Ислам дини » Гусул-даарат-хайз » Гусул » Гусул үчүн таяммум алуу




Гусул үчүн таяммум алуу


Суроо: Жатаканада белгилүү бир сааттарда гана ысык суу берилүүдө. Ысык суу берилбеген сааттарда муздак суу менен дагы гусул алуу мүмкүнчүлүгү жок. Себеби, мончолорду кулпулап кетишүүдө. Гусул алуу үчүн башка мүмкүнчүлүк дагы болбогондуктан таяммум менен намаз окууга болобу?    

Жооп: Шаарда суу таба албоо үзүр себеп болбойт. Водопровод чоргосунан суу алып, туалетке кирип болсо дагы гусул алуу мүмкүн. Таяммум үчүн үзүр себеп болбойт. Эгер такыр суу табылбаса, ошондо гана таяммум жаиз болот.

Гусул ала албаган адам

Суроо: Мен турган жердин тартип эрежеси өтө катуу. Күн чыкканга чейин мончо ачылбайт, гусул алууга башка жер да жок. Таяммум кылып намаз окусам болобу?

Туалетте дагы гусул алууга мүмкүнчүлүк жок болсо таяммум кылып намаз окулат. Гусул алганда кайра окулат.

Сапарда хайзы бүткөн аял

Суроо: Сапарда же үйүнөн алыс жерде хайзы бүткөн аял гусул алууга ылайыктуу жер таба албаса эмне кылат?

Жооп: Алгач гусул үчүн бардык мүмкүнчүлүктөрдү изилдештирет. Эгер бар болсо аялдардын мончосуна барат. Ылайыктуу бирөөгө жагдайды түшүндүрөт. Эгер дагы деле ылайыктуу бир жер таба албаса, эки намазды жам кылып окууга мүмкүнчүлүк бар болсо, гусулду кечиктирет. Ага дагы мүмкүнчүлүк жок болсо, гусул үчүн таяммум кылат жана суу менен даарат алып, намазын окуйт. Жолдо, автобуста болуп гусул алууга жер таба албаган адам да жам кылууга да мүмкүнчүлүк жок болсо автобус токтогон жерде таяммум кылат.

Аврат жерин ачуу

Суроо: "Гусул алууга зарылдык пайда болгондо эркек киши эркектердин арасында жана аял киши аялдардын арасында аврат жерин ача алат” деген сөз туурабы?

Жооп: Бул кавил зайыф (алсыз). Гусулдун ордуна таяммум кылуу зарыл болот. Анткени, Ибни Абидин хазреттери айтат:

"Бир буйрукту орундоо кандайдыр бир арам ишке себеп боло турган болсо, арам ишти кылбоо үчүн ошол буйрукту кечиктирүүгө мүмкүнчүлүк жок болсо ташталат жана орундалбайт.” (С. Абадиййа)

Суроо: Муздак суу менен гусул алганда ооруп калышы мүмкүн болгон киши гусул үчүн таяммум кыла алабы?

Жооп: Гусул даарат алганда сууктан өлүү жана ооруп калуу коркунучу бар болсо, шаарда болсо дагы мончо, душ үчүн акчасы жок болсо жана башка чара таба албаса гусул даараты үчүн таяммум кылат жана суу менен даарат алат.

Суроо: Оорусунан улам суу менен гусул ала албаган бир адам кантип гусул алат?

Жооп: Гусул даарат алганда ооруп калуудан же оорусунун күчөп кетүүсүнөн же узап кетүүсүнөн корккон адам гусул үчүн таяммум кылат. Бул коркунуч өзүнүн тажрыйбалары менен же мусулман, адилеттүү дарыгердин айтуусу менен маалым болот, билинет. Фыскы, күнөө кылуусу бардыгына белгилүү болбогон дарыгердин сөзү дагы кабыл кылынат. Суук болуп, баш калкалай турган жер, сууну жылыта турган нерсе, шаарда мончо үчүн акча таба албоо ооруга себеп болушу мүмкүн.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш