Афали мукаллафин


Ыймандуу, акылдуу, балагатка жеткен эркек жана аял адам "мукаллаф” (милдеттүү) деп аталат.

Ислам динин билдирген буйрук жана тыюулар "Ахками исламия”, б.а., "Ислам өкүмдөрү” деп аталат. Ислам өкүмдөрүн үйрөтүүчү илим фикх деп аталат. Алар буйруктар, тыюулар жана мубахтар болуп үчкө бөлүнө тургандыгы сыяктуу фарз, важиб, сүннөт, мустахаб, мубах, харам, макрух, муфсид болуп сегизге бөлүнөт. Булар "афал-и мукаллафин” (мукаллафтын милдеттери) деп да аталат.

1. Фарз: Курани каримде аткарылуусу ачык буйрук кылынган нерселер фарз деп аталат. Фарз – күмөнсүз далил менен белгилүү болгон, б.а., аяттан анык түшүнүлө турган болуусу керек. Ага ишенбеген жана маани бербегендер капыр болот. Ыйман келтирүү, даарат алуу, намаз окуу, орозо кармоо, зекет берүү, ажылыкка баруу, гусул алуу, өзүнө керектүү илимди үйрөнүү – ушуга жатуучу амалдар.

Фарздын үч түрү бар: 1. Фарзы даим, фарзы муаккад жана фарзы алал-кифая. Фарзы даим – "Аманту биллахини” аягына чейин жаттап, маанисин түшүнүп, ар дайым ишенип жүрүү. Ыйман тууралуу илим "калам илими” деп аталат. Фарзы муаккад – убакыты келгенде орундай турган фарз амалдары. Мисалы, беш маал намаз окуу, Рамазан айында орозо кармоо, жашоосуна кажет болгон диний жана дүнүйөлүк илимдерди үйрөнүү сыяктуу. Фарзы алал кифая – элүү же жүз адамдан бири орундаса, калгандарынын орундоосу кажет болбогон амалдар. Мисалы, саламга жооп берүү, жаназа намазын окуу, өлүктүү жуу, каары болуу, сарф, наху илимдерин окуу, вужух илимин үйрөнүү, жашоосуна керектүү болгондон артык диний жана дүнүйөлүк илимдерин үйрөнүү.

2. Важиб: Аткарылуусу фарз сыяктуу айкын буйруктар. Бул буйруктардын Курани каримдеги далилдери фарздыкындай ачык эмес.Буларкүмөндүү, ачык болбогон далилдерге таянат. Витир намазын жана Айт намаздарын окуу, витир намазында Кунут дубасын окуу, алы-жагдайы болгондо курмандык чалуу, фитр-садага берүү, сажда аяты окулганда тилават саждасын кылуу важиб амалдарга жатат. Важибдин өкүмү фарздыкындай. Важибди аткарбоо тахриман макрух. Бир нерсенин важиб экенине ишенбеген капыр болуп эсептелбейт. Бирок, аткарбаган адам Тозок азабына ылайык болот.

3. Сүннөт: Аллаху таала ачык билдирбеген, бирок, Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи ва саллам) мактап, өзү туруктуу түрдө аткарган же башкалар жасап жатканда тоскоол болбогон нерселер сүннөт деп аталат. Сүннөттү жактырбоо куфур. Жактырып, бирок, аткарбаган адамга азап кылынбайт. Бирок, себепсиз эч аткарбаган адам күнөөлөнүүгө жана сооптон куру калууга ылайык болот. Мисалы: азан айтуу, коомат келтирүү, жамаат менен намаз окуу, даарат алганда мисвак колдонуу, үйлөнгөн түнү тамак берүү (той берүү) жана уулун отургузуу (сүннөт кылуу).

Сүннөттүн эки түрү бар: Суннати муаккада жана Суннати гайр-и муаккада.

Суннати муаккада: Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи ва саллам) дайыма аткарган күчтүү сүннөттөр. Багымдат намазынын сүннөтү, бешим намазынын алгачкы жана акыркы сүннөтү, шам намазынын сүннөтү, куптан намазынын акыркы эки рекет сүннөтү мына ушундай. Багымдат намазынын сүннөтүн важиб деген аалымдар да бар. Буларды эч качан себепсиз аткарбоого болбойт. Жактырбаган капыр болот.

Суннати гайр-и муаккада: Булар Пайгамбарыбыздын ибадат максаты менен кээде аткарган амалдары. Аср жана куптан намазынын төрт рекеттик алгачкы сүннөттөрү мына ушундай. Булар бир нече жолу орундалбаса, эч нерсе болбойт. Себепсиз түрдө таптакыр аткарылбаса, күнөөлөнүүгө дуушар болуп, шапааттан куру калууга себеп болот.

Даарат алуу, тамак жеп ичүү жана ар бир пайдалуу ишти баштоонун астында "бисмиллах” деп айтуу сүннөт. Даарат алганда мисвак колдонуу да сүннөт.

4. Мустахаб: Сүйүктүү Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи ва саллам) өмүрүндө бир же эки жолу болсо да, аткарган жана сүйгөн, жактырган нерселер. Мындай амалдарды аткаргандарга көп сооптор берилет, ал эми аткарбагандар азапка тартылбайт. Жада калса, шапааттан да куру калбайт. Мисалы, нафил намаз окуу, нафил орозо кармоо, нафил ажылык, нафил садага берүү сыяктуу.

5. Мубах: Аткарылуусу буйрук кылынбаган, бирок, тыюу да салынбаган нерселер "мубах” деп аталат. Башкача айтканда, күнөө же ибадат эмес экендиги билдирилбеген иштер. Жакшы ниет менен аткарылуусунда сооп, жаман ниет менен аткарылуусунда азап бар. Уктоо, түрдүү адал тамак жеп-ичүү, түркүн адал кийим кийүү сыяктуу иштер мубах.Булар Исламга баш ийүү, буйруктарга жармашуу максаты менен орундалганда сооп катары саналат. Ден-соолуктуу болуп, ибадат кылууга ниет кылып жеп-ичүү мына ушуга кирет.

6. Харам: Аллаху таала Курани каримде ачык түрдө тыюу салган нерселер.Харамга маани бербеген адам капыр болот.Харамдыгына ишенип туруп кылган адам "фасык” (күнөөкөр) болот.

Харамдын эки түрү бар:

Харам ли айнихи: Өзү негизи харам жана ар дайым харам болуп эсептелүүчү нерселер. Адам өлтүрүү, зина кылуу, гомосексуализм, кумар ойноо, ууру кылуу, арак жана ар түрдүү алкоголдук ичимдиктерди ичүү, жалган сүйлөө, чочконун эти, харам өлгөн өлүмтүктөрдү жеш, аялдардын жана кыздардын башы, колу-буттары ачык көчөгө чыгуулары харам болуу менен бирге абдан чоң күнөө болуп саналат. Кимдир бирөө жогорудагы күнөөлөрдү кылууда "бисмиллах” деп айтса, же аларды адал деп эсептесе, же Аллаху тааланын аларды харам кылганына маани бербесе капыр болот. Булардын харам экенине ишенип, коркуу менен бул ишке барган болсо капыр болбойт. Бирок, Тозок азабына ылайык болот. Эгер буларды аткарууну улантып алардан баш тартпай, тообо кылбастан өлсө, ыймансыз кетүүсүнө себеп болот.

Харам ли-гайрихи: Булар негизинде адалболсо да, харам жол менен келген нерселер. Бирөөнүн нерсесин ээсинен уруксатсыз колдонуу, үйдөгү керектүү нерсесин, акчасын уурдап, жумшоо, Исламга кайчы болгон жол менен бир нерсе сатып алуу сыяктуу аракеттер ушуга жатат. Бул жерде нерсенин өзү харам эмес, кылынган иш харам. Адам буларды жасап жатканда "бисмиллах” деп айтса же буларды адал деп айтса, капыр болбойт. Бирөөдө беш жарым арпанын салмагындай акысы калган болсо, кыямат күнү ошол кишиден жамаат менен окулган жана кабыл болгон 700 рекет намаздын сообун Аллаху таала акынын ээсине алып берет. Ошондуктан, кул акысынан сактануу керек. Харамдын эки түрүнөн да сактануу – ибадат кылуудан да артык сооптуу иш.

7. Макрух: Кылынган амалдардын сообун өчүрө турган нерселер "макрух” деп аталат. Макрухтун да эки түрү бар: тахриман макрух, танзихан макрух.

Тахриман макрух - важибди аткарбоодон пайда болуучу, харамга жакын макрухтар болуп эсептелет. Тахриман макрухту кылган адам атайын кылган болсо, күнөөкөр болот. Тозок азабына ылайык болот. Намазда кылына турган болсо, ошол намазды кайрадан окуу важиб болот. Эгер жаңылышып кылып койсо, саждаи сахв кылат.

Танзихан макрух – сүннөттү таштап коюдан улам пайда болот. Адалга жакын макрух. Кылган адам азапка тартылбайт. Көп кылса сооптон куру калуусу мүмкүн.

8. Муфсид: Амалдарды, ибадаттарды бузуучу жагдайлар. Ыйманды жана намазды, никени жана ажылыкты, зекетти жана сооданы буза турган нерселер, жагдайлар муфсид болуп саналат. Мисалы: Аллаху таалага жана китепке каршы жаман сөз айтуу куфур болуп, ыйманды бузат. Намаз окуп жатканда күлүү, дааратты жана намазды бузат. Орозо кармап жатканда билип туруп атайын жеп-ичүү орозону бузат.

Харамдан сактануу "такыбаа” деп аталат. Адал же харам экени күмөндүү нерселерден сактануу "вара” деп аталат. Күмөндүү бир нерсе кылып койбоо үчүн бир адал ишти кылбоо "зухд” деп аталат.

Фарздарды, важибдерди жана сүннөттөрдү кылган жана харамдан, макрухтан сактанган мусулмандарга акыретте"сооп”берилет. Харамдарды, макрухтарды кылган адамга жана фарздарды, важибдерди орундабаган адамга "күнөө” жазылат. Харамдан сактануунун сообу – фарзды орундоонун сообунан бир нече эсе көп. Бир фарздын сообу бир макрухтан сактануунун сообунан, ал эми бул бир сүннөттүн сообунан көп. Мубахтардын ичинде Аллаху таала жактыргандар "хайрат” (кайрымдуулук) жана "хасанат” (жакшылык) деп аталат. Аларды жасаган адамга да сооп жазылганы менен ал сооп сүннөт сообунан аз болот. Сооп бериле тургандыгын билип жасоо "Курбат” деп аталат.

Аллаху таала кулдарына мээримдүүлүк кылып, тынчтык менен бакыттын булагы болгон диндерди жиберди. Диндердин акыркысы – Мухаммед пайгамбардын (алейхиссалам) дини. Б.а., Ислам дини. Башка диндер адамдар тарабынан өзгөртүлгөн. Мусулман болсун, капыр болсун, каалаган бир адам билип же билбей ушул диндин негизинде жашай турган болсо, дүйнөдө эч кандай кыйынчылыкка дуушар болбойт. Азыркы кезде Европа жана Америкадагы элдердин жашоо деңгээлинин жогору болуусу ыйман кылышпаса да Ислам динине ылайык аракет жасагандыктарынан улам болууда. Бирок, капырларга акыретте эч кандай сооп, сыйлык берилбейт. Ушундай эмгек кылып жаткандар эгер мусулман болсо, акыретте да түбөлүк бакытка ээ болушат.

Мусулман адамдын алгач ахли сүннөт ишенимине ылайык ыйман келтирүүсү, андан кийин харам иштерден сактануусу, анан фарздарды орундоосу, анан макрухтардан сактануусу, кийин мустахабдарды орундоосу керек. Бул тизмедегилер ушул тартип менен кылынбай турган болсо, б.а., биринчи турганды кылбай туруп кийинки турганды кылуу, анын эч кандай пайдасы болбойт. Мисалы, ыйманы жок адамдын харамдан сактануусунун, харам иш кылып жүргөн адамдын парызды орундоосунун пайдасы жок.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:

Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш