Ислам дини » Дубалар » Ыйманды жана никени жаңылоо дубасы (Таждиди иман ва никах)




Ыйманды жана никени жаңылоо дубасы (Таждиди иман ва никах)


"Таждиди иман” дубасы

(Ыйманды жаңылоо)

"Йа, Рабби! Балагат жашыманушул жашка келгенге чейин Ислам душмандарына жана бидатчыларга алданып бузулган ишенимдериме жана бидат, күнөө болгон сөздөрүмө, уккандарыма, көргөндөрүмө жана кылгандарыма өкүндүм. Эми кайра  мындай жалган ишенимдерге ишенбөөгө жана ката кылбоого бел байладым.

Пайгамбарлардын алгачкысы Адам алейхиссалам жана акыркысы пайгамбарыбыз Мухаммед алейхиссалам. Бул эки пайгамбарга жана араларында келип-кеткен пайгамбарлардын бардыгына ыйман келтирдим. Алардын бардыгы хак жана билдиргендери туура.

"Аманту биллах ва би-ма жаэ мин индиллах, алаа мурадиллах, ва аманту би-Расулиллах ва би-ма жаэ мин инди Расулиллах алаа муради-Расулиллах.

Аманту биллахи ва Малаикатихи ва кутубихи ва Русулихи вал-йавмил-ахири ва билкадари хайрихи ва шаррихи миналлахи таала вал-басу бадал мавти хаккун ашхаду ан лаа илаха иллаллах ва ашхаду анна Мухаммадан абдуху ва расулух.”

"Таждиди никах” дубасы

(Ыйман менен никени жаңылоо)

"Мурунтан бери никемде болгон аялым тарабынан өкүл катары, өзүм тарабынан асыл катары мусулмандардын күбөлүктөрү менен аны кайра өзүмө никеледим.

 "Аллахумма инни уриду ан ужаддилал имана ван-никаха таждидан би-кавли лаа илаха иллаллах Мухаммадан Расулуллах.”


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш