Ислам дини » Дубалар » Беш убак намаздардан кийин окула турчу дубалар




Беш убак намаздардан кийин окула турчу дубалар


Беш убак намаздардан кийин

1) "Аллахумма антассалам ва минкассаламу...” деген соң үч жолу "Астагфируллахаль азим аль карим аллази ла илаха иллаху альхаййул каййум ва атубу илейх” окулат.

2) Аятал курси, анан 33 "субханаллах”, 33 "алхамдулиллах”, 33 "Аллаху акбар” окулат. Анан "Ла илаха иллаллаху вахдаху ла шарика лах лахул мулку ва лахул хамду йухйи ва йумит ва хува хаййун ла йамут, бийадихил хайр ва хува ала кулли шайин кадир. Аузу бисмиллах менен Субхана раббийал алиййил алел ваххаб” окулуп, анан дуба кылат.

3) Салавату шарифа (салли-барик), Раббана атина... окулат.

4) 11 жолу Ихлас сүрөсү окулат.

5) Муаввизетейн окулат.

6) 67 жолу "астагфируллах” айтылып, 67-чисинде "...-аль карим аллази ла илаха иллаху альхаййул каййум ва атубу илейх” кошуп окулат.

7) 10 жолу "Субханаллахи ва би хамдихи, субханаллахил азыйм” окулат.

НАМАЗДАН КИЙИН ОКУЛЧУ ДУБА

Алхамдулиллахи Раббил-алемин, ассалату вассаламу ала расулина Мухаммедин ва ала алихи ва сахбихи ажмаин.

Йа, Рабби, окуган намаздарымды кабыл кыла көр. Акыр жана акыбетибизди кайырлуу кыла көр! Соңку демибизде тавхид келимесин айтуубузду насип кыла көр! Кайтыш болгондорубузду кечире көр!

Аллахуммагфир вархам ва анта хайруррахимин. Таваффани муслиман ва аль хыкни биссалихин. Аллахуммагфир ли вали валидаййа ва лил-муминина вал муминат явма якумул хисаб.

Йа, Рабби, бизди шайтан, душман жана напсибиздин жамандыктарынан сактай көр! Үйүбүзгө жакшылыктарды, кайырылуу жана берекелүү ырыскыларды бере көр! Мусулмандарга саламаттык бере көр! Дин душмандарын каарың менен жексен кыла көр! Исламиятка кызмат кылып жаткан мусулмандарга Өзүң жардам бере көр!

Аллахумма иннака афуввун каримун тухиббул авфа фафуанни.

Йа, Рабби, оорулууларыбызга шыпаа, дарты барларга дабаа бере көр!

Аллахумма инни асалукас-сыххата валь афията валь-аманата ва хуснал-хулкыварридаэ билкадари би рахматика йа архамаррахимин.

Риядан, бүлүктөн, ынтымаксыздыктан, ар түрдүү оорудан, кырсыктан, балээден, жалкоолуктан, алсыздыктан, кордуктан, зулумдан, жолдон тайдырчу байлык жана кедейликтен, шайтан жана напсинин жамандыгынан, душмандын жеңишинен, жаман мүнөздөн, бидат иштерден, жүзүкаралыктан, ыкылассыз амалдан, түрдүү күнөөдөн, күфүргө түшүп калуудан, жаман өмүрдөн, өлүм учурунда келчү фитналардан, динибизге, дүнүйөбүзгө зыян берчү нерселерден бизди коргой көр!

Чыныгы ыйман, көркөм мүнөз, шүгүр кылуучу жүрөк, зикир кылуучу тил, тагдырга ыраазы болуучу кайрылуу өмүр, аз жеп-ичүү, аз уктоо, аз сүйлөө, аз күлүү жана көп кызмат кылууну, кабыр азабынан жана акырет коркунучтарынан кутулууну, өмүр бою ыраазычылыгыңа ылайык иш кылууну, шейит сыпатында кайтыш болууну жана акыркы демде ахли сүннөт ишенимине ылайык ыйман келтирүүнү жана тообо кылууну насип кыла көр!

Йа, Рабби, бизге Өзүңдүн сүйүүңдү, Сен сүйгөндөрдүн сүйүүсүн, сүйүүңө жеткире турчу амалдардын сүйүүсүн насип кыла көр! Илимибизди, ыкыласыбызды, жөндөмдүүлүгүбүздү көбөйтө көр, мурат жана мухластардан болуубузду насип кыла көр, бизди жоомарт, берешен пенделериңен кыла көр!

Эне-атабызга, перзенттерибизге, тууган-уруктарыбызга жана бардык дин бир туугандарыбызга кайырылуу өмүр, көркөм мүнөз, акыл салим, ден-соолук, хидаятка жеткирчү жол жана ал жолдо бекем болууну насип кыла көр, йа Рабби! Амин.

Валхамду лиллахи Раббилалемин. Аллахумма салли ала..., Аллахумма барик ала... Аллахумма раббана атина... Валхамду лиллахи Раббилалемин. Астагфируллах, астагфируллах, астагфируллахальазим алькарим аллази ла илаха иллаху аль хаййаль-каййума ва атубу илайх.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш