Ислам дини » Дубалар » Пайгамбарларды, олуяларды васила (себепчи) кылып дуба кылуу




Пайгамбарларды, олуяларды васила (себепчи) кылып дуба кылуу


Суроо: Дуба кылууда олуяны васила (себепчи) кылуу жаизби?

ЖООП

Жаиз жана жакшы болот. Мисалы, багымдат жана куптан намазынан кийин улуу аалымдардын [мисалы, силсилеи алиййанын] ысымдарын, кийин Фатиха окуп рухтарына жөнөтүп, аларды себепчи кылып кылынган дубанын кабыл болгондугу тажрыйба кылынган. (Фаваид-и Османиййа)

Суроо: Кайтыш болгон олуядан кантип жардам суралат?

ЖООП

Анын улуулугуна ишенүү жана анын жолунда болуу керек. Рухуна Ясин шариф же Ихлас, бир Фатиха окуп хадия кылынат. Кийин эч бир нерсе ойлобостон, урмат жана карапайымдык менен ысымын айтып, васыта (арачы, себепчи) болуусу үчүн жалбарат.

Суроо: Дубанын кабыл болуусу үчүн Олуяны себепчи кылуу керепи?

ЖООП

Дубанын кабыл болуусу үчүн Ахли сүннөт ишениминде болуу, харам иш кылуудан, өзгөчө харам жегенден, ичкенден сактануу, парздарды орундоо, Аллаху тааладан сураган нерсенин себебин билип, муну издөө керек. Ооздон кирген жана чыккан нерсеге дыкат болуу керек, башкача айтканда, харам жебөө, харам сөз сүйлөбөө, сөз ташыбоо, гыйбат кылбоо, уят сөздөрдү оозго албоо керек. Ар ким бул шарттардын баарын орундоосу кыйын болот. Олуяны себепчи кылганда Аллаху таала дубабызды аларга угузат жана алар биз үчүн дуба кылышат, Аллаху таала алардын дубасын кабыл кылат.

Эки хадиси шарифтин мааниси мындай:

«Йа, Рабби, сенден сурап, сен болсо берген кулдарыңдын урматы үчүн тилеймин.» [Ибни Мажа]

«Чөлдө жалгыз калган адам бир нерсе жоготсо «Эй, Аллахтын кулдары, мага жардам бергиле!» десин, себеби, Аллаху тааланын силер көрө албаган кулдары бар.» [Табарани]

Дубаларды уруксат менен окуу

Суроо: Кылынган зикирлер үчүн бир аалымдар уруксат алуу керекпи?

ЖООП

Керек эмес. Бирок, бир дубаны, зикирди шыпаа үчүн же бир муктаждыктын орундалуусу үчүн окууда уруксат менен окуу шыпаанын пайда болуусуна себеп болот.

Мухаммед Масумхазреттери мындай деп буюрган:

Парз жана сүннөт болгон амалдарды, зикирди, дуба жана аяти карима окууну сооп табуу үчүн кылууда уруксат алуунун кереги жок. Буларды шыпаа үчүн, бир муктаждыгынын орундалуусу үчүн окууда таасир кылуусу үчүн устаздын уруксат берүүсүнө байланыштуу. (2/36)

Имам Раббанихазреттери дагы: «Көңүлдү тазалануусу үчүн зикирди уруксат менен кылуу керек», - деп буюрууда. (3/25)

Муршид камилдердин китептеринен үйрөнүп окуу уруксат алуу болуп саналат. Уруксат алган адам уруксат бергендин өкүлү болот. Мунун окуусу өкүл кылган заттын окуусу сыяктуу таасирдүү, пайдалуу болот. (Ислам Ахлагы)

Уруксаттуу зикир

Суроо: «Уруксатсыз тартылган зикир же келиме-и таухиддин сообу болбойт» делүүдө. Бул туурабы?

ЖООП

Туура эмес, бирок, уруксаттуу болсо көп сооп болот жана көңүлү да тазаланат. Ал улуу аалымдардын китептериндеги зикирлер окулса уруксаттуу кылынган болуп саналат.

Суроо: Анбия жана олуяга дуба кылуу Аллаху тааланын жардамы болбостон, өзүнөн өзү бир нерсе кыла тургандыктарына ишенип, йа Расулаллах, йа Шамсаддин Панипути, йа Тезверен ата, мага муну бер дегендик жазби?

ЖООП

Жаиз эмес, минтип айтуу күфүр. Ансыз да эч бир мусулман адам минтип айтпайт. Бул ваххабилердин Ахли сүннөт ишениминде болгон мусулмандарга карата кылган жалаасы. «Йа, Рабби, Расулуллахтын урматы үчүн, Абдулкадир Гейлани урматы үчүн мага муну бер. Сеййидат Нафиса урматына оорума шыпаа бер» деп айтуу болсо жаиз жана пайдалуу. Ошондой эле, зикир эмес рабыта катары улууларды эстөө үчүн, мисалы, Йа Шемседдин Панипути деп дайым айтуу да жаиз. Йа деп ысымдарын айтуу менен улуулар менен байланыш курулган болот.

Дубаны уруксаттуу окуу

Суроо: Сайтта мындай делүүдө: «Бир муктаждыктын орундалуусу үчүн дубаны муршиди камилдин уруксаты менен окуу керек. Кайтыш болгон болсо китебинен үйрөнүп окуу дагы уруксаттуу окуу болот. Уруксат алган адам уруксат берген адамдын өкүлү болот. Өкүлдүн окуусу муршиддин окуусу сыяктуу таасирдүү болот.»

Маркум Хусейин Хилми бин Саид хазреттери: «Бисмиллахиррахманиррахим. Бисмиллахиллази ла йадурру маасмихи шайун фил-арды вала фиссама-и ва хувассамиул улим» дубасын Имам Раббини хазреттеринин китептеринде жазылуу деп окуудамын», - дечү эле. Биз дагы бул дубаларды окууда дал ошондой деп айтуубуз керекпи?

ЖООП

Ошентип айтылса да болот, бирок, биз дагы мурат дубаларын «Устазыбыздын китептеринде бар» деп окусак уруксаттуу окуган болобуз.

Суроо:Пайгамбарлардын же олуялардын урматына деп дуба кылса болобу?

ЖООП

Баззазиййа фатвасында өлүү же тирүү пайгамбарлардын же олуялардын урматтары үчүн дуба кылуунун жаиз болгондугу билдирилүүдө.

Олуяны себепчи кылып дуба кылуу

Суроо: Пайгамбарларды, олуяларды себепси кылып, алардын урматына деп дуба кылуунун динибиз жагынан бир зыяны барбы?

ЖООП

Расулуллах алейхиссаламды көзү тирүү кезде да, кайтыш болуусунан кийин да себепчи кылып дуба кылуу сахих жана жаиз. Ушул сыяктуу, олуяны, салихтерди себепчи кылып дуба кылуунун жаиз болгондугун хадиси шарифтер көрсөтүүдө. Пайгамбарыбыз алейхиссаламдын жана олуянын кабырларынын жанында аларды себепчи кылып кылынган дубалар тез кабыл болот. Расулуллах алейхиссалам:

«Йа, Мухаммед, сени васила кылып Раббиңе таважжух кылуудамын», - дечү. Көз жумгандан кийин Асхабы кирам дагы бул дубаны окушчу. Табарани билдирген хадиси шарифте:

«Чөлдө жалгыз калган адам бир нерсе жоготсо «Эй, Аллахтын кулдары, мага жардам бергиле!» десин, себеби, Аллаху тааланын силер көрө албаган кулдары бар», - делген. Барикада мындай делүүдө:

«Аллаху таалага дуба кылууда пайгамбарларды, салихтерди себепчи кылуу жана себепчи болууларын алардан суроо жаиз.» Ибни Абидинде мындай деп буюрулууда:

«Расулуллахты себепчи кылып Аллаху таалага дуба кылуу жакшы болот. Алгач жана кийин келген аалымдардан эч бири буга каршы бир нерсе дешкен эмес. Бир гана Ибни Таймия муну кабыл кылбады. Эч ким айтпаган нерсени айтып ортого бидат чыгарган болду. Ушундай болгондугун Имам Субки жакшы ачыктаган.» Тазкират-ул-Аулия китебинде мындай делген: «Шакирттеринен бир бөлүгү сапарга чыгып баратып Абул Хасан Харкани хазреттерине келип, жол узак жана өтө кооптуу. Бизге бир дуба үйрөтсөңүз, астыбыздан жол кесерлер чыкса аны окуп кутулалы», - дешти. Астыңардан бир балээ чыкса «Йа, Абал-Хасан» дегиле деп буюрду. Устазынын бул жообун көбү жактырышпады. Жолдо астыларынан каракчылар чыгышты. Араларынан бири «Йа, Абал-Хасан» деди. Ошол шакирт жана жанындагы жаныбары, оокаты менен бирге көзгө көрүнбөс болду. Калгандарынын оокаттарын каракчылар тартып алып кетишти. Каракчылар кеткенде андан: «Сен кантип кутулдуң?» - деп сурашты. «Йа, Абал-Хасан», дедим, жаныма келишпеди», - деди. Артка кайтышты. Биз йа Аллах дедик, Раббибизге жалбардык, бирок, тонолдук. Бул болсо йа Абал-Хасан деп кутулду. Мунун себебин түшүндүрүүсү үчүн устазына жалбарышты. Силер Аллаху тааланы харам кирген, харам чыккан ооз менен чакырдыңар. Бул болсо Абул-Хасанды себепчи кылды. Аллаху таала мунун үнүн Абул-Хасанга угузду. Абул-Хасан болсо мунун кутулуусу үчүн дуба кылды, дубасы кабыл болду», - деп буюрду.

«Пайгамбардын, олуянын акысы үчүн» деш

Суроо: Динибиз жагынан Пайгамбардын же кайсыдыр бир олуянын акысы, урматы үчүн, анын урматына деп дуба кылууда бир зыян барбы?

ЖООП

Пайгамбарларды, салих кулдарды себепчи кылып дуба кылуунун жаиз болгондугу китептерди жазылуу. Мисалы Барикада мындай делүүдө: «Пайгамбардын, олуянын акысы үчүн дегендик, Анын нубувваты (пайгамбарлыгы) хак, вилаяты (олуялыгы) хак дегендик болот. Пайгамбарыбыз алейхиссалам да бул ниет менен «Пайгамбарың Мухаммед акысы үчүн» деген жана согуштарда Аллаху тааладан Мухажирлердин фукарасы акысы үчүн жардам сураган». Ислам аалымдарынан «Сенден сурашканда берген адамдарыңдын акысы үчүн» деген сыяктуу дубаларды кылгандар жана китептеринде жазгандар көп болгон. Хысн-ул-хасин китеби ушундай дубаларга толо. Рух-ул-баян тафсиринде Маида сүрөсүнүн 18.аятында мындай делген: «Хазрети Омар кабар берген хадиси шарифте: «Адам алейхиссалам жаңылган кезде йа, Рабби! Мухаммед алейхиссаламдын акысы үчүн мени кечир деди. Аллаху таала болсо Мухаммедди али жарата элекмин. Аны кантип тааныдың деди. Йа, Рабби! Мени жаратып, рухуңан мага ихсан кылганда башымды көтөрдүм. Арштын этектеринде ла илаха иллаллах Мухаммадун Расулуллах деп жазылуу экендигин көрдүм. Сен ысымыңдын жанына эң көп сүйгөнүңдүн ысымын жазасың. Муну ойлоп Аны эң көп сүйгөндүгүңдү түшүндүм деди. Аллаху таала болсо буга жооп катары эй Адам, туура айттың. Макулуктарымдын ичинде эң көп сүйгөнүм Ал. Ал үчүн сени кечирдим. Мухаммед болбогондо сени жаратмак эмесмин деди», - деп буюрулган. Бул хадиси шариф Имам Байхакинин Далаил жана Алусинин Галиййа китептеринде жазылуу.

«Расулуллахтын урматына» деп дуба кылуу

Суроо: Ибни Таймия жана анын жолундагылар Пайгамбарыбыз алейхиссаламдын урматына деп дуба кылуунун ширк экендигин айтышууда. Бул негиздүүбү?

ЖООП

Бул тууралуу Ибни Хажар хазреттери Жавхар-ул-мунзам китебинде мындай деп буюрууда:

«Ибни Таймиянын сантырактарынан бири Расулуллах алейхиссалам менен тавассул кылынууну четке кагуу. Андан мурда эч бир Ислам аалым минтип айткан эмес. Ахли сүннөт аалымдары Расулуллах алейхиссалам менен ар качан тавассул кылуу өтө жакшы дешүүдө. Жаратылуудан мурда, жаратылгандан кийин, дүнүйөдө да, акыретте да Аны менен тавассул кылынат. Жаратылуудан мурда Аны менен тавассул кылына тургандыгын көрсөткөн далилдерден бири – Пайгамбарлардын жана үммөттөрүндөгү олуялардын Аны менен тавассул кылган болуулары. Ибни Таймиянын жалаа сөзү эч бир негизге таянган эмес. Хадис аалымдарынан Хаким Нишапури хазреттери билдирген хадиси шарифте:

«Адам алейхиссалам жаңылган кезде йа, Рабби! Мухаммед алейхиссаламдын акысы үчүн мени кечир деди. Аллаху таала болсо Мухаммедди али жарата элекмин. Аны кантип тааныдың деди. Йа, Рабби! Мени жаратып, рухуңан мага ихсан кылганда башымды көтөрдүм. Арштын этектеринде ла илаха иллаллах Мухаммадун Расулуллах деп жазылуу экендигин көрдүм. Сен ысымыңдын жанына эң көп сүйгөнүңдүн ысымын жазасың. Муну ойлоп Аны эң көп сүйгөндүгүңдү түшүндүм деди. Аллаху таала болсо буга жооп катары эй Адам, туура айттың. Макулуктарымдын ичинде эң көп сүйгөнүм Ал. Ал үчүн сени кечирдим. Мухаммед алейхиссалам болбогондо сени жаратмак эмесмин деди», - деп буюрулган.

Бул жерде «Мухаммед алейхиссаламдын акысы» дегендик Аллаху тааланын Аны эң көп сүйүүсү, Аны эң көп кадырлоосу, Ага ихсан кылып, Ал үчүн өз үстүндө тааныган акы дегендик. Расулуллах алейхиссаламдан «Кулдардын Аллаху тааланын үстүндөгү акысы эмне?» деп сралганда: «Бул жерде хак дегендик зарыл, важиб болгон нерсе дегендик эмес», - деп буюрган. Аллаху тааланын эч бир нерсени кылуусу зарыл, важиб эмес. Кааласа кылат, кааласа кылбайт. Муну ширк дегидей Аллаху тааладан Расулуллах акысы үчүн бир тилек тилөө Расулуллах үчүн суроо болуп саналбайт. Аллаху таала Расулун эң көп сүйгөндүгүн жана бийик мартаба бергендигин билдирүүдө. Мына бул сүйүүнүн, бул бийик даражанын урматы үчүн Аллаху тааладан суралууда.»


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш