Христиандык деген эмне


Суроо: Христиандык тууралуу маалымат бересизби?

ЖООП

Инжилде Аллахтын бир экендигин, Хазрети Исанын Аллахтын кулу жана Расулу экендиги жазылган эле. Хазрети Исанын Хак болгон дини аз убакыттан кийин Яхудилер тарабынан тымызын өзгөртүлдү. Яхуди Болюс (Павлос) Исави болуп көрүнүп, чыныгы Инжилди жок кылды. Саны белгисиз Инжилдердин жазылуусуна себепчи болду. Улуу Константин бардык Инжилдерди бириктирүү үчүн милади 325-жылы Изникте 319 попту жыйнап, өзү жаздырган жаңы Инжилге эски дини болгон бутпарастыктан да көп нерселерди киргиздирип, жаңы бир Христиандык динин курган эле.

Хазрети Исанын жана Барнабастын жазган Инжилинде Аллахтын бир экендиги билдирилген эле. Платондун 3 теңир пикири дагы ошол жаңы Инжилге киргизилди. Поп Ариус бул жаңы Инжилдердин жаңылыш экендигин айтканда чиркөөдөн куулду. Жаңы Христиандык Ариустун мазхабынан башкача эле. 6 жолу мажлис курулуп, жаңы Инжилдер пайда болду. Поп Мартин Лютер жана Калвин акыркы өзгөртүүлөрдү жасады. Бул жаңы Инжилге ишенген Христиандар Протестантдеп аталды. Мына ушундайча Христиандык дагы да өзгөрдү.

Яхудилер Хазрети Исаны өлтүрүүнү каалаганда Инжилди өрттөп жок кылышты. Ал убакта Инжил тарала элек болчу. Себеби, Хазрети Исанын пайгамбарлык убагы 3 жыл болуп, ыйман келтиргендер да өтө аз болчу, анын үстүнө көбү окуганды жазганды билишчү эмес. 325-жылы бири-бирине туура келбеген 40-50 Инжил бар болчу. Ариус соттолуп жатканда төртөөнөн сырткары калган Инжилдерге тыюу салынгандыгы чиркөө тарыхтарында жазылган. Матвей Инжилинин 15-баянында (Улуттар жолуна барбагыла жана Самириялыктардын шаарларына барбагыла) делгенине карабай 24-бартын 14-баянында «Инжил бүткүл улуттарга вааз кылынат», - делүүдө. Бул сыяктуу эсепсиз кайчылаштыктар бар. Христиан билармандары төрт Инжилдеги карама-каршылыктардан улам башаламан болушуп, Ekharn, Kiser, Haysi, Ghabuth, Wither, Fursen сыяктуу изилдөөчүлөр: «Инжилдерде келишпестиктер көп», - дешкен.

Джосеф Барнабас жазган Инжил милади 325-жылга чейин Искендерия чиркөөлөрүндө окулуп жаткан эле. Папа V Sixtus 1585-1590-жылы папалык мезгилинде муну Ибрани тилинен Италиян тилине котортту. Пруссия королунун катчысы Ж.Ф. Грамер муну таап, принц Уженге белек кылды. Ал өлгөндө китептер Хофбиблиотекага коюлду. Бул кол жазма Инжил Вена императорлук китепканасында азыр да бар.

Бул Инжилде Хазрети Иса мындай деген:

«Мен күнөө кечирбейм, күнөөлөрдү бир гана Аллах кечирет.» (Баб 71)

«Мен Аллахтын Расулунун жолун даярдоо үчүн келдим. Бул Расул бир мөөнөттөн кийин Инжил бузулуп, ишенгендерден 30 кишидей кала турчу бир заманда келет. Ошол кезде Аллах элчисин жиберет. Анын башынын үстүндө ак бир булут болот. Ал буттарды сындырат. Анын жардамы менен адамдар Аллахты таанышат. Мен дагы чыныгы түрдө тааныламын». (Баб 72)

Ал Расул түштүктөн келет. (Баб 96)

Ал Расулдун аты Ахмед. (Баб 97)

[Курани каримде дагы бир аяттын мааниси мындай «Мариям уулу Иса: «Мен Аллахтын Расулумун. Менден мурда келген Тооратты тастыктоочу, менден кийин келчү Ахмед аттуу Пайгамбарды сүйүнчүлөөчү болуп келдим», - деген эле.» (Саф 6)]

Барнабас Инжили Аллахтын бир экендигин билдирүүдө жана таслисти (үч кудай ишенимин) жалганга чыгарууда. Бүгүнкү Библияларда жана Ахд-и атикте дагы бардык бузууларга карабастан Хазрети Исадан кийин бир Пайгамбар келе тургандыгы жазылган. 1886-жылы Стамбулда Бояжыян Агоб басмаканасында басылган Библиянын Түкрчө котормосунун 885-бетинде: «Ал келгенде дүнүйөнү күнөө, тынчтык жана өкүм жагынан тартипке салат», - делүүдө. Бул жердеги «Ал» дегендин Латынча түпнускасында Параклет деп жазылган. Бул сөз сооротуучу дегенди билдирет. Поптор бардык нерсеге карабай «Менден кийин бир сооротуучу келет» дегенди Инжилден чыгара алышкан эмес. Павлос жазган жана христиандар Библиядан деп эсептеген каттардан «Коринтостуктарга 1-каттын 13/8де«Пайгамбарлар бүтөт, тилдер дагы жоголот, [Латын тили сыяктуу] илим токтойт, [Орто Кылым илими сыяктуу], бирок, Ал камил келгенде жарым калган жана кемтиктүү болгон билимдер жоюлат», - делген. [Бул жазуу Инжилде да бар.]


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш