Ислам дини » Гусул-даарат-хайз » Гусул » Гусулду талап кылган жана талап кылбаган абалдар




Гусулду талап кылган жана талап кылбаган абалдар


Суроо: Гусулду талап кылган жана талап кылбаган абалдар эмнелер?

ЖООП

Гусулду талап кылган абалдар:

1- Хайз же төрөттөн кийинки лохусалык абал бүткөндө же жунуп болгондо гусул алуу парз. Хайз бүткөндө жунуп болсо да экөө үчүн тең бир гусул жетет. Аял жунуп кезде хайз көрсө кааласа дароо гусул алат, кааласа хайз бүткөнгө чейин күтүп, кийин экөө үчүн тең бир жолу гусул алат.

2- Эркектин аврат мүчөсүнүн учу, сүннөт терисинин астындагы тоголок бөлүк аялдын мүчөсүнө киргенде мений келбесе да эркек дагы, аял дагы жунуп болот. Тоголок бөлүгү кирбесе жунуп болбойт.

3- Эркекте кою ак, аялда агуучу сары мений ордунан шахват менен чыкса жунуп болот.

4- Ихтилам менен, б.а., түшүндө шахваттанып ойгонгондо мений аккандыгын көргөн эркек жана аял жунуп болот. Түшүндө катнашта болгондугун көрүп, бирок, ойгонгондо мений акпаган болсо, мений жок болсо гусул албайт. Кээ бир аалымдар аялдын менийи ичкери карай агат, этият жагынан алганжа жуунса жакшы болот дешкен.

5- Шахват менен ордунан козголгон мений заара жолунда калып, кийин бул жерден шахватсыз дагы чыкса гусул алуу керек. Заара кылгандан кийин же бир канча убакыт уктагандан кийин чыкса гусул керек болбойт.

6- Истимна (мастурбация) гусулду талап кылат.

7- Жунуп болуп, заара кылбастан гусул алгандан кийин эркекте менийдин калып кеткен бөлүгү шахватсыз акса кайрадан гусул алуу керек болот. Ошондуктан, гусулдан мурда заара кылып, заара жолунда калган мений бөлүгүн чыгаргандан кийин гусул алуу керек. Аял жуунгандан кийин өзүнөн мений чыкса өз менийи болгон учурда гусулду кайталайт, намазын кайталабайт. Өз мениси келбеген болсо эч нерсе керек эмес.

8- Эркектин мүчөсүнүн учу аялдын арткы мүчөсүнө (анус) кирсе мени акча да, акпаса да экөө тең гусул алуусу керек болот. Хайз абалында да, таза кезинде да аялына аркасынан жакындоо харам. Чоң күнөө болуп саналат. Ливата же жыныстык бузукулук делген гомосексуализм дагы да чоң күнөө. Жаныбарды зордуктаганга да гусул керек. Бул өтө ыплас жана чоң күнөө.

9- Ихтилам болгондугун эстебестен мений көргөн киши гусул алуусу керек. Ойгонуп, кийиминде мений көргөн киши ихтилам болгондугун эстебесе дагы гусул алат. Мений деп ойлосо этияттан гусул алат.

10- Аял күйөөсүн ойлогондо шахваттанса, кийин титирөө менен түйүлүп сарымтың бир агым, тактап айтканда, мений келсе гусул керек болот.

Гусулду талап кылбаган абалдар:

Суроо: Гусул керек болбогон абалдар эмнелер?

ЖООП

Эл арасында гусул керек деп  түшүнүлгөн кээ бир абалдарда гусул керек эмес. Гусул керек болбогон абалдар мына булар:

1- Бир эркек бир аялды же бир эркекти жылаңач көрсө гусул керек болбойт. Карап жатканда шахваттанып мений келсе гусул керек болот. Эгер мезий келсе гусул керек эмес.

2- Бир аял өз күйөөсүн же бир аялды жылаңач көрсө гусул керек болбойт.

3- Аял менен күйөө ойноп жатып, жылаңач сүрөт көрүп же ойлонуу менен мезий келсе, бирок, мений келбесе гусул керек болбойт.

4- Заара кылгандан кийин же чоң даараттан кийин келген жабышкак простат суюктугу же ведий гусул алууну талап кылбайт.

5- Оор нерсе көтөрүү же бир жерден жыгылуу сыяктуу бир себеп менен мений чыкса Шафииде гусул керек болот, калган үч мазхабда керек болбойт.

6- Ихтилам болгондугун эстеген, ойгонгондо кийиминде мений көрбөсө гусул алуусу керек эмес. Ихтилам болгон киши ойгонгондо, жатакта же кийминде же бутунда нымдалышуу көрсө мунун мезий делген аккан суюктук экендигин түшүнсө же ойгоо кезде мезий акса гусул керек болбойт.

7- Жунуп болуп гусул алгандан кийин аялдан күйөөсүнүн менийи чыкса гусул керек болбойт.

8- Аял же эркек этегин (чатын) кырынса гусул керек эмес.

9- Аялдар себинген жытты эркектер жыттаса жыт себингенге дагы, жыттаганга дагы гусул керек эмес. Бул дааратты дагы бузбайт. Бирок, аялдардын күйөөсүнөн башкалар үчүн атыр жыт себинүүлөрү жаиз эмес.

10- Жунуп кезде кийилген кийимди үстүндө нажасаты жок болсо кайра кийсе же ал кийим менен намаз окуса зыяны жок.

Мений, ведий, мезий деген эмне?

Суроо: Мений, ведий, мезий жана простат суюктугу эмнелер? Булар чыкса гусул алуу керекпи?

ЖООП

Мений – жыныстык катнаш же мастурбациянын акырында кумарлануу менен чыккан жабышкак суюктук. Эркектин менийи сперма деп аталат. Аялдан келген мений сарымтың болот.

Ведий – Заарадан кийин чыккан ак, күңүрт, коюу, жабышкак суюктук.

Мезий – шахват, кумарланууда чыгат. Шахваттанганда, ачык сүрөттөрдү караганда же кумарлануу менен өбүшкөндө жана сүртүнгөндө же ушундай нерселерди ойлонгондо келген бир канча тамчы түссүз жабышкак суюктук.

Простат суюктугу – көбүнчө заарадан кийин келген, коюу, жабышкак суюктук.

Шахват менен келген менийден башка булардын эч биринде гусул керек болбойт. Аялдарда мений келүүсү дагы да кыйын болот. Мений эмес мезий делген аккан суюктук келсе гусул керек эмес. Мений титиреп келет, түйүлүү болот. Келген суюктуктун мезий же мений экендигин ушундайча түшүнүлөт.

Мений келбесе

Суроо: Простат операция болдум. Урук жумурткаларымды алдырткандан кийин сперма чогулбайт. Аялым менен бирге болгондо сперма келбейт. Түшүмдө ихтилам болом, бирок, сыртка бир нерсе акпайт. Кээде эч бир себепсиз эле заарада коюу суюктук көрүүдөмүн, сперма эмес болду бекен деп биле албайм. Жунуп болуудамынбы, гусул алуум керекпи?

ЖООП

Эгер катнаш болгондо сперма чыкпаса да гусул алуу керек. Түш көрүп ихтилам болгондо сыртка бир суюктук чыкпаган болсо гусул алуу керек эмес. Гусул үчүн менийдин шахват менен сыртка чыгуусу керек. Мений кандайдыр себеп менен шахватсыз чыкса Ханафиде гусул керек эмес. Заарада көрүлгөн простат суюктугу болушу мүмкүн. Анализ тапшырса жакшы болот. Мений болсо да шахватсыз чыкса гусул керек эмес. Эгер шахват менен ордунан козголуп, кийин шахватсыз чыкса гусул керек болот.

Мений көрүнбөсө

Суроо: Операция менен мений каналы табарсыкка уланды. Ихтиламда мений табарсыкка агат экен. Заара кылганда мений көрбөйм. Гусул керек болобу?

ЖООП

Мений көрүнбөсө гусул керек болбойт.

Эмделгенде

Суроо: Аял киши гинекологиялык оорулардан улам эркек докторго барып жатынын эмдетсе гусул алуусу керекпи? Ультратолкундуу дарылануу болгондо гусул керекпи? Аял алдына жана аркасына манжа киргизгенде гусул алуусу керек дегендер бар, керек эмес дегендер бар. Кайсынысы туура?

ЖООП

Экөө тең туура деп эсептелбейт, ачыкталуусу керек. Ичкери манжа киргенде кумар сезбесе гусул керек болбойт. Кумар сезсе гусул керек болот. Кумар алуу шахват сезүү болуп саналат.  Саадат-и Абадиййа китебинде Радд-уль-мухтар китебинен алынып мындай деп жазылган: «Баланын жыныс мүчөсү, жаныбардын жыныс мүчөсү, өлүүнүн жыныс мүчөсү, жыныс мүчөсү сыяктуу бардык нерсе же манжа колдонгон кезде ичке кирген кезде кумар сезсе гусул алуусу керек болот. Кумар сезбесе гусул алуусу жакшы болот.»

Жунуптун адат көрүүсү

Суроо: Жунуп аял хайз болгондо жуунуусу керекпи?

ЖООП

Жуунуусу шарт эмес. Жунуп кезде тырмак жана чач кыркуусу макрух хайз кезде макрух эмес. Ошондуктан, жуунуусу жакшы.

Төрөтүү

Суроо: Эркек же аял гинеколог врач же акушер Рамазанда даараттуу болуп бир аялды төрөтсө доктурдун орозосу гусулу же даараты бузулабы?

ЖООП

Ханафи мазхабында аял доктурдун же акушердин Рамазан айында төрөтүү менен орозосу даараты жана гусулу бузулган болбойт. Зарыл жагдай болмоюн эркек доктурга төрөт кылдыруу жаиз болбойт.

Бир жолу гусул алынат

Суроо: Хайз бүтсө да гусул албастан күйөөсү менен бирге болуп жаткан, кийин түшүндө ихтилам болгон аял, б.а., гусул алуудан мурда дагы эки жолу жунуп болгон аял эми канча жолу гусул алуусу керек?

ЖООП

Канча жолу жунуп болсо болсун бир жолу гусул алуу жетиштүү болот. Намаз убактысы чыга электе дароо гусул алуусу керек. Намаз окуй электе убакыт чыкса намазын казага калтыргандыгы үчүн айрыкча чоң күнөө болот.

Кирпич ээригенге чейин

Суроо: Ливата кылса же Чингене менен зина кылса кирпич ээригенге чейин жуунуш керекпи?

ЖООП

Жок, андай нерсе жок, куру ишеним. Ливата менен зина чоң күнөө болсо дагы бир жолу гусул алуу менен таза болот.

Ливата – эркектин эркек менен жыныстык катнашка кирүүсү.

Зина – эркек менен аялдын никесиз жыныстык катнашта болуусу.

Мусулман болгондо

Суроо: Бир мусулман эмес киши мусулман болгондо гусул кылуусу керекпи?

ЖООП

Жунуп болгондон кийин жуунган болсо, мусулман болгондон кийин гусул алуусу мустахаб. Жунуп капыр кир үчүн жуунган болсо жунуптугу дагы калбайт. Себеби, Ханафиде гусулда ниет парз эмес. Жуунуу менен гусул алган болот. Жунуп болгондон кийин жуунбаган болсо мусулман болгондо гусул алуусу парз. (И.Ахлагы)

Гусул керек эмес

Суроо: Сайтыңызда «Шахват менен ордунан козголгон мений заара жолунда калып, кийин бул жерден шахватсыз чыкса да гусул алуу керек» делген. Простат оорусунан улам ихтилам болсом да мений чыкпайт. Балким заарага аралашкан болушу мүмкүн, бирок, заарада дагы көрүнбөйт. Көрүнбөгөндүктөн гусул керек болбойбу?

ЖООП

Көрүнмөйүнчө гусул керек эмес, бирок, этияттан гусул алуу жакшы болот.

Суроо: Тиштерде пайда болгон тиш таштарынан улам булардын астына суу тийбөөдө. Бул себептен улам башка бир мазхабды таклид кылуу керекпи?

ЖООП

Тиш түптөрүндө пайда болгон таштар өзүнөн өзү пайда болгондугу үчүн жана буга кедерги болчу чара, дары табылбагандыктан буларды бар болуусунда зарылдык бар. Алынып салуусунда машакаттык болгондор, теридеги чыйкандын жаранын үстүндөгү карт кабык сыяктуу болуп, алардын астын жуу төрт мазхабда тең керек болбойт. Бул үчүн башка бир мазхабды таклид кылуу керек эмес.

Суроо: Уйкусунда ихтилам болгондугун эстеген, бирок, ойгонгондо ич кийиминде мений тагын көрбөгөн адам анда деле гусул алуусу керек эмеспи?

ЖООП

Ихтилам болгон адам ойгонгондо жатакта, кийим же бутунда ным көрсө, мунун мезий делген ак суюктук экендигин түшүнсө же ойгоо кезде мезий акса гусул керек болбойт. Ихтилам болгондугун эстебестен мений көрсө гусул керек болгондугу сөз биримдиги менен билдирилген. Мезий деп ойлосо этияттан гусул керек болот. Ихтилам болгондугун эстеген адам бир жерде мений көрбөсө гусул албайт.

Суроо: Оор бир нерсе көтөргөндө адамдан мений келсе бул себептен улам гусул алуу керекпи?

ЖООП

Таяк жеш, оор бир нерсе көтөрүү же бир жерден жыгылуу себептер менен адамдан мений чыкса Ханафи жана Малики мазхабында гусул керек болбойт. Шафии мазхабында болсо керек болот. Шафии мазхабын таклид кылган Ханафинин буга да көңүл бөлүүсү керек.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш