Кийим же килемдеги нажасат


Суроо: Кир жууганда таза жана булганган кирлерди чоогу жуунун зыяны барбы?

ЖООП

Заара тийген, кан жуккан кирлерди таза кирлер менен жуунун зыяны жок.

Баланын жалаягы жана жуулган илеген

Суроо: Баланын жалаягы жуулган илегенде таза кирлерди жуунун зыяны барбы?

ЖООП

Зыяны жок.

Бир жолу жуу

Суроо: Көрүнбөгөн нажасаттар, мисалы, заара, кан жуккан кирлер илегенде же кир жуугуч машинада жуулуп жатканда бир жолу жуу менен тазалангандыгы ойлонулса жетиштүү болобу?

ЖООП

Ооба.

Кир жуугу машина

Суроо: Автомат кир жуугуч машина менен жуулган нажис кирлер таза болобу?

ЖООП

Ооба. Автомат кир жуугуч машиналарда кол менен жуугандан да жакшыраак жуулууда.

Машинада жууганда

Суроо: Жууп жатканда машинадагы суу жана калган буюм нажис болобу?

ЖООП

Жок.

Тазалангандыгына шек санаган

Суроо: Нажасаттуу кирлердин тазалангандыгына шек санаган адам эмне кылат?

ЖООП

Тазалангандыгына шек санаган адам үч жолу жууйт жана ар жууган сайын кирди сыгат. Дарыяда же чоргодо жуулган бир нерсени сыгуу керек эмес. (Халеби)

Килем жуу

Суроо: Чоң болгондугу үчүн сыгылбаган килем сыяктуу нажасатты өзүнө сиңирген нерселер кантип жуулса таза болот?

ЖООП

Ар жуушта суу тамчылоосу токтогонго чейин күтүлөт. Ушинтип үч жолу жуулганда тазаланган болот. Сыгылуусу, щеткалануусу керек эмес.

Килеп жуугуч машина

Суроо: Заара жуккан килем машина менен жуулганда таза болобу?

ЖООП

Заара жуккан килемдин машина менен кыска аралыктар менен үч жолу астыңкы бети, үч жолу арты жуулса таза болот. Үстүндө жайнамазсыз намаз окулат. Кир үчүн бир жолу жуу жетиштүү.

Кийимдеги нажасат

Суроо: Кийимдин бир жерине нажасат жукса, кийин бул жерди таба албаган адам эмне кылат?

ЖООП

Кийим же дененин бир жерине нажасат жукса, бул жерди таба албаса өзү ойлогон жерди жууса таза болот. Намаздан кийин белгилүү болсо намазын кайрадан окубайт. (Хадика)

Сатып алынган кийимди жуу

Суроо: Сатып алынган даяр кийимди жуубастан кийип, аны менен намаз окуунун зыяны барбы?

ЖООП

Буюмда башкы нерсе – тазалык. Нажис болгондугу анык түрдө билинмейин таары таза деп кабылданат. Атүгүл, мусулман эместердин кийимдери дагы таза деп кабылданат. (Хадика)

Кургак тазалоо

Суроо: Нажасат жукпаган бир кийим менен кан жана заара жуккан кийим кургак тазалоодо тазаланабы жана беркилерди кирдетеби? Тактап айтканда, кургак тазалоочуга берилген нажасат жукпаган кийим менен намаз окуй алабызбы?

ЖООП

Кургак тазалоодо бир гана кирлер тазаланат. Жуулмайынча заара жана кан тазаганган болбойт. Бирок, заара жуккан кийим беркилерди кирдетпейт. Тактап айтканда, кургак тазалоочуга берген нажасат жукпаган кийим менен намаз окуубузда зыян болбойт. Динде божомол ой менен өкүм берилбейт. Мусулман эместердин кийимдерине заара жана шарап жугуп калуу ыктымалы кубаттуу. Буга карабастан динибиз мусулман болбогон адамдын кийимин жуубастан ал кийим менен намаз окуй ала тургандыгын билдирүүдө. (Ашбах шархы)

Динибиздин буйругу ушундай болуп турса кургак тазалоочуга берилген таза кийим менен намаз окууга болбой тургандыгын же анык маалымат болбостон азык заттардын ичинде нажис зат бар болгондугу үчүн желбей тургандыгын айтуу элди тынчсызданууга түртө тургандыгы, бүлүк чыгууга себеп боло тургандыгы үчүн күнөө.

Тазалоо мүмкүнчүлүгү болбогон адам

Суроо: Кийими тогулу менен нажис болгон адам намазын өткөрүп жибербөө үчүн жылаңач окуйбу?

ЖООП

Үстүндө намазга кедерги боло турганчалык нажасат бар адам тазалануусу мүмкүн болбосо ошол бойдон окуйт, жылаңач окубайт. Атүгүл, тазалоо мүмкүндүгү бар болсо, бирок, намахрам чоочун адамдар бар болсо тазаланбастан намазын окуйт. Себеби, башкалардын жанында аврат жерин ачуу тыюу салынган. Нажасатты тазалоо болсо буйрук кылынган. Буйрук менен тыюу бир жерге келгенде тыюуга баш ийилет. (Маракыл-фалах)

Маликини таклид кылып окуса эч зыяны болбойт.

Таза кийими болбогон адам

Суроо: Түрмөдө отурган бир кишинин түрмө кийими нажис болсо намазын кантип окуйт?

ЖООП

Таза кийим таза албоо зарылдык (мажбурлук) болуп саналат. Зарылдык абалда нажасаттуу кийим менен намаз окулат. Эгер Маликини таклид кылса Малики мазхабында нажасат намазга кедерги болбогондугу үчүн намазы сахих болот.

Намаздан кийин көрүнгөн нажасат

Суроо: Нажасат менен окулган намаз сахих болбойт. Нажасат болуп, бирок, аны билбесе сахих болот. Нажасат болгондугун намаздан кийин көрсө казасын окуу керек эмес деген аалымдар да болгон. Расулуллах алейхиссалам намаз ичинде налынын чечип, намазын улантты. Намаздан кийин налынын эмне үчүн чечкендигин сурагандарга: «Жабраил алейхиссалам налынымдын кир болгондугун кабарлагандыгы үчүн чечтим», - деп айтты жана намазын кайра окубады. [Налын – асты тери, үстү ачык сандалга окшогон бут кийим.] Малики мазхабы таклид кылынса намазы сахих болот.

Суроо: Ичкилик саткан адамдан сатып алынган буюмду жууш керекпи?

ЖООП

Ичкилик саткан адамдан алынган кийим, килем жана башка нерселердин таза деп кабылдангандыгы Хадикада жазылуу.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш