Ислам дини » Дубалар » Дарылардын эң жакшысы




Дарылардын эң жакшысы


Суроо: Өлгөндөргө  жана оорулууларга Ясин жана Фатиха окулуп  жатат. Бул сүрөлөрдүн котормолорунда шыпаа тууралуу айтылбайт. Фатиха сүрөсүн окуп жатканда өзүбүзгө дуба кылуудабыз. Булардын шыпаа менен эмне байланышы бар?

Жооп: Эмне тууралуу айтылса айтылсын, Ыйык Курандын ар бир аяты, ар бир тамгасы шыпаа. Ыйык хадисте: "Дарылардын эң жакшысы - Курани карим”, - деп билдирилди. (Ибни Мажа)

Пайгамбарыбыз алейхиссалам үч түрдүү дары колдончу. Курани карим же дуба окучу. Табият таануу илимдери аркылуу табылган дарыларды колдончу. Экөөнү тең аралаш колдончу. Бир ыйык хадисте айтылат:

"Курани каримден шыпаа күтпөгөн адам шыпаага жете албайт”. (Дайлами)

Курани карим жана дуба шарттарына ылайык окула турган болсо сөзсүз шыпаа берет. Окуган жана оорулуу адамдын буга ишенүүсү зарыл. Арам иш кылган жана акыйдасы туура болбогон адамдын окуусу пайда бербейт. Курани каримди акчага окуу – арам. (Тафсир-и Мазхари)

Ыйык хадистерде айтылды:

"Фатиха ар дартка дабаа”. (Байхаки)

"Фатиха сүрөсү Аллаху тааланын каарын кайтарат”. (Ширъа)

"Өлгөндөрүңөргө Ясин окугула!” (И. Ахмет)

"Көрүстөнгө кирген адам Ясин сүрөсүн окуса ошол күнү өлүүлөрдүн азаптары жеңилдейт. Өлүүлөрдүн санынчалык окуган адамга сооп берилет”. (Афтах-ул муслимин)

"Ясинди окуган адамдын кайгысы кетет”. (Дайлами)

"Жума түнү Ясин окуган адамдын күнөөлөрү кечирилет”. (Исфахани)

"Түнү Ясин окуган адам кечирилген болуп таңга чыгат”. (Бухари)

"Аллах ыраазычылыгы үчүн Ясин окуган адамдын күнөөлөрү кечирилет”. (Ибни Сүнни)

"Ар түнү Ясин окуганды уланткан адам шейит болуп кайтыш болот”. (Табарани)

"Ар нерсенин бир жүрөгү болот. Курандын жүрөгү – бул Ясин”. (Тирмизи)

"Бир жолу Ясин окуган адам он жолу Курани каримди окугандын сообун алат”. (Тирмизи)

Ясин сүрөсүндө Кыяматта боло турган нерселер, дүнүйөнүн өткүнчү экендиги, Бейиш нематтары менен Тозок азаптары да билдирилүүдө. Түшүнгөн оорулуу жанында окулганда ыйман менен кетүүгө себеп болгон нерселер тууралуу уккан болот. Имам Газали хазреттери айтат:

"Имам Ахмед бин Ханбал хазреттери Аллаху тааланын "Түшүнсө да түшүнбөсө да Курани карим окуган адам менин ыраазычылыгыма жетет” дегенин билдирүүдө”. (Ихйа)

Өлүүлөр үчүн да Ыйык Ясинди окуу буйрук кылынган. Хадиси шарифтерде айтылат:

"Жанында Ыйык Ясин окулган оорулуу сууга канган абалда кайтыш болот, тойгон абалда кабырга кирет”, "Мусулман бир оорулуунун жанында Ясин окула турган болсо Рыдван аттуу периште Бейиш шербетин алып келет. Ал адам сууга канган абалда рухун тапшырат. Тойгон абалда да кабырга кирет, сууга муктаждыгы болбойт”. (С.Эбедиййе)

Дубалар жана шыпаалар

Оорунун абалына жараша дарылоо дары менен, садака берүү аркылуу жана дуба менен ишке ашырылат. Шыпааны берүүчү жалгыз Аллаху таала. Курани каримде бир аяттын маанисинде айтылат:

"Ибрахим: "Оорума жалгыз Ал гана шыпаа берет”, - деди”. (Шуара, 80)

"Курани карим момундар үчүн шыпаа жана ырайым”. (Исра, 82)

Ыйык хадистерде да айтылат:

"Асыл дабаа – бул Курани карим”. (Ибни Наср)

"Фатиха менен Аятал күрсини окуган адамга ошол күнү назар (көз) тийбейт”. (Дайлами)

"Ла илаха илла анта субханака, инни күнтү миназ-залимин” окуган адам дарт жана балээден кутулат”. (Хаким) (40 жолу окуган жакшы болот.)

1 – Жети жолу Фатиха окуп, ооруп жаткан жерге үйлөнсө шыпаа пайда болот. (Т. Азизи)

2 – Күндө эртең менен жана кечинде 24 жолу Астагфируллах, анан "Астагфируллахалазим аллази ла илаха илла хувал хаййал каййума ва атувбу илайх” окулат, анан 11 Ихлас, 7 Фатиха жана 33 жолу Аллахумма салли ва саллим ала саййидина Мухаммадин ва ала али саййидина Мухаммед окулат, сообу Пайгамбарыбыз алейхиссаламдын, Кутман сахабалардын жана олуялар менен Силсилаи алиййа делген улуу аалымдардын аттарын айтып, рухтарына багышталат. Бул улуулардын урматына шыпаа берүүсү үчүн Аллаху таалага дуба кылынат. Кандайдыр бир тилекке жетүү үчүн 2 рекет намаз окулат, сообу Силсилаи алиййага багышталып дуба кылынат.

3 – Бул дуба (Арапча тамгалар менен жазылып) жиндиге окула турган болсо айыгат, оорулууга окула турган болсо шыпаа табат:

"Рева Алиййул-Рыда, фа-кала, Хаддасани аби Мусал-Казым ан абихи Жафарис-Садык ан абихи Мухаммаданил-Бакыр ан абихи Зайналабидин Ал ан абихил-Хусайн ан абихи Али бин Аби Талиб радыяллаху анхум, кала хаддасани хабиби ва куррату айни Расулуллахи саллаллаху алейхи ва саллам, кала хаддасани Жибрилу, кала самиту Раббулиззати йакулу, Ла илаха иллалаху хысни, ман кала-ха дахала хысни, ва ман дахала хысни амина мин азаби

4 – Ооруп турган жерди оң кол менен 7 жолу масх кылып (сылап), ар биринде Аузу бииззатиллахи ва кудратихи мин шарри ма-ажиду ва ухазиру деп окуган адамдын оорусу калбайт. (Б.Арифин)

5 – Эртең менен жана кечинде Бакаранын башынан 4 аят жана Аят-ал-күрси менен кийинки эки аят жана бул сүрөнүн аягындагы 3 аят жиндиге окула турган болсо айыгат.

6 – Жамгыр суусуна Фатиха, Аят-ал-күрси, Ихлас менен Муаввизатайн 70 жолу окулат. Бул суудан арасын үзбөй 7 күн эртең менен ичкен адамдын оорусу айыгат. (Муну 5-10 салих мусулман окуса андан да жакшыраак болот.)

7 – Шифа аяттары сууга аралаштырылып ичилсе ооруларга шыпаа болот. (Шыпаа аяттары: Тооба 14, Юнус 57, Нахл 69, Исра 82, Шуара 80, Фуссилат 44.)

 


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш