын устазына төрт эсе, анын устазына сегиз эсе, анын да устазына он алты эсе болуп, Расулуллахка чейин ар устазга шакиртинин сообунан эки эсе көп кылып берилет. Мисалы, жыйырманчы устазына 524288 сооп берилет. Расулуллахка үммөтүнүн ар жакшы иши үчүн сооп берилет. Мухаммед алейхиссаламга бериле турган сооптордун саны ал эсеп менен эсептелине турган болсо, анын эсебин Аллаху тааладан башка эч ким биле албайт. Салафи салихиндин кийин келгендерден абзал жана жогору экендиги билдирилди. Сооптун санынан да бул артыкчылык белгилүү болуп турат. (Х.Л.О.Иман)

"Бир жакшылыктын орундалуусуна себеп болгон адам аны орундаган сыяктуу” деген маанидеги хадиси шариф боюнча садаганы ачык берүү, жакшылыкты ачык кылуу эки эсе көп сооп болот. Биринчиси садага сообу, экинчиси болсо башкаларды үндөө сообу. Бир хадиси шарифтин мааниси:

"Садаганы жашыруун берүү ачык берүүдөн жакшыраак. Бирок, өрнөк болуу үчүн, үндөө үчүн ачык берилген садага жашыруун садагадан жакшыраак.” [Дайлами]

Эгер рия коркунучу болсо садаганы жашыруун берүү абдан сооптуу. "Эй, Расулуллах! Кайсыл садага жакшыраак?” – деп сурашканда: "Аз мал-мүлктөн жашыруун берилген садага”, - деп жооп берип: "Эгер садаганы ачык берсеңер жакшы болот, жашыруун берсеңер силер үчүн андан да жакшыраак болот” деген маанидеги аят-и кариманы окуду. [Таберани]


Артка
 
    
Диний маалымат изде:

Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш